Эмне үчүн Россия Кыргызстандын кызматына муктаж

53
0

Эмне үчүн Россия Кыргызстандын кызматына муктаж

Россия менен Кыргызстандын соода мамилелеринде улуттук валюталарды колдонуу 92 пайызга жетти. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын өкүлү Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен болгон жолугушууда билдирди.

Эскерте кетсек, 19-майда Бишкекте, мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстан Парламентинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстан Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода, Беларусия Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко катышты.

Вячеслав Володин Кыргыз Республикасы менен экономикалык мамилелердеги Кремлдин “жомоктогудай” кең пейилдигин баса белгилеп, Россиянын бул өлкө менен болгон алакаларында үстөмдүк позициясын сактап калууга умтулганын көрсөттү.

«Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү 13,5 пайызды түздү, ал эми көлөмү – 4,1 миллиард доллардын тегерегине жетти. Кыргызстан менен болгон мамилебиз улуттук валюталардын негизинде жүргүзүлүп келет. Учурда анын үлүшү 92 пайызга жетти», – деди ал.

Володиндин айтымында, бул натыйжа Москванын Бишкекке болгон ырайымынын көрсөткүчү жана Кыргыз жетекчилиги буга ыраазы болушу керек. Бирок ал Россиянын Кыргызстан аркылуу санкциядагы товарларды алып келүүдө канчалык пайдасын көрүп жатканы жөнүндө үн каткан жок.

Батыштын санкциялары шартында Россия Кыргызстан сыяктуу көз каранды өлкөлөрдүн көзүн кароого мажбур абалга келди. Бул өзгөчө санкциядагы товарларды алып келүүдө ачык көрүндү. Батыштын санкциялары Россиянын жогорку технологияларга (микрочиптерге, станокторго, электроникага жана кош максаттагы буюмдарга) түз жетүүсүн чектеп койгон. Мындай шартта Кыргызстан, Армения, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр транзиттик каналга айланып калды.

Экономикалык аналитиктердин маалыматы боюнча, Борбор Азия өлкөлөрү Европадан, АКШдан, Түштүк Кореядан, Кытайдан жана Япониядан товарларды импорттоону кескин көбөйттү. Ошол эле учурда бул товарлар Россияга кайра экспорттолууда. Мисалы, 2023-жылы Кыргызстан Батыш өлкөлөрүнөн чиптерди көп көлөмдө импорттоп, аны Россияга жөнөткөн. Бул Кыргызстандын транзиттик ролун тастыктайт. 2022–2023-жылдары Кыргызстандын ЕБ жана АКШдан импорту ондогон пайыздарга өскөн, бирок бул товарлар ички керектөөгө каратылган эмес. Алар кайра экспортко чыгып турган. Анын үстүнө Россияга болгон экспорт эки эсеге көбөйүп, алардын арасында мурдатан Кыргызстанда жок болуп келген товарлар да бар.

Бул айланма схеманын механизми мындайча ишке ашат: Кыргызстан же Казакстандын компаниялары Германия, Кытай же Түркиядан товар сатып алышат. Анан бул товарлар ички керектөө үчүн же “шериктеш” өлкөлөргө экспорт катары катталат да, кийин кайра Россияга жөнөтүлөт. Ошондой эле, “жашыруун” схемалар да колдонулат: таңгакты алмаштыруу, коддорду өзгөртүү, жалган компаниялар ж.б.

АКШ менен Европа Биримдиги мындай аракеттерге жооп кылып, ортомчу өлкөлөргө экинчи даражадагы санкцияларды киргизүүнү эскертип келишет. 2023-жылы АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстанга эскертүү берген жана андан кийин Бишкек экспортко болгон көзөмөлдү күчөткөн.

Демек, Россия санкцияланган товарларды кайра сатуу жана өткөрүү кызматтары боюнча Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө катуу көз каранды. Россия азырынча мындай технологияларды өз алдынча өндүрө албайт, ал эми Батыштан түз алып келүү мүмкүн эмес. Кытай болсо, стратегиялык өнөктөш болгону менен, жогорку технологиялар жана аскердик электрондук жабдууларды толук камсыз кылбайт. Кремлдин согуштук иш-аракеттери болсо аскердик-өнөр жай комплексин үзгүлтүксүз жабдуу менен камсыздоону талап кылат. Ал үчүн микрочиптер, станоктор, электроника зарыл.

Ошентип, Россиянын экономикасы, айрыкча коргонуу тармагы Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө көз каранды. Бирок Батыштын кысымы күчөгөн сайын бул схема туруксуз болуп баратат. Узак мөөнөттө мындай услуб Россия үчүн да, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да кооптуу болушу мүмкүн. Азырынча Кыргызстан жана башка өлкөлөр «пайдасы бар кезде кызматташууну» тандап жатышат, бирок бул саясат келечекте Батыштын изоляциялоо саясатына жана экинчи даражадагы санкцияларына алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда Кытай үчүн кеңири «ачылган эшиктер» Борбор Азия мамлекеттеринин арзыбас кулчулукка түшүшүнө шарт түзүп жатат.

Латыфуль Расых

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here