Басма сөз баянаты
Трамптын аймакка сапары — мусулмандардын байлыгын тоноо жана башкаруучулардын кулчулугун бекемдөө
АКШнын президенти Дональд Трамп келерки жумада Сауд Арабиясына, Бириккен Араб Эмираттарына жана Катарга барарын айтты. “Аксиос” сайтына сүйлөгөн яхудий өкүлдөрүнүн айтымында, анын бул сапарына яхудийлердин түзүмү кошулган жок. Мунун себеби — Газа секторундагы согуш. Бирок алар ошол эле учурда Трамп Нетаньяхуга өз билгенин кылууга жашыл жарык бергенин да белгилешти. Ал эми дүйшөмбү кечинде таратылган видео кайрылуусунда яхудийлердин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Министрлер кабинетинин чечими менен Газа секторундагы аскердик операциялардын масштабын кеңейтүү тууралуу жарыялады. Бул “Гидеондун арабалары” деп аталган саясий-аскерий план алкагында ишке ашмакчы. Анын максаты Газанын бүткүл аймагын кайрадан басып алуу, калкын кууп чыгуу, туткундарды бошотуу жана бардык мужахиддерди жок кылуу.
Мына ушундайча, Аллахтын душманы Трамп аймакка келип, мусулмандардын байлыгын аларды сатып кеткен башкаруучулар аркылуу тартып алып, өз өлкөсүнө инвестиция түрүндө агылтып, АКШ экономикасын кайра көтөрүүгө жумшайт. Ал экономика кийин кайра исламга жана мусулмандарга каршы согушта колдонулат. Ошондой эле ал Яхудий түзүмүнө Газа, Йемен, Сирия жана Ливандагы согушта керектүү курал-жарак жана миллиарддаган доллар менен көмөктөшүүнү улантат. Ошол эле учурда Трамп Газага карата геноцидди улантууга жашыл жарык берип, бул өз кезегинде жаңы план түзүүгө түрткү болду. Яхудий түзүмүнүн каржы министри Бецалель Смотрич мындай деди: «Согуш бүткөндөн кийин Газа толугу менен кыйраган болот… арабдар жаңы машакатка туш болушу керек».
Яхудийлерди Трамп убада кылган курал жана акча менен колдоосу, ошондой эле согушту улантууга уруксат берүүсү, алардын тайманбай, кылмыштарынын кесепетин эске албастан аракеттенишине шарт түздү. Өзгөчө мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулар алар менен бирге экени анык болгондон кийин мас болуп, Жакынкы Чыгыштын келбетин өзгөртөбүз деп кыйкыра башташты!
Ал эми мусулман башкаруучулары болсо, Газа элине жардам берүүнүн ордуна, же болбосо АКШ менен яхудийлерге согушту токтотуу үчүн кысым көрсөтүүнүн ордуна, Трампка акча жаадырып жатышат, ал акчанын бир бөлүгү болсо яхудийлерге жардамга кетүүдө. Алар Аллахтын душманы Трампты Газа менен Йемендеги бир туугандарыбыздын канына боёлгон колу менен тиштери кан менен тамчылаган душманды кубанып, салтанат менен, дос катары тосуп жатышат! Бул кандай акыбал? Бизди өлтүрүүгө, кырылышыбызга өзүбүздүн акчабыз себеп болуп жатат! Душманыбыз алдыбызга кан жуткан абалда келет, ал эми башкаруучуларыбыз аны кучак жайып тосот!
Мусулман башкаруучулары үммөттүн алсырап, кор болуусунун себеби. Алар Батыштын куралы, биздин өлкөлөрдү басып алып, байлыктарыбызды көзөмөлдөөнүн булагы. Алар — яхудий түзүмүнүн жана Батыш колонизаторлорунун коопсуздук жаратуучу куралы. Үммөт алардан арылып, Халифалыкты алардын тактыларынын урандыларынын үстүндө курбаса, биз мындан ары да өлүм менен кордуктун даамын татып жүрө беребиз, өз өлүмүбүздү көрүп туруп эч нерсе кыла албайбыз.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал сүрөсү, 24-аят)
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук Маалымат бөлүмү
08.05.2025