Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Суроо жооп
Дрон чабуулдары жана Судандагы согуштун өнүгүшү
Суроо: Соңку күндөрү согуш жаңы масштабга ээ болуп, алты күн катары өлкөнүн административдик борбору Порт-Суданга дрондор менен чабуул жасалды. Жарандык аэропорт, авиабаза жана күйүүчү май кампалары талкаланып, Судан боюнча күйүүчү май кризиси пайда болду. Чыгыштан Эритрея менен чектешкен Кассала шаарына жана башка шаарларга дрондор менен чабуул жасалды. Мунун баары Эль-Фашерди көздөй бараткан армия күчтөрү артка кайтып, чыгыш Суданды коргоого көңүл бурууга түрткү берди. ( Би-Би-Си 10. 05.2025). Бул Судандын чыгышына жасалган чабуул армияны Дарфурдан алыстатууну көздөп, аны толугу менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн көзөмөлүндө калтыруу дегенди билдиреби? Бул окуялар Жиддадагы сүйлөшүү конференциясына алдын ала шарт түзүү болушу мүмкүнбү? Же башка максаттар барбы? Рахмат.
Жооп:
Судандын чыгышындагы маанилүү буталарга учкучсуз учактардын чабуулдарынын артында турган себептерди ачуу үчүн биз төмөнкүлөрдү түшүндүрөбүз:
Биринчиси: Чыгыш Суданга, өзгөчө Порт-Суданга жасалган күчтүү чабуулдардан мурда болгон окуялар:
- Судан армиясы Ыкчам колдоо күчтөрүн маанилүү борбор Хартум, Бахри жана Омдурман шаарларынан чыгарып, чоң ийгиликтерге жетишти. Бул чоң жеңиш Дарфурдагы Ыкчам колдоо күчтөрүн кууп чыгууга даярдана баштаган, бул Судан армиясынын духун көтөрдү. Армиянын Ыкчам колдоо күчтөрүнө кууп чыгууга умтулуу чечкиндүүлүгүнүн мындай өсүшү армиянын ийгиликтеринен кийин кадыресе көрүнүш. Бул тенденция лидерлерди элдин кысымы жана тышкы оюнчуларды жакшы билбеген төмөнкү даражадагы офицерлердин кысымы астында жаңы реалдуулукка көнүүгө мажбурлайт: Судандын Эгемендүүлүк кеңешинин башчысы Абдель Фаттах аль-Бурхан бейшемби күнү армиянын өлкөнү “жалданма аскерлерден, агенттерден бошотууга жана Ыкчам колдоо күчтөрүн жок кылууга” чечкиндүү экенин ырастады. (Anadolu, 13-март, 2025-жыл). Бул билдирүү жаңы реалдуулукка дал келет, анткени бул вакый элге жана армиянын ичине чоң таасирин тийгизген. Армия бөлүктөрү Дарфурдун кээ бир аймактарында Ыкчам колдоо күчтөрү менен кагылыша баштады. Армия аскерлери Дарфурдагы беш борбордун ичинен жалгыз Эль-Фашер шаарын коргоодо эрдик менен салгылашып, Судан армиясы Дарфурга карай аттана баштады.
Акыркы талаа окуялары өлкөнүн түндүгүндөгү Дабба шаарынан баштап Эль-Фашер шаарынын курчоосун алып салуу үчүн армиянын жана биргелешкен ири күчтөрдүн кыймылынын илгерилегенин көрсөтүүдө, ошол эле учурда тараптар менен байланышы бар башка күчтөр Кордофан штаттарында ок чыгарган. Башка тараптан шаарды көздөй бара жаткан жолдо олуттуу жеңиштерге жетишти. ( Аль-Кудс Аль-Араби, 19.04.2025). Хартумдун жеңиштеринен кийин эл талап кылып жаткан жана армиянын ичинде күчтүү жаңырык тапкан бул агым Американын агымы эмес. Ошондуктан, Аль-Бурхан бул агымды чектөөгө аракет кылды.
Аль-Бурхан согуш конкреттүү этникалык топторду бутага алып жатат деген идеяны жайылткан жалган маалымат кампанияларын эскертти. Бул ушак-айың кептер “адамдарды кыймылга келтирип, адам өлтүрүүгө сүйрөө” максатын көздөп жатканын эске салып, “биздин согушубуз мамлекетке каршы курал көтөргөндөрдүн баарына каршы, кайсы бир урууга каршы эмес” деп баса белгиледи. Ал “Уруу башчысынын козголоңу бүт уруунун көтөрүлүшүн билдирбейт” деп түшүндүргөн (RT, 29.4.2025). Ал жердеги кээ бир уруулар армияны өздөрүнө каршы деп эсептегенин эске салып, бир аз убакыт сурап жаткандай, армиянын Дарфурга карай жылышын токтоткусу келгендей болду.
- Ыкчам колдоо күчтөрү борбордук аймактагы катуу жеңилүүсүнөн кийин жана Хартум, Бахри жана Омдурмандагы негизги орундарынан ажырап, көптөгөн согушкерлер менен талаа командирлеринен ажырагандан кийин, алар жеңилүү жана алсыздык кийимин кийишти. Андан соң көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн Дарфурдагы чебине карай багыт алып, Эль-Фашер шаарын курчоого алды. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн бул топтолушу Американын Судан боюнча көрсөтмөлөрүнө ылайык болду. Шарттарды эске алганда, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн кээ бир жолдоочулары тарап кетээри жана күчтүү каршылашына каршы жеңилүүгө учураган салгылашууларда күрөшүп жатканын эске алсак, ага берилген уруулардан аскер алуусу кыйынга турушу табигый көрүнүш. Анын каршылашы Судан армиясынын, башкача айтканда, Ыкчам колдоо күчтөрүнүн духу төмөн түшүп кетти, ошондуктан Эль-Фашердин ичиндеги армия күчтөрү анын кайра-кайра чабуулдарын кайтара алды. Бул анын Эль-Фашерге чабуулу жетиштүү ылдам эмес экенин билдирет. Хамидтинин аскерлеринин моралдык маанайын калыбына келтирүү, алардын күч-кубатын жана Судан армиясынын чыгыш Судан сыяктуу алыскы жана коопсуз райондоруна сокку урууга, коркутууга алардын жөндөмдүүлүгүн көксөтүү үчүн зор күч-аракеттерди жумшоо керек эле.
- Акимдери британдарга малай болуп турганына карабастан, БАЭ Америкага малай Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командири Мухамед Хамдан Даглого (Хамидти) жана анын жолдоочуларына таасир калтыруу үмүтү менен колдоо көрсөтүүсүн токтоткон жок. Бул Американын малайы Хафтарды колдоо аркылуу Ливияда кылып жаткан ишке окшош. Судан Бириккен Араб Эмираттарына нааразылыгын бир нече жолу билдирип, аны Ыкчам колдоо күчтөрүнө олуттуу аскердик жардам көрсөтүп жатат деп айыптаган. Бул айыптоолордон улам БАЭ Судандагы элчилигин жаап, 2023-жылдын апрель айында Хартумда согуш башталгандан кийин башка өлкөлөр сыяктуу аны Порт-Суданга көчүргөн жок. Бирок, Судан БАЭдеги элчилигин жана консулдугун сактап кала берди. Бул кыжырдануу жана анын күчөшүнө байланыштуу Судан Бириккен Араб Эмираттарын Судандагы Ыкчам колдоо күчтөрү жүргүзгөн геноцидге катышкан деп айыптап, Эл аралык Адилет Сотуна доо койду. Бирок сот Судандын бул өтүнүчүн четке какты. Дүйшөмбү күнү сот БАЭге каршы берилген доо арызды карай албасын жарыялады. Судандын шашылыш чараларды көрүү талабын четке кагып, маселени күн тартибинен алып салууга буйрук берди.( Reuters, 6. 05.2025). Андан кийин Судан БАЭге каршы дагы бир катаал чара көрдү. Бириккен Араб Эмираттары менен дипломатиялык мамилесин үзүп, Судан элчилигин жана консулдугун чакыртып алды. Андан кийин БАЭге байланыштуу окуялар биринин артынан бири уланды. “Судан армиясы жекшемби күнү Эмираттын жүк ташуучу учагын жана Ыкчам колдоо күчтөрү үчүн аскердик жүктөрдү жок кылганын жарыялады. Ал учакта аскердик жүктөрдү, ошондой эле жанкечти жана стратегиялык учкучсуз учактарды ташыганын билдирди”. Sudan Tribune, 4.05.2025).
Экинчиси: Бул окуялардын себептери жана алардын натыйжалары:
- 2023-жылдан бери Хартумда кагылышуулардын күчөшү менен Эгемендүүлүк кеңеши Порт-Судандыэң коопсуз аймак деп эсептеп, борборду убактылуу ал жакка көчүрүүгө мажбур болду. Эгемендүүлүк кеңешинин мүчөлөрү менен чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана эл аралык жардам уюмдары да көчүштү. Көптөгөн тургундар коопсуздугу үчүн борбордук аймакты таштап, качкынга айланган. Бул аймак Судан согушу учурунда дем ала турган өпкөнү билдирет. Анда Суданды чет өлкөдөн келген товарлар менен камсыз кылуучу порт бар. Ал жалгыз иштеп жаткан эл аралык аэропортту камтыйт, анткени Хартум аэропорту армиянын көзөмөлүнө карабастан, ушул күнгө чейин жабык бойдон калууда. Ал Судандын өпкөсү жана анын убактылуу өкмөтүнүн отургучу болгондуктан, ага бир нече күн бою тынымсыз учкучсуз учактардын кол салуулары Судан калкын жана армиясын нес кылды. Бул чабуулдар Ыкчам колдоо күчтөрүнүн айрымдар ойлогондой талкаланган күч эмес экенин көрсөтүүдө. Тескерисинче, буга чейин көргөзбөгөн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин жана армиянын Дарфур чөлдөрүндө чачырап кетпеши керек экенин, тескерисинче, бул маанилүү объектилерди бекемдеп, коргоосу керектигин көрсөттү. Мисалы, порт, аэропорт жана күйүүчү май кампаларын. Мындан тышкары, күйүүчү май кампаларында чыккан катуу өрт армиянын Дарфурдагы согушка керектүү логистикалык кызматтарына зыян келтиргенин көрсөтүп турат. Андыктан ал Дарфурга шашыла электе убакытты бөлүп, аны оңдоп алышы керек.
- Порт-Судан объектилерине, Кассала аэропортуна жана Фламинго портуна жасалган соккулар 10.05. 2025 күнү Би-Би-Си баш болгон бир нече булактардан алынган анализдерге ылайык, оор кытайлык учкучсуз учактар тарабынан жасалган. Алардын бири 40 кг, дагы бири 200 кг жарылуучу заттарды жана башкарылуучу ракеталарды көтөрө алат. Ыкчам колдоо күчтөрү буга чейин мынчалык оор курал колдонгон эмес. Ушундай эле жүрүштөр Ыкчам колдоо күчтөрү көзөмөлдөгөн Ньяла аэропортунда да байкалды. Бул армия Эмираттын жүк ташуучу учагын жок кылганын айткан аэропорт.
- Бириккен Араб Эмираттары бир нече жыл мурун кытайлык учкучсуз учактарды алган аймактагы биринчи өлкөлөрдөн болот. 2019-жылдын 2-майында Defence News веб-сайты БАЭ бул дрондорду Ливиянын Триполиге сокку урууда Халифа Хафтарга колдоо көрсөтүү үчүн колдонуп жатканын кабарлады. Times Aerospace веб-сайты БАЭ кытайлык учкучсуз учактарды 2014-жылы Ирак менен Ооганстандагы жихадчылардын объектилерине сокку уруу үчүн колдонгонун билдирди. Бул БАЭ көп жылдар бою кытайлык оор учкучсуз учактардын ар кандай түрлөрү менен куралданганын билдирет. Судандын чыгышындагы бул чабуулдардын артында алар турушу ыктымал. Же түздөн-түз деңизден аралашууда же аларды Ыкчам колдоо күчтөрүнө жеткирүү менен. БАЭ – Бурхан өкмөтү аны Эл аралык сотто каралоосуна, аны менен байланышын үзүп, жүк ташуучу учагын жок кылганына нааразы.
- Соккулардын чордону аэропорттор, порт жана Фламинго деңиз базасына болду. Көбүнчө өрт чыгып, аны өчүрүүгө бир нече күн талап кылынды. Бул мунай кампалары бутага алынганын көрсөтүп турат. Судандын Энергетика жана мунай министри Мухйиддин Мухамед Наим, чабуул кампаниясынын биринчи күнүндө учкучсуз учактардын чабуулунун натыйжасында беш негизги мунай кампасынын өрттөлгөнүн ачыктады (Судан үнү, 6-май, 2025-жыл). Энергетика объектилерин бутага алуунун улануусунан улам, ошол эле министр Атбаранын чыгышындагы мунай насостук станциясын пилотсуз бомбалоодон улам Түштүк Судандын мунай өткөрүүчү куурун жабуу боюнча көрсөтмөлөрдү берди (Al Jazeera Net, 11. 05.2025).
- Бутага алуу күйүүчү майга багытталган б.а. Судан армиясын андан ажыратуу, анын Дарфурда, өзгөчө Эль-Фашер шаарында чоң операцияларды баштоосуна тоскоол болот. Бул анын штаб-квартирасын, ошондой эле Судандын бардык муктаждыктары үчүн отун жана электр энергиясын камсыздай албаган өкмөттү алсыз абалда көрсөтүүгө кошумча болду. Судандын электр компаниясы “Судандын электр станциясы учкучсуз учактар тарабынан бутага алынгандыктан жабыркап, электр энергиясы өчүрүлгөнүн” жарыялады. (Анадолу агенттиги, 8-май, 2025-жыл).
- Булардын бардыгынан көрүнүп тургандай, Судандын чыгышындагы, өзгөчө Порт-Судандын стратегиялык объектилерине жасалган чоң кол салуулар Дарфурдагы согушка байланыштуу. Бул армияны Эль-Фашерге кол салуудан алыстап, Порт Суданды коргоо үчүн чыгышка багыт алуусуна мажбурлоо. Би-Би-Си 2025-жылы 10-майда Эль-Фашерди көздөй бараткан армия күчтөрү чыгыш Суданга жасалган чабуулдан улам артка бурулуп, чыгыш Суданды коргоого көңүл бурууга аргасыз болгонун кабарлады.
Үчүнчүсү: Бул окуялардан чыккан жыйынтык.
- Бул оор соккулардан кийин Судан армиясы Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүнөн коркуп башташы ыктымал. Ал Эль-Фашерде жана бүт Дарфурда пландаган согушта өзүнүн техникасын иштетүү үчүн керектүү күйүүчү майга жетүү мүмкүнчүлүгүн жоготот. Бул дагы боло турган чабуул толкундарынан коркуп, чыгыш Суданды бекемдөө зарылчылыгынан тышкары. Ошондо армиянын Дарфурга жасаган басымы жана чыгыш фронту менен алек болушу азаят.
- Ыкчам колдоо күчтөрүнө келсек, алардын күчтөрү Эль Фашерде жыйынтыктарга жетүү үчүн күч алат жана жакшыраак моралдык абалда болот. Мунун бардыгы БАЭ тарабынан колдоого алынып, кытайлык оор учкучсуз учактар менен камсыздалууда.
- Эль-Фашер шаарына кол салуулардын күчөшү жана Эль-Фашер шаарын колдоо үчүн бараткан армия секторлорунун артка чегиниши күтүлөт. Ал эми Эгемендүүлүк кеңеши Судандын чыгышындагы бул кыйроону оңдоого убакыт бөлүшү керек. Ыкчам колдоо күчтөрү Эль-Фашерди көзөмөлдөй электе же Дарфурда маанилүү болгон кандайдыр бир пикирге ээ боло электе Жиддадагы сүйлөшүүлөрдүн кайра башталышы күмөн. Андан кийин Америка Судандын кагылышып жаткан эки күчүнүн (Армия жана ыкчам колдоо күчтөрү) ортосунда күч жана көзөмөл балансын түзөт. Жидда сүйлөшүүлөрү кайра башталганга чейин, Ыкчам колдоо күчтөрү жеңилүү ызасын төгүп, өз күчтөрүнө жана көзөмөлүнүн туруктуулугуна ишенип Дарфурда иш жүзүндө өкмөттү түзө алуусуна шарт жаратат. Башкача айтканда, Дарфур бөлүнүүсүнүн жетилүүсү жана каршылыксыз кабыл алынышы керек болгон чындыкка айлануусу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.
Төртүнчүсү: Каапыр колонизатор Америка Суданда тутанган согушту башкарып, муну ишке ашыруу үчүн жашыруун эмес ачык эле малайларын колдонуп жатканы өкүнүчтүү. Бурхан менен Хамидти Американын кызыкчылыктарына кызмат кылуудан башка эч бир себепсиз Судан элинин канын төгүп жатышат. Анткени Америка Судандын түштүгүн Судандан бөлгөндөй, Судандын бөлүнүшүн кайталагысы келет. Азыр ал Дарфурду Судандын калган бөлүгүнөн бөлүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Ошондуктан армия көңүлүн Судандын калган бөлүгүнө буруп, ал эми Ыкчам колдоо күчтөрү болсо Дарфурга көңүл буруп жатат. Армиядагы ыкластуулар Дарфурду кайтарып алууда жигердүү болсо, Ыкчам колдоо күчтөрү армияны алаксытуу согушту Судандын башка аймактарына жылдыруу үчүн, Армиянын күчтөрүн Ыкчам колдоо күчтөрү учкучсуз учактар менен чабуулдарын күчөтүп жаткан Дарфурдан чыгыш Суданга чегиндирип жатат. Бул Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфурду толук көзөмөлгө алуусу үчүн жасалууда!
Жыйынтыктап айтканда, 19.12.2023-жылдагы мурунку жообубузда кайрылган чакырык менен силерге кайрылабыз:
Эй, улуу Ислам Суданындагы элибиз… Судан, Судандагы алгачкы мусулмандар курган биринчи мечит Донгола мечити… Судан: Халифа Усман радыяллаху анху, Египеттин валийи Исламдын нурун Суданга алып келүүнү буйруган мезгилдеги Улуу Ислам фатхы… Абдуллах бин Абу Сархтын жетекчилигинде Ислам аскерлерин жиберип, фатх хижрий 31-жылы болгон… Ошентип, Ислам Аллах Тааланын фазилети менен, түндүктөн түштүккө, чыгыштан батышка чейин бүткүл Суданды толтурганга чейин тездик менен жайылды. Андан кийин Мусулман халифалар доорунда да уланган…
Оо, Судан эли! Бул жерде 1896-жылдан 1916-жылы 1-дүйнөлүк согуштун ортосуна чейин Британдарга каршы турган Дарфур валийи, такыба жана күчтүү баатыр мужаахид “Али бин Динар” шейит болгон. Мадина жана Шам элинин “Зул-Хулайфа” микаттарын оңдоодо жана зыяратчыларды суу менен камсыз кылуу үчүн кудуктарды курууда эмгеги сиңген бул аалым жана мужахиддин бүгүнкү күнгө чейин “Абяр Али” деген ысымын алып жүрөт…
Урматтуу Судан эли, биз сиздерди өкүнүп кала электен мурда абалды оңдоого чакырабыз. Согушуп жаткан эки тарапка каршы чара көрүп, аларды туура акыйкатка кайтаргыла. Туура Хиддаяттагы Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб-ут-Тахрирге колдоо көрсөткүлө, анткени анда Ислам жана мусулмандардын даңкы, куфр жана кафирлердин кордугу бар жана Аллахтын ыраазылыгы көбүрөөк.
إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾.
“Акыйкатта, мында күбө болуп туя турган жүрөгү бар, эшите турган кулагы бар адам үчүн эскертүү бар”.
1446-х, 23-зулкаада.
2025-ж, 21-май.