Германия куралданууда
Германиянын жаңы шайланган бийлиги жаңы реформалар жөнүндө, анын ичинде коргонууга тиешелүү кескин билдирүүлөрдү жасады. Германиянын жаңы эле шайланган канцлери Мерц парламент депутаттарынын алдында сүйлөп жатып, «Европадагы эң күчтүү армияны түзүү» убадасын берди. Германиянын канцлери өз сөзүндө Россияны Европалык тартипти түздөн-түз бузуп жатканын,, дүйнөлүк тартиптин эл аралык мыйзамдарын бузуп жатканын айыптады. Ошондой эле, Германиянын лидерлери жакынкы он жылдыкка тышкы саясатын так аныктап, приоритеттүү багыт – Германия жана Европаны Орус коркунучунан коргоо экенин белгилешти. АКШ Германияны жана бүткүл Европаны Россия менен түздөн-түз жаңжалдашууга түртүп жатканын немис бийлиги түшүнүп турат. Ал эми Россия болсо Европалык тартипти эле эмес, дүйнөлүк тартипти да өзгөртүүгө шыктанып турган чагы. Анын үстүнө АКШ – дүйнөлүк жетекчи держава катары – эл аралык жагдайдын ушул өңүттө өнүгүшүнө каршы эмес.
Бектурсун Азык