Түрк мамлекеттер уюму жана анын Европадагы ролу
2025-жылдын май айында Будапешт шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын расмий эмес саммити түрк дүйнөсүнүн таасирин кеңейтүүгө багытталган кезектеги кадам болуп калды. Бул кадам түрк дүйнөсүнүн таасири Борбор Азия менен гана чектелбестен, Европага да тарай баштаганын көрсөтүп турат. Ошондой эле бул окуя Борбор Азия мамлекеттеринин көп тараптуу кызматташтыкка умтулуп жатканын айгинелеп турат. Муну менен бирге, бул саммит региондогу геосаясий кырдаалдын өзгөрүп жатканын да чагылдырат, анда Россия менен ага атаандаш бирикмелер ортосундагы тирешүү күчөп баратканын байкоого болот.
Бул ирет саммиттин Европа Биримдигине мүчө өлкө — Венгрияда өтүшү Түркиянын ТМУ аркылуу Европадагы таасирин күчөтүүгө жана Венгрия сыяктуу өлкөлөр менен алакаларды бекемдөөгө болгон ниетин көрсөттү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да Венгриянын саммитти өткөрүү демилгесин колдоду, бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн бул процесске кызыкдар экенин далилдеди.
Саммиттин жүрүшүндө санариптештирүү, экология, транспорт жана коопсуздук маселелери талкууланды. Айрыкча Кытай, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркияны байланыштырып турган Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле санариптик технологиялар жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.
Будапешттеги саммит Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз тышкы экономикалык байланыштарын диверсификациялоого жана салттуу өнөктөштөр — Россия сыяктуу өлкөлөргө болгон көз карандылыкты азайтууга болгон умтулууларынын көрсөткүчү болду. Геосаясий атаандаштык күчөгөн шартта Россия, Европа Биримдиги жана Кытайдын ортосунда калган бул өлкөлөр өздөрүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатышат.
Россия салттуу түрдө Борбор Азияны өзүнүн “таасир чөйрөсү” катары карап, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана Евразия экономикалык союзу (ЕАЭБ) сыяктуу уюмдар аркылуу мурдагы советтик республикалар менен болгон байланыштарын бекемдөөгө аракет кылып келет. Бирок булардын фонунда Борбор Азия мамлекеттери өз алдынча болууга жана адатта айтылып келген “көп кырдуу” тышкы саясатка умтулушууда.
Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) Европа Биримдиги (ЕБ) менен болгон өз ара мамиледе бир нече негизги максатты көздөйт — булар прагматикалык жана стратегиялык максаттар: алгач атак даңкка жетүү жана эл аралык саясатта кадыр баркты бекемдөө. Ошентип, ТМУ өзүн регионалдык таасирдүү оюнчу катары көрсөтүүнү максат кылууда.
Европа биримдигинин мүчөсү болгон Венгрияда саммитти өткөрүү идеясы — бул символикалык кадам. Бул ТМУнун салттуу постсоветтик чөйрөдөн чыгып, өзүн эл аралык аренада көз карандысыз саясий күч катары көрсөтүү ниетин тастыктайт.
Албетте, экономикалык кызматташтык да унутта калбайт. ЕБ менен соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды тереңдетүү максатында Транскаспий эл аралык транспорттук коридорун (Trans-Caspian International Transport Route) колдонуу маанилүү. Бул маршрут Кытай менен Европаны ТМУга мүчө өлкөлөрү жана Түркия аркылуу байланыштырган транспорттук каттам болуп саналат жана ал Россияны айланып өтөт. ЕБ Москва менен болгон геосаясий чыңалуу шартында дал ушундай каттамдарга кызыкдар.
Мындай саясий жана экономикалык кызматташуулар натыйжасында Россияга болгон көзкарандылыкты азайтуу күтүлүүдө. Түркия сунуштап жаткан тышкы саясаттагы жана экономикалык байланыштарды байытуу боюнча демилгелер дал ушундай саммиттердин расмий максаттары болуп кала берет. Башкача айтканда, ЕБ менен кызматташтык ТМУга мүчө өлкөлөргө (айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнө) Россия жана Кытайга болгон көз карандылыкты азайтууга, көп вектордуу саясат жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында Кыргызстан сыяктуу көмүртек ресурстары жок өлкөлөр технологиялык жана санариптик трансферлерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул — ЕБден технологияларды, билимди жана санариптик чечимдерди алуу дегени. Мындай кадам өнүгүүнү тездетүү маселесинен алгач саясий жана экономикалык мамилелерди түзүүгө багытталган. Ошондуктан ТМУга мүчө өлкөлөрдө санариптик кызматташтык жана туруктуу өнүгүү боюнча демилгелер кеңири талкууланууда, ал эми бул жаатта ЕБ чоң тажрыйбага ээ.
Ошондой эле Түркия ТМУ аркылуу маданий-цивилизациялық диалог долбоорлорун алдыга сүрөп жатат. Бул тема Эрдоган үчүн Европада, айрыкча Германия, Франция, Австрия сыяктуу өлкөлөрдө жашаган түрк диаспорасы арасында түрк иденттүүлүгүн жайылтуу мүмкүнчүлүгү. Өз кезегинде Венгрия да түрк дүйнөсү менен тарыхый жана маданий жакындык концепциясын колдоого даяр экенин билдирип, ТМУнун ЕСтеги гуманитардык жана билим берүү долбоорлорун илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
Жыйынтык
Будапешттеги расмий эмес саммит түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоого жана алардын Европадагы таасирин кеңейтүүгө багытталган кезектеги кадам болду. Бул окуя Борбор Азия мамлекеттеринин көп тараптуу кызматташтыкка жана тышкы экономикалык байланыштарын диверсификациялоого болгон умтулууларын да чагылдырат. Бул болсо региондо Россиянын салттуу таасирин алсыратууга өбөлгө түзөт.
Глобалдык геосаясий атаандаштык шартында Борбор Азия Түркия сунуштап жаткан жаңы альянстар жана стратегиялык өнөктөштүктөр негизиндеги долбоорлордун аренасына айланып баратат. ТМУнун жардамы менен Анкара Европа менен Азиянын ортосунда көпүрө болууга, бир эле учурда ислам дүйнөсүнүн лидери катары өз ордун бекемдөөгө аракеттенүүдө. Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө умтулуп жаткан шартта, Россия жана Кытайдын таасирин азайтуу максатында Европа биримдиги маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп эсептелет.
Латыфуль Расых