Кан дагы да төгүлүүдө… Ислам үммөтү өз армиялары сатып кетүүсүнүн азабын тартып жатышат!

64
0

Басма сөз баянаты

Кан дагы да төгүлүүдө… Ислам үммөтү өз армиялары сатып кетүүсүнүн азабын тартып жатышат!

Аллах Таала Өзүнүн аяттарында бир мусулманды өлтүрүү бүтүндөй адамзатка каршы кылмышка тете деп эскерткен. Мээримдүү жана Улуу Жаратуучу мусулмандын канынын урматы Каабадан да ыйык экенин баса белгилеген. Анда эмне себептен, мусулмандын каны кургак талаага төгүлгөн суу сыяктуу оңой төгүлүп жатат?! Эмне үчүн андан эч ким коркпой калды?

Жакында эле Суданда жийиркеничтүү кыргындын натыйжасында 300 мусулман өлтүрүлдү. Судандын Улуттук адам укуктары боюнча комиссиясы 2025-жылдын 4-майында жарыялаган маалыматка ылайык, Батыш Кордофан штатынын Нухуд шаарында «Ыкчам жардам» күчтөрү тарабынан уюштурулган чабуулда, жок дегенде 300 жай тургун, алардын ичинде 21 бала жана 15 аял өлтүрүлгөн. Бул окуя «Ыкчам жардам» күчтөрү шаарды көзөмөлүнө алгандан кийин жасалган өлтүрүү жана талап-тоноо иштеринин алгачкы жыйынтыгы гана. Кийин бул сан дагы көбөйгөн.

2023-жылдын 15-апрелинен бери «Ыкчам жардам» күчтөрү Судан армиясы менен өлкө үстөмдүгү үчүн согушуп келет. Натыйжада он миңдеген адамдар өлүп, дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бири жаралды. БУУ жана жергиликтүү бийликтердин маалыматына ылайык, 20 миңден ашуун киши өлүп, 15 миллион адам мекенин таштап кетүүгө мажбур болду. Ал эми айрым америкалык изилдөөчүлөр өлгөндөрдүн жалпы санын 130 миңге чейин жеткенин айтууда.

Судан — үммөт денесиндеги терең жара. Бул жара кансырап жаткан үммөттүн ар бир жеринде сыздап турат. Алсырап турганына карабай, душмандары анын кайра жанданып кетишинен коркуп, аны сокку артынан сокку менен жок кылууга аракет кылууда. Ар бир бурчтан чыккан жердин иттери бул үммөттү тиштеп жатышат, бирок аларга каршы чыгууга эч ким, жоопкерчилик, каршылык калбаптыр!

Суданда төгүлүп жаткан бул кан Газада яхудийлер төгүп жаткан мусулмандардын канына окшош. Бул Бангладеш менен Пакистандагы мусулмандардын канына тең. Баарысы  күнөөсүз, ыйык, таза мусулмандардын каны. Бул кан Кыямат күнү Аллахтын алдында армиялардын үммөттү сатып кеткенинин күбөсү болот. Үммөт армияларды туура багыттай алса, утушка жеткирүүчү күч болот. Ошол эле учурда, алар кылмышкер өкүмдарлардын куралына айланууда, анткени бул өкүмдарлар алардын эркиндигин тартып алып, күчүн байлап, үммөттү коргоодон тосуп жатышат.

Бүгүнкү күрөш — бул аң-сезим күрөшү. Ал үммөттүн тез арада чындап аракетке келүүсүнүн зарылдыгын түшүнүү күрөшү. Анткени азыркы режимдер кандай болбосун армиялардын ичиндеги нааразычылык, козголуу сыяктуу ар кандай белгилерди басууга жана жок кылууга аракет кылууда. Бул режимдерден кутулуунун жалгыз жолу — алардын таажысын кулатуу жана Хизб ут-Тахрирге жардам берип, үммөттүн саясий бийлигин жана урматын калыбына келтирүү. Аллахтын шариатын башкарууда жана жашоодо кайрадан башкы орунга алып келүү.

Бул кандар — жер жүзүндө агып жаткан дарыядай токтобойт. Аллах бул кан аркылуу кээ бир пенделердин жүрөгүн сынайт, кимдир бирөөлөрдү шахид кылат, кимдир бирөөлөрдү болсо шалаакылыктын далили кылат, кимдир бирөөлөр үчүн каргыш болот, ал эми ихластуу адамдар үчүн жарык нур болот. Ал эми бул кан залимдер үчүн аларды өрттөгөн отко айланат!

﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَن يَكُونَ قَرِيباً﴾

«Али алар «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). Балким жакында болоор», деп айткын!» (Исра сүрөсү, 51-аят).

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмү / Аялдар жааты

13.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here