Индия-Пакистан жаңжалы жана ок атышууну токтотуу тууралуу

224
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

Индия-Пакистан жаңжалы жана ок атышууну токтотуу тууралуу

Суроо: Трамп кечээ, ишемби күнү өзүнүн “Truth Social” платформасында күтүлбөгөн билдирүү жасап, мындай деди: “Америка Кошмо Штаттарынын ортомчулугу менен узак түнгө созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мен Индия менен Пакистан токтоосуз жана ар тараптуу ок атышууну токтотууга макул болгондугун кубанычтуу жарыялайм. Мен эки өлкөнүн акыл-эстүүлүгүн жана чоң интеллектти колдонгону үчүн мактайм”. (Al Jazeera, 11. 05.2025).

Индия менен Пакистандын ортосунда 2025-жылдын 22-апрелинде Индия башкарган Джамму жана Кашмирдин Пахалгам районундагы Байсаран өрөөнүндө туристтерге кол салуудан кийин чыңалуу күчөгөн. Натыйжада 25 индиялык жана бир непалдык каза болду. Индия Пакистанга каршы жазалоочу чаралардын сериясы катары 1960-жылдагы Инд суулары боюнча келишимдин токтотулгандыгын жарыялады. Буга жооп кылып, Пакистан эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуучу 1972-жылдагы Симла келишими токтотулгандыгын жарыялады. 7-майда Индия “Синдур операциясы” деп аталган аскердик операциясын жарыялады. Андан кийин Пакистан жооп берди… Эми Трамп анын ортомчулугу ок атууну токтотууга жетишти деп жарыялады… Бул тирешүүнүн жана чыр-чатактын артындагы акыйкат кандай? Индия убактылуу токтоткон Инд суулары келишими деген эмне? Американын кол салууну баштоодо да, токтотууда да колу бар беле?

Жооп: Бул суроолорго жоопту тактоо үчүн биз төмөнкү фактыларды карап чыгышыбыз керек:

  1. 1998-жылдан 2004-жылга чейин Индияны Атал Бихари Важпайинин жетекчилигиндеги Бхарата Жаната партиясы башкарды. Андан кийин британчыл Конгресс партиясы 10 жыл башкарды. Кийин 2014-жылы Нарендра Модинин тушунда Бхарата Жаната партиясы кайра бийликке кайтып келди. Ал Америкага ыктаган партия. Американын Евразия боюнча стратегиясынын бир бөлүгү катары Кытайга каршы туруу жана аны ооздуктоо ролун аткарат. Албетте, 2014-жылы Модинин жеңишинин артында АКШнын Ыраакы Чыгыштагы чукул кызыкчылыктары турган жана аны колдонууну дагы эле улантууда. Нарендра Моди 2019-жылы Кашмирдин аннексияланышында, 2014, 2017 жана 2020-жылдары Кытай менен болгон чек ара кагылышуусунда, Ооганстан, Кытай-Пакистан экономикалык коридорунун ишке ашпай калышында, ар дайым Американын кызыкчылыгына кызмат кылып келген.
  2. Моди 2014-жылы Индияда бийликке келгенден кийин Америка Индияны Кытайга кысымды күчөтүү, аны курчоого алуу, анын айланасындагы аймактарды көзөмөлдөөсүнө жол бербөө жана өз аймагында чектөө үчүн натыйжалуу пайдаланды. Айрыкча, Америка Кытайга экономикалык согуш жарыялагандан бери Трамп кытай товарларына оор бажы салыгын киргизди. Трамп бул кошумча тарифтер менен Кытай экономикасын алсыратууну максат кылууда. Apple сыяктуу ири технологиялык компаниялар тарифтердин олуттуу көтөрүлүшүнө байланыштуу заводдорун Индияга көчүрүүнү пландап жатканы тууралуу маалыматтар бар. Apple АКШда сатылган бардык iPhone телефондорунун жыйындысын Индияга көчүрүүнү пландап жатканын ачыктады. ( Financial Times … Euro News, 26.04.2025). Ошентип, АКШ Кытайга каршы стратегиянын бир бөлүгү катары Индиянын аймактагы экономикалык жана аскерий держава катары позициясын бекемдөөгө умтулууда.
  3. Бул бир тараптан Индияны аскердик жана экономикалык каражаттар менен колдоону талап кылат. Экинчи жагынан, Индия Кытай тарапка көңүл бурушу үчүн Пакистан менен болгон проблемаларын чечти. Бул экөө тең Америкага ыктаган режимдер.

Биринчи жагына келсек: Америка Индияны жана анын армиясын ар тараптан колдоду. Мисалы, Американын өзөктүк технологияларын Индияга берди. Кытай менен тирешүү маселеси Трамптын Индиянын премьер-министри менен Вашингтондогу жолугушуусунда катуу козголду. Эки лидер ошондой эле Азия-Тынч океан аймагындагы “Төрттүк” коопсуздук альянсын, анын ичинде Жапония менен Австралияны да бекемдөө маселесин талкуулашты. Индия ушул жылдын аягында Кытайдын өсүп бараткан аскердик активдүүлүгүнө каршы эсептелген топтун лидерлерин кабыл алат. (Reuters,14. 02. 2025).

Экинчи аспект бул көйгөйлөрдүн эң көрүнүктүүсү:

А. Чек арадагы Пакистандын аскерлери Индия аскерлеринин Кытай фронтуна карай кыймылын чектейт. Ошондуктан Америка Пакистанды Индиянын чек арасынан өз күчтөрүн Пакистан талибдери менен күрөшүү үчүн Вазиристан аймактарына, Белужистан боштондук армиясы менен согушуу үчүн Белужистанга жана Ооганстандын чек арасына жылдырууга түрттү. Индия Кытайга каршы ээн-эркин кыймылдап, аскерлерин Пакистандын чек арасына жайгаштырбастан, Кытай чек арасына жылдырышы үчүн ушундай кылды. Америка андан кийин Индия Пакистан менен тирешүүдөн алыстап, Кытай менен тирешүүсүн жеңилдетүү үчүн Пакистандан Индияга карата көбүрөөк чегинүүгө баруусун талап кыла баштады. Ушул себептен улам, жогоруда айтылгандай, Пакистан Индия менен чектешкен чек арадан көптөгөн аскердик бөлүктөрүн көчүрүп, аларды Пакистандагы жихадчы топторго каршы ички салгылашууларга колдонгон… О.э Ооганстандагы Талибан кыймылы менен кагылыша баштады.

Б. Индиянын 2019-жылдын 5-августундагы чечими менен аннексияланган Кашмир боюнча талаш.

Биз 2019-жылдын 18-августундагы суроого жооп берип жатып мындай дедик: “2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан көп өтпөй, Буштун администрациясы Индияга көңүл бурган жана Американын иш-аракеттеринин чоң бөлүгү Американын программаларына ылайык Индия менен Кытайдын ортосундагы аскердик ажырымды жоюуга багытталган, анын ичинде Индия менен болгон Американын өзөктүк келишими… Америка Индия менен Пакистандын ортосундагы Кашмир боюнча чыңалуу Индиянын Кытай менен тирешүүсүн алсыратып жатканын көрдү. Бул чыңалууну жеңүү үчүн Америка Кошмо Штаттары Индия менен Пакистандын ортосун нормалдаштыруу процессин баштады. Нормалдаштыруунун максаты Индия менен Пакистан күчтөрүн Кашмир боюнча бири-бири менен уруштурбоо жана Кытайды ооздуктоо үчүн Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга багытталган аракеттерге багыттоо болгон. Америка Кашмирди Индияга кошуу жана аны аскерий жактан кайтарып албоосу үчүн Пакистан режимине кысым көрсөтүү, диалогго өтүү маселени чечет жана алардын ортосундагы аскерий жаңжалдын алдын алат деп ишенди.  Кудум эле Аббастын Палестинадагы жана анын тегерегиндеги араб өлкөлөрүнүн бийлиги сыяктуу, яхудий мамлекети менен аскерий жаңжалсыз, ошол  эле маалда жөөтөр  Палестинадан каалаганын басып алып, каалгандай аннексиялап жатканы сыяктуу! Ошентип, Моди Джамму жана Кашмирди аннексиялоо жана анын демографиясын өзгөртүү планын баштады. Андан кийин Моди тарабынан 2019-жылдын 8-май күнү кабыл алынган конституциясынын Кашмирге байланыштуу 370-беренесин жокко чыгаруу чечими чыкты….). Америка аннексия мусулмандарга Кашмирди унуттурат жана Индия менен Пакистандын учурда  режимдери Американын линиясын карманып жатканын эске алганда, алардын ортосундагы көйгөйлөрдөн арылтат деп ойлойт. Америка менен Индия Кашмир мусулмандардын жүрөгүндө экенин, Кудай буюрса ал  кайтарыларын  унутуп коюшту же унуткандай түр көрсөтүштү.

В. Пакистан менен суу бөлүшүү маселеси. Индия учурдагы Инд суулары боюнча келишимди кайра карап чыгууну каалады. Индия көптөн бери калктын тездик менен өсүп жаткандыгын шылтоолоп, тогуз жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Дүйнөлүк банктын ортомчулугу менен 1960-жылы кол коюлган Инд суулары келишимин кайра карап чыгууга аракет кылып келет. Пакистан келишимди кайра талкуулоону четке кагууда. Бул тууралуу Indian Today гезити аты аталбаган маалымат булактарына таянып билдирди. Индия Ченаб дарыясындагы Баглихар дамбасынан Пакистанга агып жаткан суунун агымын токтотту. Гезит: Индия дагы Желум дарыясындагы Кишанганга плотинасынан суу агымын токтотууну пландаштырып жаткандыгын белгилеген. (Анадолу 05.05.2025). Индия тарабынан келишимдин бир тараптуу токтотулушун жана анын көп жылдар бою аны кайра карап чыгуу боюнча туруктуу талаптарын эске алуу менен, Пахалгамдагы кол салуудан кийин Моди өкмөтү Пакистанды келишимди  кайра карап чыгуу талабына көндүрүү алкагында ага  кысым  көрсөтүү аракети катары чечмелесе болот. Акыркы бир нече жылда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин өкмөтү келишимди кайра карап чыгууга аракет кылды. Эки өлкө Кичинганга жана Раттл ГЭСтериндеги суу сактагычтын көлөмү боюнча Гаагадагы Туруктуу Арбитраждык сотунда кээ бир талаш-тартыштарын чечүүгө аракет кылышты… (Arabi21, 27.04.2025).

Белгилей кетсек, Инд суулары келишими (ISA) Индия менен Пакистандын ортосундагы суу бөлүштүрүү келишимин билдирет. Ал Дүйнөлүк банктын көзөмөлү астында даярдалып, сүйлөшүүлөр болгон жана бул маанилүү келишимге кол коюу аземи 1960-жылдын 19-сентябрында Карачи шаарында болгон. Пакистанга Инд бассейнинин батыш бөлүгүндөгү үч дарыянын (Желум, Ченаб жана Инд дарыясынын өзү) суусун пайдалануу укугу берилген. Индия үч чыгыш дарыясында (Сутлеж, Беас жана Рави) толук көзөмөлүн сактап калган.

Г. Кашмирдеги жихадчыл кыймылдар:

Бул Индия үчүн тынчсызданууну жаратып жаткандыктан, Америка Кашмирдеги ал кыймылдардын тамырына Индиянын кол салууу шылтоосун актоо максатында ал жерде согушту козгоону жана ал кыймылдарга каршы чабуулга Пакистан режимин да тартууга аракет кылууну каалады.

Бул эки этапта болгон:

Биринчиси: Кашмирде чабуул жасоо жана аны ошол кыймылдарга шылтоо.  Ал Пакистандагы бул кыймылдардын борборлоруна каршы ири согуштук операцияны актоо катары пайдаланылып жатат. Сиз айткандай… Кашмирдеги ошол кыймылдардын тамырына жана ал жердеги мусулмандарга каршы, аларды өлтүрүү же ошол кыймылдарга колдоо көрсөтүү шылтоосу менен аларды ал жерден көчүрүү үчүн пайдаланылып жатат.  Кудум эле  яхудийлер каршылык көрсөтүү шылтоосу менен Газа калкын кырып жаткан сыяктуу. Андан кийин Пакистан режими Кашмирди колдобоосу үчүн аны оңтойсуз абалга кептөөнү көздөдү. Анткени чабуул ошол кыймылдар тарабынан башталган деген маанай жаратуу зарыл болду!

Ошентип, Индия Американын буйругу менен Кашмирде бул ойдон чыгарылган чабуулду баштады. Буга далил:

– Индия башкарган Кашмирдин Пахалгам районундагы Байсаран өрөөнүндө 2025-жылдын 22-апрелинде туристтерге кол салууну Индия Пакистан колдогон куралдуу топ жасаган деп ырастаса, Пакистан муну четке какты. Бул чабуул Кашмирде 2025-жылдын 22-апрелинде АКШнын вице-президенти Ди Вэнс Нью-Делиде жүргөндө болгон. АКШнын вице-президенти Д.Вэнс дүйшөмбү күнү Индияга келип, төрт күндүк иш сапарын баштап, анын жүрүшүндө премьер-министр Нарендра Моди менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. (Бахрейн маалымат агенттиги, 21.4.2025). Индия Пакистанга каршы бардык алгачкы кадамдарын, анын ичинде Инд келишимин токтотууну, бул америкалык расмий Нью-Делиде болгон учурда жасады. Бул Американын Индия менен болгон координациясын көрсөтөт жана мунун баарын (Индия Пакистан ортосундагы жаңжалды) жөн эле кокустук деп ойлоо таптакыр мүмкүн эмес.

Индия өкмөтү 22-апрелдеги кол салуудан бир нече мүнөт өткөндөн кийин жана кандайдыр бир иликтөө же изилдөө баштала электе эле Пакистанды айыптоого шашылды. Бул окуя боюнча Пакистандын эл аралык иликтөө жүргүзүү талабына караган жок. Ошондой эле Индиянын массалык маалымат каражаттары, Лашкар-э-Тайба (LET) уюмунун канаты катары эсептелген Каршылык көрсөтүү фронтуна (TRF) ишарат кылгандан тышкары,  Уюм кол салуу үчүн жоопкерчиликтен баш тартканына да карабады. Мунун баары анын “ойдон чыгарылган” операция экенин көрсөтүп турат. (“Каршылык көрсөтүү фронту” социалдык медиа аркылуу чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды, бирок кийин хакерликке шилтеме берүү менен муну четке какты… ) (24 website, 30.04.2025).

Андан кийин Индия 2025-жылдын 5-майы кечинде Пакистанга ракеталык чабуул койгон экинчи этап башталды. Ал адаттагыдай эле Кашмирдин Пакистандык бөлүгү менен чектелбестен, Пакистандын ичиндеги Пенджаб аймагындагы бутага да сокку урду. Пакистан Индиянын ичиндеги буталарга сокку уруу менен жооп берген жок жана чек арадагы кагылышууларга жана чек арада Индия учактарынын атып түшүрүлүшүнө чектелди. Индия Пакистандын аскерий буталарына кол салбаганын, бир гана “террорчуларга” кол салганын айтып, Пакистанга болгон чабуулдун таасирин азайтууга аракет кылды… (Al-Arabiya TV,07. 5. 2025). Эки тараптын ортосунда кагылышуулар күчөдү. Индиялык басылмалардын маалыматы боюнча, Кашмирдеги көзөмөл линиясында Индия менен Пакистандын аскерлеринин ортосунда катуу кагылышуулар болду. Кашмирдеги көзөмөл линиясында жардыруулардын үндөрү угулуп, каза болгондор болду…. Анда анын үч учагы атып түшүрүлгөнүн моюнга алып, пакистандык чабуулдардын натыйжасында өзү көзөмөлдөгөн Кашмирде жети жайкын тургун набыт болгонун жарыялады. (Al Arabiya, 05.9.2025). Пакистан Индиянын 5 учагын, анын ичинде француздардан алынган үч Rafale учагын, ошондой эле жөөт уюму чыгарган 25 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн билдирген. Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф мындай деди: “Биз Индиянын Пакистандын позицияларын бутага алган чабуулуна жооп катары Индиянын 10 истребителин атып түшүрө алмакпыз, бирок армиянын командирлери сабырдуулук көрсөтүп, 5 учакты атып түшүрүштү”. (Ашаркуль-Авсат, 7. 05.2025). Пакистан армиясынын басма сөз катчысы Ахмед Шариф Чаудри армия 26 аскерий объектилерди бомбалаганын жана ондогон учкучсуз учактар ​​Индиянын баш калаасы Нью-Дели баш болгон ири шаарлардын үстүнөн учуп өткөнүн жарыялады…( Sky News, 10. 052025). Көрүнүп тургандай, Пакистан масштабдуу чабуулду баштап, Индияга каршы турууга жана аны жеңүүгө жөндөмдүү болгон. Бирок ал Америка менен байланышта, Америка мындай тирешүүнү жүргүзүүгө жана Индияны кыйратуучу жеңишке жол бербейт. Бул анын малайы Модинин кулашына алып келет. Америка Пакистандагы өзүнүн малай режимине кысым көрсөттүү аркылуу Индиянын баскынчылыгына чектелген жооп кайтарды. Бул чектелген жооптун натыйжасы Пакистандагы мусулман аскерлеринин эрдигин жана согушууга болгон мотивациясынын күчтүүлүгүн көрсөтүп турат. Пакистандагы режимдин Америка менен тил табышуусуна жана армиянын кыймылына болгон чектөөлөргө карабастан,  бул мусулман армиясы, жогоруда да айтып өткөндөй, мушрик душманга олуттуу жоготууларды келтирди. Булардын баары Американы согуш планын баштагандай эле токтотууга жана согуш планын өзүнө лоялдуу эки режим – Индия менен Пакистандын ортосундагы саясий сүйлөшүүлөргө өзгөртүүгө жана Индия үчүн аскердик агрессия аркылуу жетише албаган нерсеге сүйлөшүүлөр аркылуу жетишүүсүнө түрттү…

  1. Ошондуктан Индиянын чабуулу башталгандан төрт күн өткөндөн кийин Американын буйругу менен 2025-жылы 10-майда ок атышпоо жарыяланды. АКШнын президенти Трамп өзүнүн Truth социалдык платформасында 2025-жылдын 10-майында мындай деп жазды: “Америка Кошмо Штаттары жетектеген узак түнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин Индия менен Пакистан токтоосуз жана ар тараптуу ок атышууну токтотууга макул болгондугун жарыялоого кубанычтамын. Мен эки өлкөнү тең акыл-эстүүлүк жана жогорку интеллектти колдонгондугу менен куттуктайм. Бул маселеге терең маани бергендери үчүн рахмат”.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 2025-жылдын 10-майында X платформасында мындай деди: “Индия менен Пакистандын өкмөттөрү ок атышууну токтоосуз токтотууга жана бейтарап жерде маселелердин кеңири спектри боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болушту”. Ал кошумчалагандай, вице-президент Ди Вэнс менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф, Индиянын тышкы иштер министри Субрахманьям Жайшанкар, Пакистан армиясынын штабынын башчысы Асим Мунир жана Индиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери Ажит Довал жана Асим Малик менен акыркы эки күндө макулдашууга жетишүү үчүн иштешкен. Башкача айтканда, Америка Пакистан армия жетекчилигинин лоялдуулугуна карабастан, анын эрдигин баалаган эмес. Эгер согуш уланса Моди Американын Кытайга каршы талаптарын аткарбастан,  бийлигинен ажырап калат деп корккон. Ошондуктан  ал согушту токтотууга жана ага лоялдуу эки режимдин сүйлөшүүлөрү аркылуу өз максаттарына жетүү үчүн  кара ниет саясий сүйлөшүүлөргө барууга буйрук берди!

  1. Жыйынтыктап айтканда, Хизб-ут-Тахрир жалпы мусулмандарды жана өзгөчө Пакистан калкын Ислам жана мусулмандардын душмандары, өзгөчө Индиядагы индус мушриктери жана Палестинада жөөттөр менен болуп жаткан кара ниет саясий сүйлөшүүлөрдөн эскертет. Бул сүйлөшүүлөр эч кандай жакшылыкка алып келбейт, өзгөчө учурда  болуп жаткандай  каапыр колонизатор Америка  ал сүйлөшүүлөрдү башкарып жаткан чакта мүмкүн эмес. Алар ар дайым ар жерде Аллах жана Анын Элчиси менен согушушат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге алар менен согушуу жана алардын үстүнөн жеңишке жетүүгө жана ушунда чоң сыйлык бар экенин кабарлады. Муслим өзүнүн “Сахихине” Ибн Умар Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа салламдан) риваят кылган хадисте:  «لَتُقَاتِلُنَّ الْيَهُودَ فَلَتَقْتُلُنَّهُمْ.. “Силер, албетте, алар менен согушуп, аларды өлтүрөсүңөр”… деди. Ахмад жана Насаи Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам), азат кылган кулу Савбандан риваят кылат, ал айтты: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

قال رسول الله ﷺ: «عِصَابَتَانِ مِنْ أُمَّتِي أَحْرَزَهُمَا اللهُ مِنَ النَّارِ؛ عِصَابَةٌ تَغْزُو الْهِنْدَ، وَعِصَابَةٌ تَكُونُ مَعَ عِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ عَلَيْهِمَا السَّلَام»

“Менин үммөтүмдүн эки тобу бар, аларды Аллах тозоктон сактады: Бир топ Индияны фатх кылат жана бир тайпа Мариям уулу Иса менен бирге болот”.

Палестинада яхудийлер менен согушуу жана өлтүрүү, Индияга казат кылуу жана ал жерлерде  Исламдын жеңиши Аллах кааласа сөзсүз болот. Бул чынчыл жана ишенимдүү адамдын, (ага Аллахтын салам салааваты болсун) айткан сөзү. Бирок, Аллах Таала бизге асмандан жеңиш түшпөөсүн, анын периштелери биз отурсак эле жеңиш алып келсин деп буйруган эмес. Тескерисинче, биз иштеп, аракет кылып, амал кылып, кылган ишибизде чынчылдыкты жана ыкласты издешибиз керек. Мына ушундай болушубуз керек, анткени Аллахтын жеңиши, албетте, Анын уруксаты менен келет. Биз Пакистан элине оптимисттик көз караштабыз. Анткени ал күчтүү исламий өлкө, андагы Исламдын тамыры терең, ал жерде Ислам сезимдери өсүп жатат жана анын армиясы Аллах жолунда жихадды жакшы көрөт. Ал жердеги мусулмандардын Халифалык мамлекетин курууга болгон умтулуусу күчөп баратат, калка калп айтпаган жетекчиликтин жеңишке жетүүсү, Кудай буюрса, көпкө созулбайт. Биз жашап жаткан бул заалим режимдерден кийин туура жолдогу Халифалыкты тикелөө жөнүндөгү Расулулланын (Ага салам-салаваттар болсун) сөзү ишке ашат. Ахмад өзүнүн “Муснадында” Хузайфадан риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

«..ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ. ثُمَّ سَكَتَ»

“Андан кийин заалим падышалык болот, ал Аллах каалаганча турат. Анан аны жок кылууну кааласа аны жок кылат. Андан кийин пайгамбарлык жолундагы Халифалык болот, анан унчукпай калды”.

Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши менен шаттанышат.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾.

Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши менен кубанышат. Ал кимди кааласа жеңишке жеткирет жана Ал Улуу, Мээримдүү.

1446-х, 17-зул каада.

2025-ж, 15-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here