Батыш модернизминин жактоочуларына ачык талкуу кылууга чакырык ташталды

11
0

Басма сөз баянаты

Батыш модернизминин жактоочуларына ачык талкуу кылууга чакырык ташталды

2025-жылдын 26-апрелинде Хизб ут-Тахрир / Тунис вилаяты «Модерн мамлекетинин ийгиликсиздиги жана Халифалык мамлекетинин зарылдыгы» деген ураандын алдында өткөргөн жылдык конференциясы Батыш модернизминин жактоочулары тарабынан партияга карата каралоо жана айыптоо кампаниясы менен коштолду. Алар өздөрүн Тунис элинин атынан сүйлөгөн өкүлдөрдөй көрсөтүп, Батышка кулчулук деңгээлдеги саясий жана идеологиялык көз карандылыкты таңуулоого аракет кылышты. Алар Тунистин эли мусулман эл экенин жана өлкөнү узак убакыттан бери каптап турган маданий, саясий жана экономикалык колониализмден кутулууну эңсеп жатканын көз жаздымда калтырышты.

Бул жапайычылык менен жүргүзүлгөн кампанияга жооп кылып, Хизб ут-Тахрир / Тунис вилаятынындагы маалымат бөлүмү төмөнкүлөрдү баса белгилейт:

  1. Хизб ут-Тахрир / Тунис вилаяты 2025-жылдагы Халифалык конференциясы аркылуу «модерн мамлекет» башкарууда, билим берүүдө, экономикада жана тышкы саясатта жаратып кеткен терең кризистерди чечүүгө жөндөмдүү ислам акыйдасынан алынган идеологиялык долбоорду сунуш кылды. Бул аркылуу тунистиктерге жана коомдун ой жүгүрткөн катмарына Ислам алып келген улуу мыйзамдар байлыгы көрсөтүлдү. Ислам — бул жашоонун бардык тармактарын камтыган тутум болуп, аны пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети жүзөгө ашырат. Бүгүн ал дүйнө жүзүндөгү адамзатка секулярдык жана модерн системалардын тозогунан кутулууну алып келе алат.
  2. Модернчилердин Хизб ут-Тахрирдин ишин тыюуга бийликти жана күч структураларын азгырып, идеяларын жана долбоорун акыйкат талкуу кылуунун ордуна каралоого, жалган жалаа жабууга өтүшү — алардын ойлорунун кризиске кабылганын жана Ислам дааватына далил менен жооп кайтарууга күчү жетпегенин көрсөтөт. Андыктан алар жалаа жабуу жана шыкактоо сыяктуу төмөн ыкмаларга өтүп, өздөрүнүн алсыздыгын жана пикирий жеңилүүсүн ачык көрсөтүштү.
  3. Тунистеги модернчилер Батыштагы ой жүгүртүүнүн өзгөрүшүнөн артта калып жатышкандай таасир калтырат. Анткени Батыштын өзүнүн ойчулдары «модерн» долбоорунун ийгиликсиздигин моюндап, аны жамоо аракеттерине карабастан, ылдыйлоону токтото албай жатканын ачык айтышууда. Бул абал аларды “постмодерн” деген түшүнүктү киргизүүгө алып келди. Бул алардын идеологиялык долбоору бүттү деген ачык белги. Эгер Батыштын ойчулдары өзү эле модернди сындап жатса, анда Тунистеги алардын жолун жолдогондор Батыштын колонизатордук идеяларынан тышкары чечимдерди издөөгө аракет кылышпайбы? Айрыкча, Исламда керектүү бардык жолдор жана камкордук бар экендигин эске алганда!
  4. Хизб ут-Тахрир бул өлкөнү Батыштын ар кандай үстөмдүгүнөн жана биздин акыйда, маданият жана өздүк туруктуулугубузду бутага алган колониалдык долбоорлордон бошотууга аракет кылат. Ал өлкөдө чыныгы эгемендүүлүктү камсыздап, чечим чыгаруу укугун кайра Исламга кайтарууну көздөйт. Ушуга байланыштуу партия өлкөнүн байлыктарын кайра кайтарып алууну жана азыр Тунистин жеринде өткөрүлүп жаткан АКШнын AFRICOM аскердик машыгууларын четке кагууну талап кылууда. Бул жолдо анын жигиттери куугунтукка жана аскерий сотторго кабылууда. Ошол эле маалда «модерн» дегенге ыйлактаган, эгемендүүлүктү коргомуш болуп көрүнгөндөрдөн эч ким АКШ армиясынын өлкө эгемендүүлүгүн тепселегенин, жана ошол эле учурда Газадагы урматтуу элге каршы Яхудий түзүмүн колдоп жатканын сындап бир ооз сөз айткан жок!
  5. Хизб ут-Тахрир / Тунис вилаяты модерн идеологиясынын жолдоочулары Халифалыкка каршы согушта Яхудий түзүмүнүн премьер-министри Нетаньяхунун катарына кошулуп калбашын каалайт. Ал Халифалык конференциясынын алдында «Жер Ортолук деңиз жээгинде Ислам Халифалыгынын түзүлүшүнө жол бербейбиз» деп билдирген эле. Биз бул адамдар өз үммөтүнүн жана анын мабдаий долбоорунун — пайгамбарлык жолундагы Халифалыктын — тарабында болушун каалайбыз. Ал долбоор Яхудийлерге шайтандын азгырыгын унуттуруп, аларды жана аларды колдогон Батыш кресттүүлөрүн артка качырганга күчү жетет.
  6. Хизб ут-Тахрир пайгамбарлык жолуна негизделген экинчи Халифалыкты курууга чакырып жатып, Батыштын ойчулдарын жана алардын Тунистеги жолдоочуларын ачык пикирий аклий талкууга чакырат. Бул талкууда чындыктар бурмаланбастан жана адаштырбастан коюлушу керек, анткени далилдер аркылуу чындык айкын болуп, Батыштын модерн жана демократия түшүнүктөрүнүн жалгандыгы ачыкка чыгат. Ислам Батыш менен жана анын тарапташтары менен пикир жана акыл деңгээлинде күрөшөт. Алардын акыйкат пикирге бетме-бет чыгуунун, ордуна каралоо жана күч менен басууга өтүшү — бул алардын алсыздыгынын жана жүйөсүнүн түгөнгөндүгүнүн далили.
  7. Акыры сөз катары мындай дейбиз: Батыш идеологиясынын күнү батууга жакын, ал эми Ислам идеологиясынын күнү кайрадан чыгууга жакын. Хизб ут-Тахрир өзүнүн дааватын бекем алып барууда жана бүткүл адамзатты жапайы капитализм менен кризиске кептелген модерн системасынан куткара турган улуу Халифалыкты куруу багытында токтобостон алдыга жылууда. Бул халифалык дүйнөгө адилеттүүлүк менен ырайымдын нурларын чачат. Ал күн Аллахтын уруксаты менен жакындап калды.

Аллах Таала мындай деген:

﴿الَّذِينَ إِن مَّكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُوا بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

«Аларды (мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти (тийиштүүлөргө) беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Алланын (эрк-ыктыярында)». (Хаж сүрөсү, 41-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Тунис вилаятындагы Маалымат бөлүмү

29.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here