Камсыздандыруу компанияларынын кирешелери көбөйдү
2025-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2024-жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 2,4 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Анын маалыматына ылайык, өлкөдө 17 камсыздандыруу компаниясы иш жүргүзөт. 1-кварталга карата алардын кирешелери 2 миллиард 97 миллион сомго жеткен. Бул кирешелер кырсыктардан жана оорулардан камсыздандыруунун, кыймылсыз мүлктү жана унааларды камсыздандыруунун эсебинен көбөйгөн. Жыл башынан бери 9,9 миң камсыздандыруу окуясы белгиленген. Ушул убакыт ичинде камсыздандыруу боюнча 274 миллион сом төлөп берилген.
Статистика көрсөтүп тургандай жылдан-жылга камсыздандыруу учурлары да көбөйүп, камсыздандыруу компанияларынын кирешелери да эселеп артып жатат. Мындай абалдын жаралышына, тагырак айтканда адамдардын Исламда арам эсептелген камсыздандыруу ишине тартылышына бийликтин бул жааттагы саясаты түздөн-түз таасир кылып жатат. Себеби бийлик 2024-жылдан бери кыймылсыз мүлктү кайра каттоодо камсыздандыруу келишимин милдеттүү кылды. Андан тышкары ушул жылдын 1-июлунан тарта унааларды камсыздандыруу да милдеттүү болот, унааларын камсыздандырбаган жарандар айып пул төлөшөт. Ошондой эле кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырбаган жарандарга эч кандай компенсация төлөнбөйт деп келет чиновниктер. Ушундай мажбурлоо, коркутуу саясатынан улам адамдар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырууга аргасыз болууда. Ошол эле учурда, бул саясат камсыздандыруу көрүнүшүн эл арасында жайылтып, анын кадыресе көрүнүшкө айлануусуна өбөлгө түзүп жатат.
Камсыздандыруу бул капиталисттердин адамдардын чөнтөгүнө кол салууга шарт жараткан «бизнес план» болуп эсептелет. Жогорудагы статистикадан ачык-айкын көрүнүп тургандай, камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 2 миллиард сомдон ашса, ал эми камсыздандыруу чыгымына болгону 274 миллион сом берилген. Бул үлкөн киреше. Ушул кирешелер үчүн капиталисттер бийлик аркылуу камсыздандырууну милдеттүү кылган ар кандай мыйзамдарды чыгартып алып «абадан акча» жасап үлкөн кирешелерди көрүшөт. Мына ушундайча камсыздандыруу системасы бир тараптан капиталисттердин адамдардын мүлкүнө кол салып баюусуна жол ачып жатса, экинчи тараптан бийликтин кырсыктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү жоопкерчилигинен качуусуна алып келүүдө.
Исламда арам эсептелген камсыздандыруу системасы сүткордук сыяктуу капиталисттик системанын ажырагыс бөлүгү. Ал мите курт сыяктуу башкалардын эсебинен күн көрөт. Андыктан капиталисттик системадан баш тартып, Ислам системасына өтмөйүн бул сыяктуу элдин канын соргон илдеттер эч качан токтобойт.
Харун Абдулхак