Араб Лигасынын 34-саммити: Алсыз позициялар жана колонизаторлордун долбоорлорун кармануу

123
3

Басма сөз баянаты

Араб Лигасынын 34-саммити: Алсыз позициялар жана колонизаторлордун долбоорлорун кармануу

Ишемби күнү Багдадда өткөн, араб мамлекет башчыларынын, эмирлердин, БУУнун, Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана Испаниянын премьер-министринин катышуусунда өткөн Араб Лигасынын 34-саммитинин жыйынтыктоочу билдирүүсү жарыяланды. Анда Палестина элинин жеринен күч менен чыгарылышына жана көчүрүлүшүнө каршы экени баса белгиленип, Газа тилкесинде дароо ок атышууну токтотуу, «эки мамлекет чечими» ишке ашканга чейин БУУга караштуу эл аралык тынчтык күчтөрүн Палестина жерине жайгаштыруу чакырыгы айтылды. Ошондой эле Палестина маселесине «адилет жана толук саясий чечим» табуу чакырыгы жаңырды.

Саммит Сириянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын, анын ички ишине ар кандай кийлигишүүнү четке какканын, яхудийлердин Сирия аймагына тынымсыз жасаган чабуулдарын айыптаарын билдирди. Ливанга колдоо көрсөтүлөрү, ал эми яхудий мамлекетинен эл аралык деңгээлде таанылган чек араларга толук, тез жана шартсыз кайтуу талап кылынды. Судан, Йемен жана Ливиядагы кризистерди диалог жана «саясий келишимдер аркылуу» чечүү сунушталды. Мына ушундайча бул саммит катышуучулардын саны боюнча да, билдирүүлөрүнүн мазмуну боюнча да алсыз болуп чыкты. Ал гана эмес, адилетсиздиктерди айыптоонун ордуна, мурдагыдай эле башкалардын диктовкасы менен түзүлгөн долбоорлорду кармануу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Газа менен Батыш жээгинде Яхудий мамлекетинин жасап жаткан кыргын-согушу жана Ливан менен Сирияга карата тынымсыз чабуулдары тууралуу болсо, саммиттин билдирүүлөрү тек гана айыптоо жана эл аралык коомчулукту кийлигишүүгө чакыруу менен чектелди. Яхудийлер менен Американын мындай билдирүүлөрдү тоготпогонун билип туруп, болгону зайтун бутактары менен танк, учак жана ракеталарга каршы чыккандай мамиле кылышты! Бул менен алар яхудийлерге «кылмышты, бомбалоону жана бузукулук кылууну уланта бергиле, бизден болчу реакция – айыптоо жана нааразычылык гана болот» деген белги беришти!

Саммит өзүн дагы бир ирет кайталанган, эч кандай жаңылыгы жок, мусулмандарды жана алардын маселелерин коргоо жаатында эч кандай конкреттүү кадам жасалбаган жөрөлгө катары көрсөттү. Бул саммиттен андай үмүт кылгандар да болгон эмес, анткени бул өкүмдарлар үммөттүн алдында кадырын жоготуп, алардын колунан жакшылык келбеси анык болуп калган. Алар мусулмандарды жана алардын аскерлерин яхудийлердин жана Батыштын зулумуна каршы туруп, кайгы-муңга чекит коюудан тосуп турган адамдар.

Ал эми колонизаторлордун эски долбоорлорун кайра жаңыртуу маселесинде, бул өкүмдарлар дагы бир ирет Мубарак жерден баш тартууну, баскынчы яхудийлер менен тынчтык келишимин колдоону жана «эл аралык тынчтыкты сактоо күчтөрү» деген шылтоо менен экинчи ирет басып кирүүнү сунуш кылууну унутушкан жок.

Эми акыл-эси бар ар бир адамга бул өкүмдарлар колонизаторлордун биздин өлкөлөрдөгү негизги таянычы болуп калгандыгы ачык-айкын болуп калды. Эгер булар болбогондо, үммөт душмандарын сүрүп чыгарып, өз жерин бошотуп, Аллахтын шариятынын негизинде урмат-сый менен жашамак. Ошондуктан биз үммөттү дагы бир жолу өзүнүн кор болуусунун, бөлүнүшүнүн жана алсыздыгынын себебин жок кылууга жана Нубувват жолундагы Раашид Халифалыкты кайра тикелөөгө умтулууга чакырабыз. Анткени ошол Халифалыкта биздин улуулугубуз жана жеңишибиз жатат.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

19.05.2025

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here