Ооганстандын кен байлыктары мусулмандардын умумий мүлкү болуп саналат. Аларды башкаруу Ислам шариатына ылайык жүзөгө ашырылышы керек

129
0

Басма сөз баянаты

Ооганстандын кен байлыктары мусулмандардын умумий мүлкү болуп саналат. Аларды башкаруу Ислам шариатына ылайык жүзөгө ашырылышы керек, саясий же жеке кызыкчылыктарга жараша эмес!

Акыркы айларда азыркы режимдин өкүлдөрү менен Америка Кошмо Штаттары, Кытай, Россия жана аймактагы айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда ачык жана жашыруун жолугушуулар болуп өттү. Бул жолугушуулардын негизги темаларынын бири — Ооганстандын стратегиялык кендери жана сейрек кездешүүчү жаратылыш элементтери болду. Бул байлыктарга дүйнөлүк державалар өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, аларды көзөмөлгө алуу үчүн саясий же экономикалык жеңилдиктерди сунуштап жатышат.

Хизб ут-Тахрир партиясынын Ооганстандагы маалымат бөлүмү кендердин исламга ылайык эмес, экономикалык жактан начар башкарылышына байланыштуу ооган эли менен терең тынчсыздануусун бөлүшөт жана бул коомдук байлыктарды туура эмес башкаруунун дүйнөдө да, акыретте да оор кесепеттерге алып келерин эскертет.

Акыркы үч жарым жылдын ичинде азыркы ооган режими эч кандай стратегиялык пландаштыруусуз, терең жана ар тараптуу экономикалык анализсиз, исламга негизделген ачык жана мыйзамдуу механизмдерди иштеп чыкпастан, 200дөн ашык орто жана ири кендерге, ошондой эле жүздөгөн чакан кендерге жеке адамдар жана жергиликтүү-чет элдик компаниялар менен келишимдерге кол койду. Бул келишимдер ачык-айкындуулукка ээ болбогондон тышкары, көбүнчө белгилүү бир топтордун жана жогорку кызматтагы адамдардын жеке кызыкчылыктарын көздөп түзүлгөн. Кээ бир учурларда минералдык ресурстар боюнча келишимдер жогорку кызмат адамдарынын расмий эмес көрсөтмөсүнүн негизинде адамдарга ыйгарылып берилген. Биз азыр тилекке каршы, практикалык деңгээлде умумий мүлктү жапырт тоноп жатышканын көрүп турабыз. Сыягы, жогорку деңгээлдеги өкмөт өкүлдөрү менен чет элдик компаниялардын ортосунда ооган ресурстарын тартып алуу боюнча расмий эмес жана жашыруун жарыш жүрүп жаткандай.

Экинчи жагынан, ири кендерди менчиктештирүү ислам өкүмдөрүнө каршы келет. Анткени ири минералдык байлыктар Исламда умумий мүлк болуп эсептелет. Демек, аларды менчиктештирүү же мусулмандарга душман болгон кафирлерге же алардын компанияларына берүү шариаттын көз карашында гана эмес, саясий жана стратегиялык жактан да чоң жаңылыштык болуп эсептелет. Айрыкча бул байлыктарды — мисалы, Чыгыш Түркистанда уйгур мусулмандарын системалуу түрдө кырып жаткан Кытай сыяктуу — үммөткө душман экенин ачык айткан мамлекеттерге берүү зулум кылуучулар менен кызматташтык кылуунун айкын мисалы. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деп эскертет:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ﴾

«Зулумдук жолун туткан адамдарга берилип кетпегиле (ээрчибегиле). Антпесе силерге тозок оту жетет». (Худ сүрөсү, 113-аят).

Бүгүнкү күндө Ооганстанга кен казуу операцияларынын желеги астында кирип жаткан көптөгөн компаниялар тышынан караганда коммерциялык мүнөздө көрүнүшү мүмкүн. Бирок көп учурларда алар чын-чынында колонизатор державалардын чалгын жана саясий мекемелери менен байланышкан. Бул державалардын негизги максаты – Ооганстандын минералдык ресурстарына жумшак жол менен кирүү жана акырындык менен үстөмдүк орнотуу болуп саналат. Ошондуктан, Ислам мамлекетинин милдети – бул кен байлыктарды элдин атынан коргоо, сактоо жана башкаруу. Аларды жеке менчик катары карап, тартып алуу же жеке секторго берүү туура эмес. Бул ресурстарды менчиктештирүү аларды байлардан турган аз сандагы элитанын колуна топтоп коёт. Бул – элге зулум гана болбостон, Пайгамбарыбыз ﷺ айткан асыл сүннөттөрүнө да карама-каршы келет. Ал ﷺ  мындай деген:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ» رواه أحمد

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто» (Имам Ахмад риваяты).

Акырында, өлкөнүн минералдык ресурстары кыска мөөнөттүү пайда үчүн же жылдык жана өнүгүү бюджеттерин каржылоо максатында чийки зат түрүндө сатылбашы керек. Тескерисинче, алар Ислам мамлекети үчүн стратегиялык экономикалык өнүгүүнү жана өнөр жайлашууну камсыздаган узак мөөнөттүү көз карашка кызмат кылышы зарыл. Мындай көз карашты ишке ашыруу – Ислам шариатын чыныгы, амалий деңгээлде колдонуучу мамлекеттин гана колунан келет. Бул мамлекет – Пайгамбарлык жолундагы Халифалык болуп саналат. Бул түзүмдүн милдети – үммөттүн байлыктарын ээлеп алуу эмес, аларды коргоо, адилеттүү бөлүштүрүү жана аларды Ислам үммөтүнүн өнүгүүсү, даярдыгы жана коомдук бакубатчылыгы үчүн пайдалуу кылуу.

Хизб-ут-Тахрирдин Ооганстан вилаятындагы маалымат бөлүмү

12.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here