Дауд коридору долбоору
Кээ бир аналитиктер “Дауд коридору” деп аталган долбоор яхудий түзүмүндө бар деген пикирде. Бул долбоор тууралуу расмий медиада дээрлик эч кандай маалымат жок. Анткени яхудий түзүмү бул темага байланыштуу жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарына катуу аскерий цензура киргизген. Ошондуктан бул термин расмий маалымат айдыңында дээрлик айтылбайт. Бирок башка маалымат булактары, 2024-жылдын ортосунан бери, бул теманы козгой баштады. Алардын катарында CNN Türk, Кудс жаңылыктар агенттиги, Аль-Маядин сайты, Рай ал-Йаум гезити, Тасним агенттиги, Аль-Алам телеканалы, Аль-Араби аль-Жадид жана башкалар бар.
Бул булактар “Дауд коридору” яхудийлердин кыялы экенин, жана анын белгиси 2023-жылдын 7-октябрындагы окуялардан кийин ачык көрүнүп баштаганын айтышат. Бул долбоордун идеясы 1980-жылдары эле пайда болгон. Шимон Перес өзүнүн айрым чыгармаларында, мисалы, “Жаңы Жакынкы Чыгыш” деген китебинде бул тууралуу жазган.
Долбоордун максаты — Жакынкы Чыгышта географиялык, геосаясий, демографиялык жана стратегиялык жактан сапаттык өзгөрүү жүргүзүү. Бул яхудийлердин айрым пункттардагы отурукташуу аймактарын кеңейтүүсү аркылуу ишке ашат. Мунун артынан аймактын белгилүү бөлүгүндө толук көзөмөл жана кеңири таасир орнойт. Бул болсо “Улуу Израил мамлекети” деген кыялды ишке ашырууга жол ачмакчы.
Коридордун өзөгү болуп саналган “Дауд коридору” — Сирия, Иордания жана Ирак чек арасындагы жерлер аркылуу өтүүчү кургактык жол. Бул аталыш пайгамбар Дауд عليه السلام ысымынан алынган. Яхудийлер аны пайгамбар эмес, падыша катары карашат.
Бул коридор оккупацияланган Сириянын Голан дөңсөөсүнөн башталып, Ирактын Курдистан аймагына чейин созулат. Ал Сирия менен Ирактын айрым жерлерин камтып, оккупация астындагы Палестинадан башталат да, Евфрат дарыясынын жээги менен жайгашкан аймактарды каптап өтөт. Башталышы Голан дөңсөөсүндө болуп, андан соң Сирия, Иордания жана Ирактын чек ара үч бурчтугунда жайгашкан Танаф шаары аркылуу өтөт. Бул жерде америка жана британ аскер күчтөрү жайгашкан. Андан ары коридор Сириянын ичиндеги Букемаль чекитине жетип, бул жер Сирия менен Ирактын ортосундагы чек ара өткөрмө пункту болуп саналат. Андан кийин коридор түндүктү көздөй уланып, күрддөр жашаган аймактарды аралап өтөт.
Айрым талдоочулардын айтымында, бул коридор Сирия менен Иракты бир нече майда түзүмдөргө бөлүү идеясын көздөйт. Бул түзүмдөрдүн ичинде Сириянын түштүгүндөгү Сувейда аймагында түзүлө турган друз мамлекетчеси да бар. Яхудий түзүмүнүн акыркы билдирүүлөрүндө дал ушул аймак яхудийлерге жакын экенин көрсөтүп турат. Анткени алардын көз карашында бул жердеги друздар яхудий түзүмүнө лоялдуу эл катары саналат. Ошондой эле бул долбоор түндүк Сирия менен түндүк Ирактын аймагында курулмакчы болгон күрддөрдүн бөлүнүүчү түзүмүнө да тиешелүү жана яхудий түзүмү булар менен бекем альянс түзүүгө кызыкдар.
Экономикалык пайдаларынын ичинде эң башкысы — күрд аймактарындагы мунайды Хайфа портуна жеткирүү, ошондой эле Евфрат дарыясынан таза сууну яхудий түзүмүнө өткөрүп туруу. Мындан тышкары бул коридор соода жолуна айланып, түндүктө Азербайжанга, түштүктө болсо Перс булуңундагы мунай жана газга бай мамлекеттерге чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Коопсуздук жагынан алганда, бул коридор Сирия менен Ирактын аймактык бүтүндүгүн бузуп, аларды бөлүп-жарууга кызмат кылат. Ошондой эле яхудий түзүмүнүн Жакынкы Чыгыштагы үстөмдүгүн орнотууга, диний жана этностук касташууларды күчөтүүгө, Ирандын ролун алсыраткандан кийин Түркиянын ролун да чектөөгө багытталган.
Бул долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири —яЯхудий түзүмүнүн Тышкы иштер министрлигинде кеңешчи кызматын аткарган Удед Йинон аттуу киши болгон. Анын идеялары кийинчерээк Исраэль Шахак тарабынан жарык көргөн “Сионисттик Жакынкы Чыгыш планы” аттуу китептин түзүлүшүндө колдонулган. Бул эмгек Шахак Удед Йинон тарабынан жазылган жана иврит тилинде жарыяланган документке таянат. Ал документ “Кивуним” аттуу сионисттик журналдын 14-санында, 1982-жылдын февралында жарыяланган.
Удед Йинон өзүнчө стратегия сунуштап, яхудий түзүмүн аймактагы үстөм күчкө айлантуу максатында араб мамлекеттерин этностук жана диний негизде бөлүп-жаруу идеясын көтөргөн. Мындай бөлүнүп-жарылган түзүмдөрдү яхудий түзүмүндө башкаруу жеңил болот деген пикирди карманган. Бул стратегиянын негизи мурдагы АКШ вице-президенти Дик Чейнинин “Бажыраган башаламандык” (“Organized Chaos”) деген идеясына таянып, ошондой эле анын белгилүү урааны болгон “Согуш туруктуу, ал биз жашоодон өтсөк да бүтпөйт” деген фразадан да чоң таасир алган.
Трамптын Газадагы “Ривьера” долбоору тууралуу сунушу жана яхудий мамлекетинин чакан аймакта жайгашканы тууралуу билдирүүлөрү бул идеяны жайылтууга салым кошту. Ошондой эле яхудий түзүмүнүн Жабал аш-Шейх тоо чокусун жана Сириянын түштүк аймактарын ээлеп алышы, Сириядагы аскерий лагерлерди жана объектилерди бомбалоосу — мунун баары бул долбоордун идеологдору үчүн үмүт жаратты. Алар бул аскерий аракеттерди бул долбоорду ишке ашыруунун башталышы катары көрүшөт. Бул болсо жокко чыгарууга болбой турган жана көз жаздымда калтырбоого тийиш болгон факт.
Чындыгында мындай долбоор болгону теориялык фантазия гана, аны ойлоп тапкандар өз кыялында гана жашап жатышат. Бул Тооротту бетке кармаган отурукташуучулардын жалган үмүтүнө негизделген түш. Реалдуу саясий чындыкта мындай долбоорго орун жок. Өзгөчө учурда яхудий түзүмүнүн жетекчилери ислам үммөтүнүн көтөрүлүштөрүнөн коркуп жашап жатканда, аларды түн уйкусунан ажыраткан элдик толкундоолор тынчтык бербей, өз мамлекетинин Жакынкы Чыгыштагы жашоосуна шек келтирип турган чакта, мындай кыялдарды ишке ашыруу мүмкүн эмес.
Ошол себептен, яхудий түзүмү дайыма нормалдашуу саясатын издеп, мусулман өлкөлөрүнүн саткын лидерлери менен мамиле түзүүгө умтулуп келет. Бирок акыркы элүү жылда бул саткындар аларга оккупацияланган Палестинада гана эмес, башка аймактарда да коопсуздук бере алган жок.
Абу Хамза аль-Хатвани
Роя гезити