Кыргызстанда инфляция тездик менен өсүп жатат

84
0

Кыргызстанда инфляция тездик менен өсүп жатат

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 7,1%га жетти. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Апрель айында анын көрсөткүчү 6,9% болчу. 2024-жылдын май айында инфляция 5,2% түзүп турган. Кыргызстандагы инфляциянын ылдамдашына турак жай менен коммуналдык кызматтарга (10,8%) жана тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктарга (8,5%) баанын өсүшү түрткү берүүдө. О.э негизги азык-түлүктүн баалары да өсүп жатат. Маселен, жыл башынан бери эт менен картөшкөнүн баасы 6 пайыздан дээрлик 40 пайызга өстү.

Комментарий:

Инфляция – бул товар, тариф жана кызмат бааларынын өсүшүн түшүндүрөт. Муну менен акчанын куну кетип, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү азаят. Мындай кымбатчылык туруктуу кайталанса инфляция деп аталат.

Түпкүлүгүндө, Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө жүз берип жаткан инфляция учурдагы акча түзүмүнөн келип чыгууда. Борбордук банктар улуттук валютанын кунун сактап калуу үчүн базарга чыгарган пайыздуу акчалар болсо көйгөйдү дагы да күчөтүүдө. Себеби, учурдагы акча түзүмү алтын жана күмүшкө эмес, кагаз акчага негизделген.

Дүйнөлүк банкты 2007-2012-жылдары башкарган Роберт Зеллик айтат: «Бүгүнкү система инфляциянын, дефляциянын жана келечектеги акчага байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн алтынды эл аралык акча катары колдонууну жолго коюшу керек”.

Бүгүнкү күндө инфляция жана каржы көйгөйүн түп тамырынан чече турган нерсе – бул алтын акча түзүмү экени талашсыз. Бул түзүмдү колдонуу мусулмандар үчүн парз кылынган. Мужтахид аалымдар Алла Тааланын: “Алтын-күмүштү жыйып алып, аны Алла жолунда кайыр-садага кылбай турган адамдарга жан чыдагыс азаптын кабарын жеткизгин!” (Тообо-34) деген сөзү Исламдагы акча бирдиги алтын жана күмүш болушун шарт кыларын айтышкан. Бул системаны колдонуу экономикалык жактан да, шаръий жактан да милдеттүү. Алтын жана күмүшкө негизделген акча түзүмүндө инфляция сыяктуу көйгөйлөр болбогонун өтмүштөгү Ислам мамлекети көрсөткөн. 1796-1799-жылдары Истамбулда Швециянын элчилик кызматын аткарган Джонсон “Усманий мамлекетте инфляция барбы?” деген суроого ушундай жооп берген: “Бул жерде инфляция деген түшүнүк жок”. Усманий мамлекетте 1469-1914-жылдар арасында, тагыраагы, 445 жыл ичинде инфляция 1,3%ды гана түзгөн. Бизге белгилүү болгондой, бул доордо Усманий мамлекет тынымсыз фатхтарды жасаган чыгашасы үлкөн мамлекет эле. Адистер бул көрсөткүчтүн бирден-бир себеби алтын акча түзүмү экенин белгилешкен.

Инфляцияны пайда кылган дагы бир тармак – бул монополия. Башкача айтканда, базар баасына таасир бере турган өлчөмдө азык-түлүктү топтоп алуу менен кымбатчылыкты пайда кылып, товарды эселеп кымбат сатуу. Бул ишти бир тарабынан Ислам арам кылган. Пайгамбарыбыз с.а.в айтты: “Күнөөкөр инсан гана монополия кылат”. Исламда арам кылынган ар бир иштин бул дүйнөдө да, акыретте да жазасы бар.

Экинчи тараптан, Ислам өкүмдөрү, алтын акча түзүмү колдонулган мамлекетте баалар дээрлик өзгөрбөгөндүктөн, монополия кылып товар сактоого муктаждык калбайт. Анткени, калк товарды кыйналбастан, муктаж болбостон сатып алат жана мындай абалда аны топтоп алууга зарылдык болбойт.

Буга кошумча, Ислам өкүмдөрү колдонулушу менен мамлекет импорттук товарларга көз каранды болбойт жана бардык азык-түлүк түрлөрү Ислам аймагында өндүрүлүп, таркатылат. Бул дагы инфляциянын, тагыраагы, товардын кымбатташынын алдын алат. Ушундай болгон соң, инфляция сыяктуу финансылык көйгөйдөн кутулуунун жападан жалгыз жолу алтын акча түзүмүн колдонуу. Анткени, алтындын өз баалуулугу бар жана ал эч качан өзгөрбөйт.

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here