Никеге турууну динибиз белгилейби же Батышпы?

23
0

Никеге турууну динибиз белгилейби же Батышпы?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Тодогелдиев “Биринчи радионун” эфиринде бир жылдан ашуун убакыттан бери Үй-бүлө кодексинин жаңы долбоору иштелип жатканын билдирди. Ал жаңы Үй-бүлө кодексин президенттин администрациясынын кароосуна сунуштоого дээрлик даяр болуп калганын баса белгиледи. Бакыт Тодогелдиев жаңы Үй-бүлө кодексинин максаты үй-бүлөнү бекемдөө жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоону көздөрүн кошумчалады.

Учурдагы иш жүзүндөгү Үй-бүлө кодексине ылайык, никеге туруу курагы 18 жаш деп белгиленген, бирок жүйөлүү себептерден улам аны бир жылга төмөндөтүүгө болот эле. “Биз бул эрежени алып салдык, андай болбош керек. Ошондой эле, жумуштук топ нике загс органдарында расмий түрдө катталышы керек деген эрежени киргизди. Молдо жана башка диний ишмерлер нике кыюу алдында мамлекеттик каттоо актын талап кылууга милдеттүү болушат”, – деди Бакыт Тодогелдиев. Ал Кыргызстан эл аралык конвенцияларды, протоколдорду жана меморандумдарды ратификациялаганын, ошондуктан бул эрежелерди сактоого милдеттүү экенин баса белгиледи.

Жогорудагы аткаминер бул жаңы кодекстин максаты үй-бүлөнү бекемдөө жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо экенин айтты. Демек бул эрежелер салтыбыздан алынып жатат деген элес пайда болот. Бирок аткаминердин “үй-бүлөнү бекемдөө жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо” дегени бул жөн гана элди алдоо үчүн айтылган сөздөр. Себеби никеге туруу курагын 18 жашка чектөө салтыбызда да, динибизде да жок. Андан тышкары ал өзүнүн сөзүн өзү төгүндөөдө. Тагырак айтканда, аткаминер Кыргызстан эл аралык конвенцияларды, протоколдорду жана меморандумдарды ратификациялаганын, ошондуктан бул эрежелерди сактоого милдеттүү экенин баса белгиледи. Демек, аткаминер бул кодекстин эрежелери “салттуу” баалуулуктарыбызга ылайык эмес, эл аралык уюмдардын талабы менен киргизилип жатканын моюндап жатат. Андыктан үй-бүлө жаатындагы эрежелер, мыйзамдар өзүбүздүн баалуулуктарыбыз, динибиз эмес, тескерисинче эл аралык уюмдардын, конвенциялардын, башкача айтканда Батыштын көрсөтмөсүнө ылайык ишке ашырылууда.

Нике курагын 18 жашка чектөө динибизге каршы келет. Исламда балалык курак “балагатка” жетүү менен бүтөт, андан кийин никеге турса болот. Жогорудагы мыйзам динибизге каршы келишинен тышкары, инсандын табиятына да каршы келет. Себеби кээ бир кыздар кечирек балагатка жетсе, кээ бири андан эрте куракта балагатка жетет. Статистикага таянсак, өлкөдө 2023-жылы 13төн 17 жашка чейинки 310 кыз төрөгөн, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 353кө жеткен.

Коомдун негизи – бул үй-бүлө. Андыктан үй-бүлөнүн бузулуусу менен коом да жемирилип жок болот. Мындан улам, Батыш өзгөчө мусулман өлкөлөрүнө карата үй-бүлө институтун бузуу аракетин көрүп келет. Батыш бул үчүн ар кандай пландарды, саясаттарды иштеп чыгып, аларды эл аралык келишимдер деп таңуулады. Бул келишимдер балдардын, аялдардын укугун коргогондой болуп көрүнгөнү менен, бирок түпкүлүгүндө үй-бүлө институтун жок кылууну көздөйт. БУУ жана башка уюмдар мусулман өлкөлөрүн нике курагын 18 жашка жогорулатууга басым кылып келет. Натыйжада бүгүнкү күндө көпчүлүк мусулман өлкөлөрү өз мыйзамдарын өзгөртүшүп, никеге туруу курагын 18 жаш деп белгилешти, ал эми 18 жашка чейинки нике кылмыш катары эсептелди. Ошол эле учурда, 18 жашка чейинкилердин зына кылуусуна эч кандай каршылык жок. Кудум бул Батыштын көрсөтмөсү менен ишке ашырылып жаткан мыйзам, эрежелер “зына кыла бер, бирок никеге турба” деп жаткандай.

Көрүнүп тургандай, Батыш үй-бүлөлүк маселелерибизге чейин киришип, коомубузду, баалуулуктарыбызды, динибизди ичибизден бүлгүнгө учуратууга аракет кылып жатат. Андыктан эл аралык уюмдардын жана келишимдердин талабын аткаруу Исламга тикелей каршы аракет болуп эсептелет. Ислам үй-бүлөнүн жана коомдун бардык маселелерин чечкен өкүмдөрдү камтыйт. Ал өкүмдөр коомду, үй-бүлө институтун сактайт, урпак-муундун бекем уланышын кепилдейт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here