АКШ үчүн Пакистан менен Индиянын ортосундагы согуш пайдасыз

20
0

АКШ үчүн Пакистан менен Индиянын ортосундагы согуш пайдасыз

Индия тарабынан басып алынган Кашмир аймагында туристтерге куралдуу топтун кол салуусунан кийин Индия Пакистанды бул кылмышка айыптады. Андан кийин Индия менен Пакистан ракеталык соккулар менен алмашышты. АКШнын бул конфликтке кийлигишүүсүнөн кийин тараптар дароо жана толук түрдө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.  Индиянын бийлиги 2019-жылы Кашмир  автономиясын конституциялык деңгээлде жокко чыгаргандан бери чыңалуунун жаңы этабы башталган  эле. Акыры бул, туристтерге кол салууга алып келди. Индия дароо эле бул окуя үчүн Пакистанды, тагыраагы Кашмирдеги мусулман куралчан кыймылдарды расмий бийлик каржылап жатат деп айыптады. Анын артынан Индия Пакистандагы «террористтер базалары» делген жерлерге ракеталык соккулар жасады. Пакистан куралдуу күчтөрү да ракеталык соккулар менен жооп берди. Бирок, тараптар АКШнын басымы астында бири-бирине ок атууну дароо токтотушту. Бүгүнкү күндө Пакистан жана Индия АКШнын таасир астындагы өлкөлөр, жана ар кандай чыңалуулар анын макулдугусуз ишке ашпайт. Буга олуттуу күчөп келе жаткан жаңжалдын тез арада өчүшү анык далил. Ошол эле учурда, Индиянын Пакистанга каршы ракеталык соккулары АКШ Индияны өзгөчө колдоп жатканына далалат кылат. АКШ Афганистандан чыгып кеткенден кийин Пакистандын кызматына муктаж эмес жана Индияны Кытайга каршы күчөтүү үчүн пакистандыктардын кызыкчылыктарын курмандыкка чалууда.

Кашмир 20-кылымдын ортосунда Индия тарабынан басып алынган исламий аймак. Индия бийлиги тарабынан басып алынган Кашмирде “тазалоо иштери” жүргүзүлүп, он миңдеген мусулмандар өлтүрүлгөн. Индия бийлигинин куугунтуктоо, камакка алуу жана башка зулумдуктары учурда жөөттөрдүн Газадагы кылмыштарынын деңгээлине жеткен. Кашмир бүгүнкү күндө ар кандай боштондук топтордун колу менен Индиядан бошонууга аракет кылууда. Ошондой эле,  маал маалы менен Индия менен Пакистан ортосунда түрдүү деңгээлде конфликттер болуп келет. Бирок, Пакистан бийлигинин саткындыгы себептүү ар кыл тынчтык келишимдеринде Пакистан тарап чегинүүлөргө көнүп келет.

Кашмир жана бүтүндөй Индия субконтиненти ислам жерлери болуп саналат. Бул жерлердеги мусулман аскерлери биригип Халифалыкты орнотууга жана андан ары Кашмирди эле эмес, калган бардык ислам жерлерин азат кылууга жөндөмдүү!

Бектурсун Азык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here