Газа мужахиддерине сөз тийгизген Палестина жетекчиси Хизб ут-Тахрирдин жигиттерин жана калкын камоодн эч тартынбайт!

11
0

Басма сөз баянаты

Газа мужахиддерине сөз тийгизген Палестина жетекчиси Хизб ут-Тахрирдин жигиттерин жана калкын камоодн  эч тартынбайт!

2025-жылдын, 18-апрелинде Палестина автономиясынын коопсуздук кызматтары белгилүү дааватчы, хатиб шейх Жандал Салахты камакка алышты. Ал учурда да алардын колунда. Аны камоонун себеби — жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарганы жана Газа элине режимдердин саткынчылыгын ашкерелегени!

Бул зулумдуктан кийин, 2025-жылдын 24-апрелинде (ишемби күнү шам намазынан кийин) Наблус шаарындагы Аль-Фирдаус мечитинде дагы бир кылмыш жасалды: режимдин эки жалданма чагымчылары инженер Хусам Мальхаска кол салышты. Анын айыбы — мурунку күнү Ухуд согушу тууралуу сабак берип, анда мунафыктардын абалы кандай болгонун түшүндүрүп, бүгүн да ошол мунафык абал кайталанып жатканын, БУУнун “чечимдерине” жана эл аралык мыйзамдарга үмүт арткан чакырыктар ошого дал келерин айтканы.

Бул сабакты өздөрүнө каршы сөз катары кабыл алган бул шылуундар мечитте ызы-чуу салганы аракет кылышты. Бирок эл жана мечиттин имамы алардын чагымын токтотууга аракет кылышты. Натыйжада, бул экөө коопсуздук күчтөрүн чакырып, инженер Хусам Мальхас менен бирге устаз Мухаммад Субхты да карматып кетишти. Экөө тең азыркыга чейин ооздорду жаптырган, Аллахтын үйлөрүнө жана Аллахтын кулдарына зомбулук кылган бийликтин колунда.

Палестина бийлигинин Хизб ут-Тахрирдин жигиттерин камап, оозун жабууга аракет кылышы алардын Палестина калкына карата жалпысынан жасап жаткан зулумдуктарынын бир бөлүгү. Алар яхудийлерге каршы болгондордун бардыгын сөз менен болобу, иш менен болобу куугунтуктап келишет. Алардын Хизб ут-Тахрир жигиттерине кыжыры келгенинин себеби, алар жакшылыкка чакырып, зулумдуктан кайтарышат, жер-жерлердеги кутумдарды, Газадагы элге каршы болгон саткындыкты, жана яхудийлер менен бийликтин чогуу кылып жаткан кылмыштарын элге ашкерелешет. Бул кылмыштар — адамзатты кой, таш менен даракты да аябай калды!

﴿قُلْ إِنَّ رَبِّي يَقْذِفُ بِالْحَقِّ عَلَّامُ الْغُيُوبِ * قُلْ جَاءَ الْحَقُّ وَمَا يُبْدِئُ الْبَاطِلُ وَمَا يُعِيدُ﴾

«Айткын: «Албетте, Раббим Чындык – Куранды (жалган билимсиздик үстүнө) таштайт. Ал кайыптарды анык билүүчү». 49. Айткын: «Чындык – Куран келди (жана жалган – динсиздик жок болду). Эми жалган (жаңы динсиздикти) баштай да албайт, (эски динсиздикти) кайтара да албайт». (Саба’ сүрөсү, 48-49-аяттар)

Хизб-ут-Тахрирдин Берекелүү Палестина жериндеги Маалымат бөлүмү

03.05.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here