Жаңы каржы мыйзамдары элди экономикалык кыйроодон куткарбайт 2025/2026-жылдар үчүн парламентке жаңы каржы мыйзам долбоору сунушталды. Учурдагы режим муну экономикалык стимул катары сүрөттөгөнү менен, быйылкы бюджеттик сунуштарда жаңы салыктар киргизилбейт жана учурдагы салыктар көбөйтүлбөйт. Өкмөт салык башкаруусуна көбүрөөк көңүл буруп, боштуктарды жабууга жана салык жыйноонун натыйжалуулугун жогорулатууга умтулат. Мыйзам долбоорунда салыкты көтөрүүгө чектөө каралган жана учурда кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулган кээ бир товарларды нөлдүк ставка менен толук бошотуу сунушталууда. Хизб ут-Тахрир / Кения төмөнкүлөргө көңүл бурат: Кошумча нарк салыгынан бошотуу, субсидия жана салыктан бошотуу саясаты — бул начар жашоонун чыныгы себеби салыктардын өзү экенин айкын көрсөтөт. Мындан тышкары, сунушталган бул жаңы чаралар жөн гана кооздоп коюу болуп саналат жана капиталисттик экономиканын карама-каршылыктуу жүзүнүн дагы бир далили. Бир жагынан, салыктар өзүн-өзү камсыздоонун каражаты катары каралса, экинчи жагынан салыктан бошотуу экономиканы жеңилдетүү катары көрсөтүлөт! Бирок акыйкатта салыктар — бул кагаз акчанын наркын жана катаал экономикалык түзүлүштү мамлекеттин мажбурлоосу аркылуу сактап туруу куралы. Бул мыйзам капиталисттик экономикалык үлгүдөгү салык саясатынын түп-тамырынан туура эместигин ачык көрсөтүп турат, анткени ал мамлекеттин негизги киреше булагы болуп саналат. Капиталисттик экономикада салыктар кагаз акча системасын жана соода тең салмактуулугун сактоо үчүн зарыл болгон экономикалык каражат катары каралат, бирок алар элдин турмушун коргоо үчүн кылынбайт. Мамлекеттик бюджеттер капиталисттик системада салыктар менен карыз алуунун тегерегинде айланат. Ошондуктан бул системада экономикалык эркиндик да, көз карандысыздык да болбойт. Ортодогу боштукту жабуу үчүн мамлекет адаттагы адамга жүктү көбөйтүп, сүткордук негизиндеги карыз алууга мажбур болот. Кенияда жана бүт дүйнөдө экономикалык көйгөйлөрдү түп-тамырынан чечүү салыктар же сүткордук карыздар аркылуу же жаңы каржы мыйзамдарын жазуу менен мүмкүн эмес. Чыныгы жана жалгыз чечим — бул ислам. Ислам экономикалык маселелерди чечүү үчүн өзгөчө киреше системасына ээ. Мисалы, жалпы элге таандык байлыктардан (табигый газ сыяктуу), айыл чарба өндүрүшүнөн (хирож сыяктуу) түшкөн кирешелер экономикалык активдүүлүктү азайтпай туруп киреше алып келет. Ислам экономикалык түзүмүндө энергия, жайыттар, суу сыяктуу ресурстар жалпы элге таандык деп эсептелет. Биз ишенебиз: бул системаны толук кандуу жана адилеттүү түрдө колдонууга жөндөмдүү жалгыз түзүлүш — бул Халифалык мамлекети. Ал баардык оор салыктарды, анын ичинде кошумча нарк салыгын (НДС) жана киреше салыгын жокко чыгарат. Шаъбан Муаллим Хизб-ут-Тахрирдин Кения вилаятындагы расмий өкүлү

9
0

Басма сөз баянаты

Яхудийлер Сирияга аскерий гана эмес, саясий жактан да кийлигишүүдө

Кечээ, жекшемби күнү Сирия бийлиги менен друз жамаатынын лидерлери жана шейхтери ортосунда жетишилген макулдашуу ишке кирди. Ал макулдашууга ылайык, Сириянын түштүгүндөгү Сувейда жана Дераа облустарынын чектеш аймагындагы Сувейда провинциясында жайгашкан ас-Сура ал-Кубра айылына жергиликтүү тургундардан турган полиция күчтөрү киргизилди, ал эми Башар Асаддын жалпы коопсуздук кызматынын кызматкерлери аймактан чыгышты. Бул тууралуу “Аль-Кудс Аль-Араби” гезитине коопсуздук кызматындагы булактар билдирди.

Макулдашуунун биринчи баскычы башталгандан кийин, Сувейда провинциясынын айланасындагы ас-Сура ал-Кубра жана ал-Мазраа айылдарында жайгашкан аскерий жана коопсуздук күчтөрүнө өз базаларына кайтуу буйругу берилди.

Эки күн мурда жетишилген бул макулдашууда друз жамаатынын аксакалдары, шейхтери жана социалдык-дин кызматкерлери катышкан. Анда Сувейдада Ички иштер министрлиги жана укук коргоо органдарынын ролун жергиликтүү тургундар аркылуу күчөтүү каралган. Бул өз кезегинде коопсуздук жана аскерий күчтөрдүн облус аймагынан чыгышына алмаштырылат.

Булактардын маалыматына ылайык, провинциянын ичинен жана сыртынан көзөмөлдөөгө катыша турган күчтөр — Ички иштер жана Коргоо министрликтери курамына кабыл алынган жергиликтүү тургундар болот.

Макулдашуу «жергиликтүү кеңейтилген башкарууга карай кадам, борбордон ажыратууга (децентрализацияга) карай практикалык баскыч» катары сүрөттөлдү.

Дамаск бийлигине баш ийген жалпы коопсуздук кызматтарынын Сувейдадан чыгып кетиши жана алардын ордуна жергиликтүү тургундардан түзүлгөн полиция күчтөрүнүн келиши, ошондой эле губернатор Мустафа Баккурдун расмий жана символикалык гана кызматта калышы — бул акырындык менен пайда болуп жаткан «Сириянын жаңы саясий картасынын» белгилери катары каралууда. Анда үч так аймак байкалууда: Дамаск аймагы, Евфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы аймак жана Сувейда аймагы.

Дамаск өкмөтүнүн аталган «аз сандагы улуттар» маселесине карата алып барып жаткан саясий чечимдеринин алсыздыгы жана бул маселеге шаръий негизде чечимдин болбой жатышы — өлкөнү бөлүп-жарууга негиз түзүүдө жана (азчылык) маселесинин коркунучун арттырууда, ошондой эле чет элдик кийлигишүүлөргө жана алардын ички инструменттерди жаратуусуна чоң жол ачууда.

2011-жылы революция башталганда, революциянын тарапкерлери өз багытын жана максаттарын так аныктаган — алардын арасында эң негизгиси чет элдик күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербөө жана Шам элинин ишине алардын кийлигишүүсүн токтотуу болчу. Эми болсо бул кийлигишүүлөр ачык-айкын жана эч кандай жашыруусуз жүз берип жатканы таң калычтуу!

Яхудийлер Сириянын ички ишине өз таасирин тийгизип жатканы — айрыкча мурдагы режимдин башчысынын качып кетишинен кийин — өтө чоң жана кооптуу бурулуш болуп саналат. Яхудий түзүмүнүн айрым друз шейхтери менен байланыш түзүп, аларды борбордон ажыратууга үндөгөнү, ал эми бул талаптар Сувейдадагы айрым жетекчилер менен түзүлгөн макулдашуунун шарттарында ачык көрүнүп жатканы — макулдашуу аларга жарым-жартылай өзүнчө башкаруу укугун берип жатканын көрсөтөт. Мындай кадам, бул жолду башкалар үчүн да кызыктуу жана артынан ээрчигидей кылышы мүмкүн. Себеби азыр көптөр өзүнүн бөлүнүп чыгуу максаттары жана кызыкчылыктары үчүн кырдаалды аңдып турушат.

Анда курал алардын колунда калышы эмнени билдирет?! Алар өз иштерин өздөрү башкара турган болсо, анан губернатордун кызматы «символикалык гана кызмат» деп айтылганы эмнени түшүндүрөт?!

Курал алардын колунда калышын — өздөрүн коргоо үчүн деп актоо эмненин негизинде жана кимден коргоонун аракети? Бул суроолорду койбой коюуга болбойт.

Мамлекет өзү эмнеге айрым жарандарына карата өз бийлигин толук жүргүзө албай турган абалга макул болот?!

Сувейдада түзүлгөн бул макулдашуу мамлекеттин бардык аймактарында ишке ашышы керек болгон «эгемендик» түшүнүгүнө ачык түрдө доо кетирүү болуп эсептелет. Бул дал ошондой эле Сириянын чыгышындагы Евфрат дарыясынын боюнда «Куралдуу демократиялык күчтөр» (Күрт куралдуу кошуундары) менен түзүлгөн макулдашууга окшош, ал жактагы абал да мамлекеттин толук эгемендигине каршы келет. Бул өткөн Рамазан айында жээк аймактарда мурдагы режимдин калдыктары тарабынан жасалган көтөрүлүштүн да себеби болгон.

Бул болгону мамлекеттин эгемендигине доо келтирүү менен эле чектелбестен, автономдуу башкарууну негиздөө багытындагы коркунучтуу кадам болуп калды. Эгер мындай башкаруу чынында ишке ашып калса, келечекте бул аймактарды кайра мамлекеттин карамагына кайтаруу үчүн кан көл болуп ага турган согуштар чыгып кетиши мүмкүн. Анда суроо туулат: мунун баары эмне үчүн кылынып жатат? Ким үчүн жана эмне максатта?

Бул макулдашууга каршы болууну ачык билдирүү азыр милдетке айланды. Себеби эл 2011-жылдагы революцияга өлкөсүн бөлүп-жаруу үчүн эмес, тескерисинче, Исламдын башкаруусу алдында биригүү үчүн чыккан. Анткени Исламдын башкаруу системасында мамлекеттеги бардык жарандын укуктары шариаттын негизинде, эч кандай айырмачылыксыз тең корголот.

Бир диний топко же белгилүү бир жамаатка өзгөчө артыкчылыктарды же өзүнчө башкарууну берүүчү чечимдер – бул шариатка каршы келет жана муну Шам эли эч качан кабыл албайт. Бул чечимдерден пайда таба турган жалгыз тарап — Шам элине каршы кутум уюштурган чет элдик мамлекеттер жана алардын жергиликтүү куралчандары гана.

Бүгүн болсо яхудий түзүмүнүн кийлигишүүсү ачык-айкын болуп калды. Дал ушул түзүм өз агенттери аркылуу мындай абалга жетүү үчүн аракет кылып жатат: алар «друз жамаатын коргоо» темасында биринчи болуп үн катты, коргоо жөнүндө ачык сүйлөп, дүйнө алдында өзүн «камкор» катары көрсөттү. Ал эми акыркы макулдашуу болсо — дал ошол яхудий түзүмүнүн кол алдындагы адамдардын талаптарын ишке ашырган макулдашуу экенин айкын көрсөтүп турат.

Азыркы абал айкын жана чечкиндүү позицияны талап кылат. Себеби мындай мамлекетти бөлүп-жаруу чакырыктары мамлекет тараптан чечкиндүү позиция болбосо улана берет. Эгерде сырттан келген үндөргө кулак салынып, Аллахтын шариатына жана элдин революциялык талаптарына кайрылуу болбосо, мындай коркунучтуу жагдайлар дагы кайталана берет.

Бул революция улуу максаттар үчүн башталган жана ал өзүнүн принциптерин так аныктаган. Демек, биз эч качан бул принциптерди тебелебешибиз керек, кандай шарт болбосун. Бизге керектүүсү — революциябызды жана анын жетишкендиктерин коргоо. Бул болсо Аллахтын шариятын толук турмушка ашырган, Пайгамбарлык жолундагы Рашид халифалык астындагы башкаруу аркылуу гана ишке ашат. Ошондо гана биз чет элдик мамлекеттердин долбоорлорунун жана кызыкчылыктарынын курмандыгы болбойбуз.

Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكْرَى لِمَن كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ﴾

«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда (тактап айтканда, чын жүрөктөн) кулак туткан киши үчүн эскертме-үлгүлөр бар». (Каф сүрөсү, 37-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы Маалымат бөлүмү

07.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here