Сиси менен Бурхан жана Суданды калыбына келтирүү деген жалган убада

78
0

Сиси менен Бурхан жана Суданды калыбына келтирүү деген жалган убада

Автор: устаз Абдулхалик Абдун Али

2025-жылдын 28-апрелинде «Аш-Шарк аль-Аусат» гезити «Сиси менен Бурхан суу коопсуздугун жана Суданды кайра курууну талкуулашты» деген аталышта жаңылык жарыялады. Анда айтылгандай, Сиси Каир аэропортунда Бурханды тосуп алган. Бурхандын Каирге сапары Мисир президентинин чакыруусу менен болгон, максат «эки тараптуу кызматташтыкты колдоо жана азыркы ички согуш шартында Каирдин Хартумду колдорун ырастоо» болчу.

Мисир президентинин басма сөз катчысынын маалыматына ылайык, эки тарап жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрүшүп, андан соң эки өлкөнүн делегациялары катышкан кеңири сүйлөшүү болду. Анда согуштан жабыркаган Суданды кайра калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине Мисирдин катышуусу, ошондой эле электр кубатын туташтыруу, темир жолдорду өнүктүрүү жана соода айырбаштоо сыяктуу маанилүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду улантуу маселелери каралды.

Сиси менен Бурхандын сүйлөшүүлөрүндө электр энергетикасы, темир жол, соода, маданият, илим, саламаттык сактоо, айыл чарба, өнөр жай жана кен казуу тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча да сөз болду. Бул кызматташтык эки өлкөнүн ортосунда «интеграция жана ири потенциалды натыйжалуу пайдалануу» максатын көздөйт деп белгиледи Мисир президентинин кеңсеси.

Ошондой эле эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда өткөн кеңири сүйлөшүүдө «Судан армиясынын акыркы учурда Хартумду кайра көзөмөлгө алган ийгилиги» талкууланып, Сиси менен Бурхан «согуш жүрүп жаткан аймактарда жашаган судандыктарга зарыл жардам көрсөтүүнү күчөтүү зарылдыгы» боюнча макулдашышты.

Судандын Каирдеги элчиси Имадуддин Адоуи анын өлкөсүнүн Мисир менен алакаларды тереңдетүүгө каалоосу бар экенин белгилеп, Сиси менен Бурхандын жолугушуусу “Мисир-Судан алакаларынын тереңдигин жана бекемдигин, ошондой эле көз караштар менен позициялардын шайкештигин чагылдырат” деп айтты. Ошондой эле Судандын Каирдеги элчилигинин кеңешчиси генерал Амин Мажзуб “Аш-Шарк аль-Аусат” басылмасына билдиргендей, Судан Мисирдин саясий күчтөрдүн ортосунда пикир келишүүнү жакындатуудагы жана согушту токтотууга багытталган аймактык арачылык аракеттериндеги ролун жогору баалайт.

Бирок Бурхандын бул сапарынын көрүнбөгөн, жашыруун максаттары да болушу мүмкүн. Эки тарап ортосундагы “кайра куруу” жана “Нахр ан-Ниль бөгөтү” (ГЭС) боюнча сүйлөшүүлөр негизги маселе болуп көрүнгөнү менен, бул маселелер буга чейин эле чечилип бүткөн болчу. Мисалы, “Аль-Жазира” сайты 2025-жылдын 23-февралында төмөнкүдөй кабар берген:

“Мисирдин тышкы иштер министри Бадр Абдулъаты бүгүн Мисир менен Судан согуш токтогондон кийин Суданды кайра куруу маселесине көңүл бура турган биргелешкен жумушчу топ түзүүгө макулдашканын жарыялады. Ал эми Судан армиясы өз билдирүүсүндө, Ал-Кутейна шаарын кайра көзөмөлгө алганын жана Ыкчам күчтөрүнүн бөлүктөрүн жок кылганын, ошондой эле Ал-Убайд шаарына жол ачылганын билдирди”.

Бул өңүттө АКШ Лондондо өткөрүлгөн жыйындын ийгиликсиз жыйынтыгын көрүп, Британиянын Судандагы кырдаалга таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин аңдаган көрүнөт. Жыйын формалдуу түрдө ийгиликке жетпегени менен, Дарфурдагы гуманитардык кырдаалга эл аралык көңүл бурууга жетишти. Бул болсо дүйнөлүк деңгээлде согушту токтотуу талабын “гуманитардык” ураандар алдында күчөтүп чыкты.

Ошондой эле Вашингтон бул басымдар анын агенттерине каршы кайрылып кетишин алдын алууга аракет кылып жатат. Ушундан улам, Лондондогу конференциянын натыйжасыз аякташы артынан эле Бурхан Мисирге чакырылды. Бул келечектеги кадамдарды координациялоо жана саясий көрүнүштү кайрадан калыптандыруу аракети катары каралууда. Ошол эле учурда бул сапар Сиси режими тарабынан Бурхандын статусун бекемдөө, ага эл аралык легитимдүүлүк берүү үчүн да уюштурулду. Каирде Бурхан “өлкөнүн мыйзамдуу президенти” катары расмий тосуп алынды, бул болсо анын эл аралык деңгээлдеги позициясын мыйзамдаштыруу аракети болуп эсептелет. Сиси менен жабык эшик артында жолугушуу өткөрүлүп, андан соң делегациялардын катышуусунда кеңейтилген жыйын өтүп, анда “кайра куруу” жана башка “орток маселелер” талкууланды.

Ошондуктан “кайра куруу” деген маселе Сиси менен болгон жашыруун жолугушууга беткап ролун гана аткарып жатат, анткени бул жолугушуунун чыныгы мазмуну коомчулукка ачыкталган жок.

Белгилүү болгондой, “кайра куруу” маселеси адатта согуш аяктап калган учурларда көтөрүлөт, ал эми согуш уланып, инфраструктуранын кыйроосу уланып жаткан маалда мындай маселе коюлбайт. Судандагы согушту байкап жүргөн адам жакшы билет, учурда согуш өзүнүн эң кандуу фазасында турат, инфраструктураны кыйратуу токтогон жок. Жакында эле — өткөн жума күнү — Аль-Убайд мунай иштетүүчү заводу жок кылынды, Ыкчам күчтөрү Нухуд шаарына кирди, Касала жана Порт-Судан аэропорттору дрондор менен аткыланды.

Ошентип, бул шартта “кайра куруу” темасын көтөрүү согушту токтотуу жана саясий келишимге даярдык башталганын билдирет. Бул болсо сахнанын артында кандайдыр бир келишимдер же эсептер жүрүп жатканын айгинелейт.

Бурхан Мисирден кайтып келер замат ачык-айкын саясий сигналдарды жибере баштады, алар жарандык күчтөрдү четке кагууга багытталган эле. Ал оппозицияны жана анын каражаттарын сынга алды жана анын мезгили өтүп кеткенин кыйытып, алдыда турган этап “куралдын даңкы” деген этап болорун жарыялады.

Бул билдирүүлөр менен бир учурда Суданда премьер-министр менен тышкы иштер министрин дайындоо тууралуу маалыматтар пайда болду. Бул болсо жарандык күчтөрдү катыштырбаган, жаңы башкаруу түзүмүн калыптандыруу жараяны башталганын көрсөтөт.

Бул өзгөрүүлөрдүн убактысы көрсөтүп тургандай, сапардын чыныгы максаты расмий айтылган “кайра куруу” маселеси эмес, жаңы саясий көрүнүштү уюштуруу жана макулдашуу болгон. Муну Бурхандын Мисирге сапарынан кийин болгон окуялар да далилдеп турат. Мисалы, Британиянын агенти Рамтан Лаамамра Мисирдин тышкы иштер министри жана Араб Лигасы менен жолугушуусу Бурхандын сапарына реакция катары бааланууда.

Дал ушул маалда Мисир Судан боюнча өткөрө турган жаңы конференция тууралуу кептер чыга баштады. Бул Бурхандын сапары учурунда болгон сүйлөшүүлөрдүн түз уландысы же алардан келип чыккан кеңейтилген аракеттердин натыйжасы катары каралууда.

Жыйынтыктап айтканда, Бурхандын Мисирге сапарынын чыныгы максаты Судандын келечектеги саясий көрүнүшүн кайрадан түзүү жана иретке келтирүү болду. Ал эми “кайра куруу” деген маселе бул сапардын чыныгы күн тартибин жаап-жашыруу үчүн коюлган жасалма ураан гана болгон. Сапардан кийин окуялардын өнүгүшү бул нерсени ачык көрсөтүп жатат.

Тилекке каршы, Судан сыяктуу өлкө азыр кафир мамлекеттер үчүн май чачылган талаа болуп калды. Алар бул жерде бүлүк салып, согуш куралын эркин колдонуп жатышат жана мунун баары өздөрүнүн жаман жана ыплас максаттары үчүн болууда. Булардын көзүндө кан төгүлөбү, аялдар зордукталып, үй-жайлар тонолобу мааниге ээ эмес. Бул пландын учундагы курал – өлкөлөрдү жана элди толугу менен Америкага өткөрүп берген башкаруучулар. Алар өлкөнү каалагандай согушка түртөт же токтотот.

Мусулман өлкөлөрү бүгүнкү күндө ар дайым “мөмө-жемиш” болуп турган объектке айланды. Себеби биз өз мамлекетибиз Ислам Халифалыгын жоготуп койдук. Мурун бул Халифалык эл аралык саясий аренада бирден-бир чечүүчү оюнчу болчу, анын сөзүнө каршы чыгууну эч ким, эч бир мамлекет кыла алчу эмес.

Демек, бул абалдан чыгуунун жолу — кафирлердин көзөмөлүндөгү, алардын колу менен жасалган бул жасалма, улутчул, чек араларга бөлүнгөн мамлекеттерди жок кылуу жана Нубуват жолундагы туура Халифалыкты кайра тикелөө. Ушул гана Ислам Үммөтүнө анын мурунку улуу даңкын жана кадыр-баркын кайтарып берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here