Басма сөз баянаты
«Ыкчам жардам» күчтөрү Америка жана Судандын өкмөтү тарабынан колдоого алынып тынч элге каршы кыргындарды улантууда.
Судандык дарыгерлердин тармагы билдиргендей, Ыкчам жардам күчтөрү Омдурмандын түштүгүндөгү Салиха аймагында тынч элге карата кыргын уюштурган. Алардын айтымында, бул күчтөр армияга мүчө болууга шектелген деген жүйө менен 31 тынч тургунду атып салышкан, алардын арасында балдар да бар. Бул кыргын Салиха аймагында катталган эң чоң жапырт өлтүрүү катары белгиленүүдө. (Аль-Шарк – Судан)
Суданда болгон күнөөсүз тынч тургундарга каршы кыргын, зордуктоо, тоноп-талоо сыяктуу зулум иштерди Ыкчам жардам күчтөрү борбор шаардан тартып Судандын эң алыскы чек араларына чейин улантууда. Бул күчтөр «Рим мыйзамында» жана эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн бардык кылмыштарды – этностук тазалоо, геноцид, адамзатка каршы кылмыштар, согуш кылмыштары жана башка ушул сыяктуу зулумдуктарды жасаганына карабай, алардын мүчөлөрү бул кылмыштарды видео аркылуу документтештирип, коомчулукка жана медиага таратканына да карабай, эл аралык саясатта булардын кылмыштарына карата эч кандай олуттуу чара көрүлбөйт. Себеби эл аралык саясаттын мүнөзү эки жүздүүлүк, айрыкча кеп АКШга келгенде. АКШ — дүйнөдөгү биринчи державалык макамын сактап калууда Судандагы өз максаттарына жетүү үчүн Ыкчам жардам күчтөрүн жана өлкө жетекчилигин негизги куралы катары көрөт. Бул максаттар Британиянын мурдагы таасир агенттерин (мисалы, “Сумуд” сыяктуу) четтетүү жана Дарфур аймагын түштүк Судан сыяктуу бөлүп чыгарууга даярдоо болуп саналат. Ошондуктан АКШ Ыкчам жардам күчтөрүнүн кылмыштарын жаап-жашырат, ал эми калган эл аралык таасирдүү мамлекеттер бул боюнча олуттуу эч нерсе кыла алышпайт. Натыйжада АКШ бул күчтөрдү колдоп, аларды Жидда платформасы аркылуу кайрадан жаңылап чыгарууга аракеттенет. Ошондуктан алар дайыма “Судандагы согушка аскердик чечим жок” деген ураанды кайталап келишет.
Биз, Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты катары, бул кыргынды жана мурда Дарфурда жана башка аймактарда жасалган бардык кыргындарды толугу менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн жетекчилигинин мойнуна жүктөйбүз. Бул төгүлгөн кан адилетсиз түрдө төккөндөрдүн мойнунда. Аллах Таала ыймандуу бирөөнү атайылап өлтүргөн адамды оор азап менен коркутуп, бул жазаны башка эч бир кылмышка эмес, дал ушул күнөөгө карата гана белгилеген. Алла Таала мындай деген:
﴿وَمَن يَقْتُلْ مُؤْمِناً مُّتَعَمِّداً فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِداً فِيهَا وَغَضِبَ اللهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَاباً عَظِيماً﴾
«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат. Дагы ал Алланын азабына жана каргышына дуушар болот. Алла ал үчүн чоң азапты даярдап койгон». (Ниса сүрөсү, 93-аят).
Ошондой эле биз бул куралсыз тынч тургундарды коргой албагандыгы үчүн өкмөттү да жоопкер деп эсептейбиз. Анткени өкмөт шариат боюнча элди коргоого милдеттүү, жана бул милдетти аткара алат. Бирок, армиянын коопсуздукту камсыздоо милдетин аткаруусуна тоскоол болгон күчтөр бар. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«مَنْ أَصْبَحَ مِنْكُمْ آمِناً فِي سِرْبِهِ مُعَافًى فِي جَسَدِهِ عِنْدَهُ قُوتُ يَوْمِهِ فَكَأَنَّمَا حِيزَتْ لَهُ الدُّنْيَا بِحَذَافِيرِهَا»
«Кимде-ким эртең менен амандыкта ойгонсо, ден соолугу жакшы болсо жана бир күндүк оокаты болсо — ага бүтүндөй дүйнө берилгендей болот» (Тирмизи риваяты).
Ал эми мусулман халифи Ислам мамлекетинин башчысы катары элди душмандардан коргоочу калкан болушу керек. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ، يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Чындыгында, имам – бул калкан, анын артында коргонулат жана согушулат» (Бухари, Муслим риваяты).
Бүгүнкү күндө үммөт дал ушул калкандан ажырап турат. Ага Батыштагы каапыр колонизаторлордун буйругун аткарган, алардын кызыкчылыгына кызмат кылган саткын башкаруучулар үстөмдүк кылып жатат. Ошондуктан, жалпы мусулмандар, айрыкча күч жана мүмкүнчүлүк ээлери өздөрүнүн шариаттагы милдетин аткарып, тартып алынган Ислам бийлигин кайра кайтарып алуу үчүн аракет кылышы керек. Бул – Хизб ут-Тахрирге жардам берип, Пайгамбарлык минхажындагы экинчи Халифалыкты тикелөө аркылуу ишке ашат. Мына ошол Халифалык кайсы жерде болбосун элге тынчтык жана коопсуздук орнотуп, биздин жерлерибизди жана байлыктарыбызды эркелеп ойноп жаткан каапыр колонизатордун колун кесет. Анткени, алардын максаты – мусулмандардын каны агып жатса да, өз кызыкчылыгынан артка кайтпоо.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар». (Анфал сүрөсү, 24-аят)
Ибрахим Усман (Абу Халил)
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий өкүлү
28.04.2025