Тообо кылуу – куткарылуунун жолу

70
0

Бисмиллаахи  рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Тообо кылуу – куткарылуунун жолу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنَا هَارُونُ بْنُ سَعِيدٍ الْأَيْلِيُّ، حَدَّثَنَا ابْنُ وَهْبٍ، حَدَّثَنِي عِيَاضٌ وَهُوَ ابْنُ عَبْدِ اللَّهِ الْفِهْرِيُّ، حَدَّثَنِي إِبْرَاهِيمُ بْنُ عُبَيْدِ بْنِ رِفَاعَةَ، عَنْ مُحَمَّدِ بْنِ كَعْبٍ الْقُرَظِيِّ، عَنْ أَبِي صِرْمَةَ، عَنْ أَبِي أَيُّوبَ الْأَنْصَارِيِّ، عَنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: «لَوْ أَنَّكُمْ لَمْ تَكُنْ لَكُمْ ذُنُوبٌ، يَغْفِرُهَا اللَّهُ لَكُمْ، لَجَاءَ اللَّهُ بِقَوْمٍ لَهُمْ ذُنُوبٌ، يَغْفِرُهَا لَهُمْ» (صحيح مسلم 5064 )

Бизге Харун ибн Саид ал-Айли Айюб аль-Ансариден риваят кылды, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгерде Аллах силерди кечире турган эч кандай күнөөңөр болбосо, Аллах Таала күнөөлөрү бар бир коомду чыгарат жана аларды кечирет”. (Сахих Муслим 5064).

Урматтуу бир туугандар.

Сөздөрдүн эң жакшысы  – Алла Тааланын сөзү, туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад ибн Абдуллахтын хидаяты. Бул хадис сүйүндүрүүчү, маанайды көтөрүүчү хадистердин бири. Бул биздин Жаратканга болгон толук ишенимибизди бекемдейт. Анткени биз алсызбыз жана Кудайга күнөө кылабыз. Бул хадис биздин периште эмес экенибизди тастыктап, Жаратканга күнөө кылуу инсандын табияты экендигин баяндайт. Демек, Аллах Таала айтат, эгер биз ага күнөө кылбасак, Аллах Таала биздин ордубузга күнөө кылган бир макулуктарды коёт, анан аларды кечирет. Бул күнөө кылууга түрткү эмес, тескерисинче, кечирим суроого жана тообо кылууга, Аллахтын кечиримине жана Ага болгон сүйүүгө  ишеним жана үмүт арттырып, тообо кылууга жана Ага кайтууга түрткү берет.

Бул хадис пенденин Аллахтын буйруктарына баш ийүүсүн, ал эми  буйруктарга баш ийбеген учурда тообо кылууну камтыйт. Аллах адамды бактысыз кылуу үчүн эмес, ибадат кылуу үчүн жаратканын тастыктайт. Бул максат Жаратуучуга кайтуу жана Анын күнөөлөрдү Кечиричүү жана Мээримдүү экенине анык ишеним менен көрүнөт.

Биз кечирим суроого, тообо кылууга жана күнөөлөрдөн качууга өтө ынтызаар болушубуз керек. Баардык нерсе Аллахтын колунда жана биздин Ага кулдугубуз Ага баш ийбегендиги үчүн тообо кылуудан турат.

Аллахтан биздин күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн, тообобузду кабыл кылуусун жана дубалары кабыл болгондордун катарында кылышын тилейбиз. Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 18-зул каада.

2025-ж, 16-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here