Акыйкатта Америка бизге акча төлөшү керек эле, тескерисинче эмес!

131
0

Басма сөз баянаты

Акыйкатта Америка бизге акча төлөшү керек эле, тескерисинче эмес!

АКШ президенти Дональд Трамп жума күнү өзүнүн Перс булуңундагы аймактарга жасаган сапарын жыйынтыктады. Бул сапар маалында ал өз өлкөсүнө багытталган 3 триллион доллардан ашуун инвестициялык келишимдерге кол койгонун жарыя кылды. Аны барган өлкөлөрдүн баарында мамлекет башчылары жогорку деңгээлдеги расмий салтанаттар менен тосуп алышты, ал эми сапарын “Ибрахим үй-бүлөсүнүн үйүн” зыярат кылуу менен жыйынтыктады. Бул Ибрахим келишимдеринин символу жана бул келишимдердин артында дал Трамп өзү тураарын айгинелейт.

Бул сапар дагы бир жолу мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучулары батыштык каапыр колонизаторлорго кандайча чектөөсүз багынып беришкенин жана үммөттүн кызыкчылыктарын толугу менен четке какканын көрсөттү. Алар АКШ президентинин келүүсүн баатырды тосуп алгандай, кызыл килемдерди төшөп, согуштук учактарды асманга учуруп тосушту. Анан өлкөнүн ханзаадалары менен алдыңкы адамдарынын баарын жыйнап, аны менен кол алышты. Бул көрүнүш ар намыстуу адамдын жүзүн кызартып, жүрөгүн оорутчу окуя болду. Андан кийин, «инвестиция» жана «келишим» деген шылтоо менен үммөттүн байлыктарынан триллиондогон долларларды Американын алдына алтын табакка салып беришти!

Бул — үммөт үчүн кара күндөр болду. Алар башкаруучулары элдин байлыгын кантип ысырап кылып, Америкага берип жатышканын өз көздөрү менен көрүштү. Ал эми бул Америка Ирак менен Ооганстанды кыйраткан, яхудий аскерлерин Газа, Ливан, Йемен жана Сирияны бомбалоо үчүн куралдар менен камсыздаган мамлекет! Мындан тышкары, Трамп алардын баарын чогултуп, саммит өткөрдү жана анда яхудий мамлекети менен алака түзүүгө чакыруусун кайталады. Муну менен бирге, Газада яхудий армиясы күн сайын ондогон мусулмандарды өлтүрүп жатса да, Газаны жеке инвестициялык долбооруна айландыруу кыялы менен бөлүштү. Андан да коркунучтуусу, Газага калксыз, жетим калган жердей мамиле жасады!

Акыйкатта, Америка мусулмандарга, алардын динине, өлкөлөргө жана умумий мүлккө каршы жасаган согуштары, баш аламандыктары жана кутумдары үчүн бизге акча төлөөсү керек эле. Бирок үммөттүн башында Халифасы жок болсо бул кантип ишке ашсын?! Мусулмандарда Халифа бар кезде үммөт өз душмандарына жана анын кызыкчылыктарына кол салгандарга тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган сабактарды берип келген. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин мусулмандар өзүнүн Халифасынын каапыр өкүмдарларга айткан ошол улуу сөзүн эскерип келишет:

«Жооп – угуп жаткан нерсе менен эмес, көрө турган көзүң менен болот!»

Бул учурдан пайдаланып, биз Ислам үммөтүнө дагы бир ирет эскерте кетебиз: Пайгамбарыбыз ﷺ  артында калтырган улуу жоопкерчилик т.а. жер жүзүн Ислам менен толтуруу дагы деле анын мойнунда. Халифалык кайра кайтып келгенге чейин, катарын бекемдеп, жаштарын көтөрүп чыкканга чейин, үммөт эч качан тынч жатпашы керек, тынчсыздануусу токтобошу керек. Ошондо гана анын абалы сахаба Рабиъ ибн Амирдин Персия аскер башчысы Рустамга айткан улуу сөзүндөгүдөй болот. Ал найзасына таянып туруп мындай деген: «Аллах бизди адамдарды адамдарга кул болуудан Аллахка кул болууга алып чыгыш үчүн жана диндердин зулумунан Исламдын адилеттигине, бул дүйнөнүн тардыгынан эки дүйнөнүн кеңдигине алып чыгуу үчүн жиберди…».

Биз үммөткө болгон ишенимибизди жана үмүтүбүздү сактап келебиз. Трамп жана анын жалданма башкаруучулары үммөттү салык төлөөгө, кылмышкер яхудий мамлекети алдында багынууга, же болбосо Исламга касташкан секуляризмди орнотууга мажбур кылгысы келгени менен, үммөт буларга макул болбойт!

Тескерисинче, Ислам үммөтү, эгерде анын бир бурчунда ак ниеттүү жана жемиштүү аракет башталса, ал дароо аны колдойт, жардам берет, жана аны ийгиликке жеткирүү үчүн жандарын да, малдарын да аябайт экенин далилдеп койду.

Аллахтын каалоосу менен, эгер үммөт Халифалыктын кайра кайтып келгенин көрүп калса, анда аны бардык күчү, чечкиндүүлүгү жана мүмкүнчүлүгү менен бекем кармайт жана колдойт. Аллах Таала мындай деген:

﴿لَا يَغُرَّنَّكَ تَقَلُّبُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ فِى ٱلۡبِلَـٰدِ﴾

«(Эй Мухаммад) Сени каапырлардын шаарларды кыдырып жүрүүлөрү алдап койбосун». (Али Имран сүрөсү, 196-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү

18.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here