​​Артыкчылык шарттары

64
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

​​Артыкчылык шарттары

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

روى البخاري في صحيحه قال: حَدَّثَنَا مُسَدَّدٌ حَدَّثَنَا يَحْيَى بْنُ سَعِيدٍ عَنْ شُعْبَةَ عَنْ أَبِي التَّيَّاحِ عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “اسْمَعُوا وَأَطِيعُوا وَإِنْ اسْتُعْمِلَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ حَبَشِيٌّ كَأَنَّ رَأْسَهُ زَبِيبَةٌ

Аль-Бухари өзүнүн “Сахихинде” Мусаддаддын бизге айтканын риваят кылды. Яхья ибн Саид  Шуьбадан, Абу ат-Тайяхиден, Анас ибн Малик (радыяллаху анхудан), ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силердин үстүңөргө башы мейиздей болгон Хабаш кулу дайындалса да, уккула жана баш ийгиле”.

وروى مسلم عن أبي ذر قال: «أوصاني خليلي صلى الله عليه وسلم أن أسمع وأطيع وإن كان عبداً مُجدَّع الأطراف»

Муслим Абу Заррдан риваят кылган хадисте: “Менин досум (ага Аллахтын салам-салаваты болсун), колу-буту кесилген (майып) кул болсо да, мени угуп, моюн сунууну насаат кылды”.

وفي رواية: «إن أُمّر عليكم عبد مُجدَّع أسود يقودكم بكتاب الله فاسمعوا له وأطيعوا

Башка бир риваятта: “Эгер силерге Аллахтын Китеби боюнча жетектөөчү кара, майып кул дайындалса, анда аны уккула жана ага моюн сунгула”.

Урматуу бир туугандар:

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул асыл хадистеринде башчы динди тикелесе (аны иш жүзүндө колдонсо), аны угуп, ага баш ийүүнү буйруган. Ал буйругандай ага баш ийүүнү баса белгилеген, ал тургай, башчы Хабаш кул болсо да. Бул кара кулдун мусулмандардын иштерин башкаруусуна уруксат берген ачык-айкын нусустар. Хадистеги кул ээлик кылынган кул дегенди билдирбейт. Анткени кулдун бийликте болушу акылга сыйбайт. Ал элдин иштерине ээлик кылмак турсун, өзүнүн иштерине да ээлик кылбагандыктан, бул мүмкүн эмес. Бул хадистерде эки маанилүү нерсе бар:

Биринчи: Момундардын амири халифадан баштап, андан ылдыйкыларга, анын ичинде валийлерге жана аамилдерге баш ийүү жана угуу ар бир жетекчиге жана башка мамлекеттик иштерге жооптуу болгондорго парз экендиги…  Ал тургай, сапар амири, Хизб (партиялар) амири, Жихад амири же ушул сыяктуу өзгөчө категорияларга жооптуу болгондорго да….

Экинчиси: Иштин валийи б.а. халифа исламий үммөттүн ар кандай тобунан болушу мүмкүн жана белгилүү бир тайпа же белгилүү бир тукум же ата-тек менен чектелбейт. Ким халифанын инъикод шарттарына жооп берсе, халифалыкка талапкер болуу укугу бар, эгер ал аны туура шарттары менен алса, ал  халифа боло алат.

Ал эми халифтин Курайштан болушу же мужтахид болушу, курал колдонууда чебер болушу же башка шарттарга келсек, булар халифа болуудагы иньикод шарттарына кирбейт. Шарт жарактуулуктун (иньикод) шарты болушу үчүн анын абалынын далили, анын ичинде кескин талапты камтышы керек. Ошондуктан ал зарылчылыктын б.а. важиб далили болуп саналат. Эгерде далилдер кескин талапты камтыбаса, шарт инъикод шарты эмес артыкчылык шарты болуп саналат. Муну кескин талап кылган  жети шарттан башка эч кандай далил жок: иньикод шарты: (1) эркек  (2) мусулман (3) бойго жеткен (4) акыл-эси жайында (5) азат (6) адилеттүү (7) халифалык милдеттерди аткара ала турган болушу керек.

Демек, мына ушул шарттар гана иньикод  шарттары болуп саналат. Ал эми жүйөлүү далили бар нерседен башка нерсеге келсек, бул бир гана артыкчылык шарты болуп саналат, ал инъикод (жарактуулуктун) шарты эмес…. Халифа эгер инъикод шарттарына жооп берсе курайш, араб, пуштун, күрт, түрк, амазиг же ар кандай рассадан же түстөн болушу мүмкүн. Үммөт  аны өз иштерин башкарууга тандап алды жана шарьий  түрдө ага байъат берди. Бул асыл хадисте Пайгамбар с.а.в. ким болбосун,  халифага байъат  шарьий жол аркылуу берилген болсо, ага баш ийүүнү буйруйт. Аны расага, урууга, түскө чектеген эмес….

Эй мусулмандар, такыбалык менен гана артыкчылык берген, курайштык менен хазаьийди, араб менен араб эмести, кара менен кызылды ажыратпаган Раббиңердин өкүмүнөн эмнеге алыссыңар? Кайсынысы жакшы: Раббиңердин өкүмүбү же адам тарабынан жаратылган демократиябы. Эгерде шайлоолордо өлкөнүн кул элитасынын каалоосуна макул болбогон башкаруучу чыкса, өз элине каршы чыккан демократиябы? Же ал бул башкаруучу демократиялык шайлоолордо  катышкан элдин басымдуу көпчүлүгүнүн добушуна ээ болсо да, Батыш империалисттик державалары ага ыраазы болбогондугу себептүү өз элине  каршы чыккан демократиябы?

Силер жакшыраак нерседен төмөн  нерсеге ыраазысыңарбы?

صدق الله العظيم: {أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ} (50 سورة المائدة)

Аллах Таала акыйкатты айтты: {Алар  жахилият өкүмүн издеп (каалап) жатышабы? Ыймандуу коом үчүн Аллахтан жакшыраак өкүм кылуучу ким бар?} (Маида сүрөсү, 50-аят).

Демек,  эй акыл ээлери ойлонгула.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 24-зул каада.

2025-ж, 22-май.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here