Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Араңарда эң жакшыңар үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылганы
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
حَدَّثَنَا أَحْمَدُ بْنُ مَنِيعٍ البَغْدَادِيُّ قَالَ: حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ ابْنُ عُلَيَّةَ قَالَ: حَدَّثَنَا خَالِدٌ الحَذَّاءُ، عَنْ أَبِي قِلَابَةَ، عَنْ عَائِشَةَ، قَالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “إِنَّ مِنْ أَكْمَلِ المُؤْمِنِينَ إِيمَانًا أَحْسَنُهُمْ خُلُقًا وَأَلْطَفُهُمْ بِأَهْلِهِ”. جامع الترمذي 2654
Бизге Ахмад ибн Мани’ь, Айша (р.а)дан риваят кылды. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Момундардын ыйманынын эң толугу – кулк-мүнөзү эң жакшысы жана үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандары”. Жамиъ ат-Тирмизи 2654.
Бул асыл хадис мусулманды башкасынан, каапырды момундан айырмалоочу нерселерди айтты. Ислам- биздин чоң жана кичине иш-аракеттерибизге тиешелүү болгон иш жүзүнө ашырыла турган пикирлерден турат. Демек, бул адамдын Аллахка ыйман келтирүүсүнүн өзү эле жетиштүү эмес. Балким, башкалар менен мамилесин да эске алуу шарт. Бул көрүнүш Ислам үндөгөн ахлакта жатат жана бул ыймандын талаптарынын бири. Демек, ким Аллахка Рабби катары ишенсе, ал ибадат кылуу менен катар жүрүм-турумун кооздошу керек, ошондо Аллах Таала адамдарда каалаган сыпаттарды камтыган болот.
Хадисте айтылган дагы бир сонун нерсе үй-бүлөгө жакшылык кылуу б.а. аларга жакшы мамиле кылуу. Үй-бүлө жылуу түнөк таба ала турган жумшак тарап болуусу үчүн, аларга ачууланып жазалоонун ордуна кечиримдүү болуу керек. Бул Аллахка болгон ыймандын талаптарынын бири. Демек, асыл сапаттарга ээ, кулчулукка берилген пенде кожоюну каалаган сапаттарды камтыган болот. Жаратуучу бардык нерседе – амалда да, сөздө да сыйынууга татыктуу, неге анан мындай болбосун.
Биз Аллахтан ыйманыбыз жүрүм-турумубузду камтый турган кылышын жана Аллах Таала бизди сүйгөн жана ыраазы кылгандай болушун тилейбиз. Оо, Жараткан, бытыранды мусулмандарды бириктире турган жана алар тарткан азап тозоктон арылтуучу Пайгамбарлык жолундагы туура жолдогу Халифалыкты тикелөөнү тездет. Оо Аллахым, жер жүзүн асыл жүзүңдүн нуру менен нурдант.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 13-зул каада.
2025-ж, 11-май.