Жамбулат Осмон халифалыгы кайтып келишин каалайт!
Мухандис Мажди Али
Ливандык друз лидери Валид Жамбулат мындай деди: «Түркиянын таасири кеңейип жатат деп коркутуп жатышат. Ошондогу Осмон халифалыгы кайра келсе кана! Ал арабдарды жана мусулмандарды бириктирген эле». Бул билдирүү Осмон халифалыгынын кайра кайтышын каалоо өңүтүндө өзгөчө көрүнүш катары кабыл алынышы мүмкүн. Себеби Осмон халифалыгынын образы – шариат өкүмдөрүн мыйзам чыгаруунун жападан-жалгыз булагы катары кабыл алган халифалык түшүнүгүнүн уландысы.
Бул билдирүүнүн артында эмне болушу мүмкүн экенин изилдөөдөн мурун, Жамбулаттын саясий ишмердүүлүгүндө эки негизги жагдай бар. Биринчиси: саясатты узактан бери байкап жүргөндөр үчүн Жамбулаттын мындай сөздөрүнө таң калуунун кереги жок. Анткени ал көбүнчө «акылдуу сын» деп айтууга болчудай ыкманы, тарыхый салыштырууларды жана аналогияларды колдонуп, аймактык жана эл аралык маселелерге баа берет. Ал өзүнүн көз караштарын түшүндүрүү үчүн тарыхты курал катары пайдаланат жана оппоненттерине жооп берүүдө терең маданий түшүнүктөргө таянат.
Мисалы, АКШнын өкүлү Морган Ортэгустун ага карата айткан сынын Жамбулат кандайча жоопсуз калтырбаганын эскерсек болот. Ал «Ортэгустун Ливанга койгон шарттары мүмкүн эмес» деген сөздөрүнө жооп кылып, Ортэгус «Наркотиктер Валидге зыян» деп жазган. Мунун жообуна Жамбулат 1958-жылы чыккан «Жаман америкалык» аттуу романды, жана ошол эле аталыштагы 1963-жылы тартылган тасманы эскерткен. Бул чыгарма Түштүк-Чыгыш Азияга тынчтык орнотуу үчүн жөнөтүлгөн америкалык адам тууралуу баяндалат. Бирок ал адам саясий кырдаалды жөнөкөй «коммунизм менен демократиянын күрөшү» катары гана көрө алат. Акыры ал маселелердин андан да татаал экенин түшүнгөн кезде кеч болуп калат. Жамбулат бул тарыхый окуяны бир гана «Жаман америкалык» деп жазуу менен, ага #Морган_Ортэгус деген хэштегди кошуп, сатиралык жооп кылып берген.
Эми Жамбулаттын Осмон халифалыгы тууралуу билдирүүсүнө кайра кайрылсак, бул сөздөрдүн азыркы убакта айтылышына аймактык жана эл аралык саясий кырдаалдар себеп болушу мүмкүн.
Мисалы, АКШ президенти Дональд Трамп менен Нетаньяхунун жолугушуусунда Трамптын Түркия жана Эрдоган тууралуу жылуу жана шайкеш сөздөрү, жана Түркияга карата бир нече жолу жылуу мамиле көрсөткөнү байкалган. Бул мамиле конкреттүү жыйынтык берип, Трамп Нетаньяхудан Сириядагы Түркия менен болгон алакасын “логикалуу” калыбына келтирүүнү талап кылгандан кийин, Нетаньяху Сириядагы чабуулдарын токтоткон. Бул болсо Жакынкы Чыгышта жаңы саясий тең салмактуулуктун жана ролдорду кайра бөлүштүрүүнүн белгиси болушу мүмкүн. Мунун негизги оюнчуларынын бири – Түркия, жана Жамбулат бул өзгөрүүлөрдү жакшы түшүнгөндүктөн, аймактык мамилелерди кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн көрүп жаткандай..
Экинчи жагынан, Жамбулаттын Сириядагы жаңы режим менен байланышы жакындашып жатканы да белгилүү. Ошондуктан бул билдирүүсү Сириядагы саясий өзгөрүүлөр менен байланыштуу болушу да ыктымал. Өзгөчө азыркы жаңы бийлик Түркия менен терең алакага ээ болуп, буга чейин сириялык оппозицияны колдоп келген Түркия азыр Асаддын кулашынан кийин Сириянын келечегине дипломатиялык, экономикалык жана аскердик деңгээлде таасир эте ала турган абалга жетти. Бул жаңы түрк-сириялык ыктымал жакындашууну Жамбулат өзүнүн саясий ордун бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүк катары карап жатат..
Жыйынтыгында, Жамбулат саясий турумун бат өзгөрткөн, жаңы кырдаалдарга тез ыңгайлашкан саясатчы катары белгилүү. Ал көп учурда өзүнүн билдирүүлөрү аркылуу бир нече тарапка багытталган билдирүүлөрдү жеткирүүгө аракет кылат. Бул жолу да анын Осмон халифалыгын мактаган сөздөрү тарыхый жана маданий формада айтылган билдирүү болуп, Түркияга жагынуу же аймактык биримдик идеясына колдоо көрсөтүү аракети болушу мүмкүн. Бул болсо Ливан жана бүткүл аймактагы саясий сахнада өз ордун кайра бекемдөөгө багытталган кадам катары каралат.
Бул Жамбулаттын билдирүүсүндөгү саясий өңүттү түшүндүрүп турат. Бирок тарыхты адилеттүүлүк менен жазган жана окуган ар бир киши жакшы билет: Ислам мамлекети, Мединадагы биринчи Ислам мамлекетинен тартып Осмон халифалыгына чейин, бүт тарыхы боюнча өзүнүн калкын — кайсы динден же кайсы этностон болбосун — адилеттүүлүк жана камкордук менен башкарып келген.
Халифалык башкаруу системасы мусулмандарды диний, улуттук айырмачылыктарга карабастан, бир туугандарча бириктирген саясий түзүлүш болгон жана кайрадан курулганда, Аллахтын уруксаты менен, ошондой болору анык. Чынында, халифалык түрдүү элдерди бир саясий жана экономикалык түзүм ичинде адилеттүү жана таасирдүү башкарууга жетише алган жападан-жалгыз система болгон.
Мындай адилет мамиле такыбалыкка негизделген, Аллах Таала мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَىٰ وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ﴾
«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Алла алдындагы эң урматтууңар эң такыбааларыңар. Албетте Алла Билүүчү жана Кабардар». (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Түшүндүрмө: Ушул аятта Ислам дининин адамзатка карата болгон көз карашы баян этилген: Биринчиден бардык инсандар бир ата—эненин перзенттери. Экинчиден инсандардын түрдүү эл, уруктарга бөлунүшү, бири-бири менен жер же мал-дүнүйө талашып, уруш- жаңжал менен өмүр өткөрүүлөрү үчүн эмес, тескерисинче бири-бири менен таанышып, достук-кызматташтык кылуулары жана биргеликте өздөрү халифа болгон мекенди гүлдөтүп, абат кылуулары үчүн. Жана үчүнчүдөн адамдардын Алла таала алдында урматтуу болуулары мал, дүнүйө же, жогорку тек менен эмес, тескерисинче Алладан коркуу жана Ал Зат түшүргөн буйрук-көрсөтмөлөргө моюн сунуу менен болот.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз ﷺ коштошуу хутбасында мындай деген:
«يَا أَيُّهَا النَّاسُ، أَلَا إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ، أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى عَجَمِيٍّ، وَلَا لِأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ، إِلَّا بِالتَّقْوَى، أَلَا هَلْ بَلَّغْتُ؟ قَالُوا: نَعَمْ. قَالَ: فَلْيُبَلِّغِ الشَّاهِدُ الْغَائِبَ»
«Эй адамдар! Күмөнсүз, Эгебиз бирөө! Арабдын ажамга (башкага), кызылдын карага эч кандай артыкчылыгы жок – тек гана такыбалык менен! Мен жеткирдимби?» Алар: «Ооба», — дешти. Ал: «Андай болсо муну бул жерде болгондор жокторго жеткирсин» деди.
Ошондуктан Жамбулаттын бул сөздөрүнүн артында кандай гана саясий эсеп-кысаптар жана регионалдык кызыкчылыктар жатпасын, халифалыктын жыргалчылыгын жана адилет башкаруусун ачык каршы болгондор да толук жокко чыгара алышпайт.
Жакын арада бүткүл дүйнө, мусулмандардын бийлиги жокто канча жакшылыктан куру калганын көрөт. Ал кезде алар Аллахтын жериндеги адилеттүү башкарууну халифалыкты өз көздөрү менен көрүшөт. Бул Аллах Тааланын убадасы жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүйүнчүлөгөн пайгамбарчылык жолундагы экинчи халифалыгы болот, ин шаа Аллах.