Басма сөз баянаты
Суэц каналы: Трамптын билдирүүлөрү жана Мисир режиминин позициясы боюнча талдоо
АКШнын президенти Дональд Трамп “Truth Social” платформасында кезектеги текеберчилик менен билдирүү жасап, америкалык кемелер Суэц жана Панама каналдарынан акысыз өтүшү керек деп талап кылды. Ал бул эки канал “АКШ тарабынан курулган” деп доомат коюп, Тышкы иштер министрине бул колонизатордук талапты мыйзамдаштырган келишимдерди түзүү тапшырмасын берди.
Бул чагымчыл билдирүү Мисирде расмий тараптын жана маалымат каражаттарынын катуу нааразылыгын жаратты. Парламенттеги Коргонуу жана улуттук коопсуздук комитетинин мүчөсү аны Мисирдин эгемендигине шек келтирүү катары сыпаттап, айыптады. Эл ичиндеги бул нааразылыкка карабастан, Мисир режими өзү бул билдирүүгө жооп кайтарбай унчукпай койду. Бул болсо режимдин эл аралык буйруктарга каршы туруу жөндөмсүздүгүн, Батыштагы кафир колонизаторлордун алдында жүгүнүп тургандыгын жана өз эгемендигин да, жада калса “улуттук намыс” деп аталган эң жөнөкөй принциптерди да коргой албастыгын айгинелейт.
Суэц каналы дүйнөлүк сооданын негизги артериясы болуп саналат. Суэц каналынын башкармалыгынын 2023-жылдагы маалыматтарына ылайык, канал аркылуу 26 миңден ашуун кеме өткөн жана бул Мисирге 9,4 миллиард доллар киреше алып келген. Дүйнөлүк сооданын 12 пайызы жана эл аралык жүк контейнерлеринин 30 пайызы дал ушул канал аркылуу өтөт. Бирок мындай зор маанисине карабастан, каналга болгон көзөмөл дагы эле колониялык эл аралык тартипке көз каранды бойдон калууда. Бул тартип 1888-жылдагы Константинополь келишими менен бекитилген, келишимде Мисир бардык мамлекеттерге, анын ичинде Үммөткө каршы күрөшүп жаткан кафир мамлекеттерге да канал аркылуу эркин өтүүгө уруксат берүүгө милдеттендирилген. Ошентсе да, каналдын башкаруусу жана эгемендиги Мисир мамлекетине тиешелүү болуп саналат жана ал кемелердин өтүүсү үчүн акы алууга укуктуу. Бирок, бул да XIX кылымда Ислам Үммөтү саясий жана аскердик жактан кулап жаткан мезгилде колонизатор өлкөлөр орноткон эл аралык системанын алкагындагы укуктук чектөө болуп саналат.
Трамптын бул билдирүүсү Батыштын мусулман өлкөлөрүнө болгон көз карашынын так өзүн чагылдырып турат. Алар биздин байлыктарыбызды өзүлөрүнө таандык мурас деп билишет, мусулмандарды болсо эгемендик укугу жок, баш ийген колониялар катары көрүшөт. Алар биздин ишибизге кийлигишүүнү өздөрүнүн табигый укугу катары эсептешет. Бул, эски жана жаңы колонизатордук саясаттын уландысы. Муну лорд Кромер өз учурунда ачык айтып: «Биз Мисирди Мисир үчүн эмес, өз кызыкчылыгыбыз үчүн басып алдык», – деген эле. Бүгүн ошол эле орой логиканы Батыш кожоюндарына таазим кылган азыркы режимдердин астында Трамп кайрадан жандандырууда.
Мусулмандардын жеринен өткөн суу жолдору умумий (жалпы) мүлктүн бир бөлүгү болуп саналат жана алар шариат мыйзамдарына ылайык башкарылышы керек. Бул жолдорду азыркы адамдар ойлоп тапкан мыйзамдарга же колониялык келишимдерге таянып башкарууга болбойт. Исламда мусулмандардын аймагындагы каналдар же деңиз кысыктары жана суу жолдору ушул өкүмдөр менен жөнгө салынат:
- Ал жолдорго толук эгемендик шариатка жана Исламдын бийлигине, башкача айтканда Халифалыкка таандык.
- Бул жолдордон өтүүнү тартипке салуу иши Үммөттү мажбурлаган келишимдерге жараша эмес, Халифалыктын карамагындагы калктын кызыкчылыгына жараша чечилет.
- Кемелерден өтүү акысын алуу же өтүүгө тыюу салуу шариат боюнча мүмкүн. Ал эми мусулмандарга каршы согушуп жаткан өлкөлөргө, айрыкча колонизатор өлкөлөргө өтүүгө тыюу салынат.
Суэц каналы — Мисир жеринин ажырагыс бөлүгү. Ал эми Мисир мусулман өлкөлөрүнүн бир бөлүгү болгондуктан, бул каналдан баш тартууга, аны эл аралык уюмдардын көзөмөлүнө өткөрүүгө же андан “эркин өтүүгө” милдеттенүүгө болбойт. Муну токтотуунун бирден-бир жолу — Пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалыкты тикелөө. Халифалык мусулмандардын жерлерин бириктирип, байлыктары үстүнөн кайрадан көзөмөл орнотуп берет. Бул улуу максат үчүн Мисир эли Хизб ут-Тахрир менен бирге бул мамлекетти орнотуу жолундагы күрөштү күчөтүшү керек.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
“Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл алгыла жана билип койгула, албетте, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар”. (Анфал: 24).
Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы маалымат бөлүмү