Ислам тынчтыктын жана туруктуулуктун диниби?
Автор: Шейх Аднан Мазиян
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
Кафир колонизатор Батыш дүйнөсү өзүнүн маалымат каражаттарында да, мусулман өлкөлөрүндөгү жалданма медиада да «дүйнөлүк тынчтык жана туруктуулук» деген жалган ураанды жайылтат. Муну угуп жаткан адам дүйнөдөгү саясатчылар бейкүнөө адамдардын каны төгүлбөсүн, элдер бейпил жашасын деген максатка жетүүгө аракет кылып жатышат деп ойлоп калуусу мүмкүн. Албетте, биздин өлкөлөрдөгү саткын башкаруучулар бул жалган ураандарды айтып, Батыштын сөздөрүн тоту куштай кайталап, мүмкүнчүлүк табары менен «тынчтыкты орнотуу», «туруктуулук», «коопсуздукту сактоо», «туруктуулукту камсыз кылуу», «аймакты согуш отуна салгысы келген ыплас күчтөргө каршы туруу» сыяктуу сөздөрдү айтышат. Жада калса, кыянатчы яхудий мамлекети аларды кез-кез кордоп, чабуул койгондо да, америкалык бутка жалынып: «Яхудийлердин бул иши тынчтыкты бузуп, туруктуулукка коркунуч жаратып жатат» – деп ыйлап чыгышат!
Бирок, аз гана аң-сезимге ээ адам Батыш дүйнөсү бул «тынчтык» жана «туруктуулук» деген сөздөрдү башка элдерге каршы колдонулган куралга айландырганын түшүнөт. Батыштын максаты — аларды эзип, байлыктарын талап-тоноп, анын зомбулугуна жана агрессиясына каршы чыгууга жол бербөө. Ал эми өзү болсо, эгер кызыкчылыгына жооп берсе, каалаган убакта согуш баштап, бүтүндөй өлкөлөрдү бүлдүрүп таштайт. Мындай учурда алар үчүн тынчтык да, туруктуулук да эч нерсеге арзыбай калат!
Эми эң кооптуу жана маанилүү бир маселе бар, бул — дин «соодагерлери» менен падышалардын жарчылары тарабынан чыгарылган жаңы «бидъат». Алар «Ислам — бул тынчтыктын дини, анын максаты да тынчтык, Ислам бүткүл дүйнө элдери менен тынч жана ынтымакта жашоону көздөйт, ошондуктан биздин өлкөнүн тышкы саясаты да ушул багытта болушу керек» дешет. Алар «туруктуулукка шек келтиргиси келген ар кандай адам — террорчу. Ал Исламдын өкүмдөрүнө каршы чыгып, бүткүл адамзатка жана диндерге, анын ичинде Исламга каршы кызмат кылат!» деп жалаа жабышат.
Бул билдирүүлөр ачык эле түрдө кафирлердин долбоорлоруна кызмат кылып жатканын жана алар биздин өлкөлөрдөгү үстөмдүгүн бекем сактап калууга умтулуп жатканын көрсөткөнү менен, мусулман адамдар, айрыкча Ислам талаасында иш алып баргандар өз дининин чыныгы маңызын жана шариаттын негиздерин түшүнүүсү өтө маанилүү. Бул Ислам фыкхын жана анын максаттарын бурмалап, жалган жана туура эмес маанидеги сөздөрдү колдонууга жол бербөө үчүн керек. Ошондуктан ушул чындыктарга көңүл буруу зарыл:
Шариаттын бардык өкүмдөрүнүн негизги максаты — чындыкты үстөм кылуу жана батылды жокко чыгаруу. Эгер бул максатка жетүү үчүн батыл ээлери менен материалдык күч менен күрөшүү керек болсо, анда бул жихад жана куралдуу күрөш аркылуу жүзөгө ашат. Ал тургай, бул жолдо шейиттер берилсе, душмандар өлтүрүлсө, көптөгөн каражат сарпталса да, Аллах Таала муну улук сооп катары эсептеп, мужахиддерди жогору даңазалаган жана аларга Жогорку Бейишти убада кылган.
Ошондуктан, тынчтык жана туруктуулук Исламда өз алдынча максат эмес. Исламдын чыныгы максаты — чындыкты колдоо жана адилеттүүлүктү орнотуу. Адилеттүүлүк – ар бир укук ээсине өз укугун берүү.
Ал эми Аллахтын кулдарынан болгон укугу — бул Жер жүзүндө жалгыз Ага гана ибадат кылынуусу жана Ага шерик кошулбоосу. Бул тууралуу Аллах Таала айтат:
﴿إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ﴾
«Себеби шерик келтирүү чоң зулумдук». (Лукман: 13).
Аллахтын дагы бир укугу — Анын сөзү Жер жүзүндө эң бийик болушу, Анын шариаты үстөм болушу жана Анын өкүмдөрү жүзөгө ашышы. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт:
﴿هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ﴾
«Ал (Аллах) Өз пайгамбарын Туура Жол жана чындык дин менен, мушриктер каалашпаса да, бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат». (Тообо: 33).
Бул аятта мушриктердин жек көрүшү айтылгандыгы Ислам дининин жана шариаттын үстөмдүгү материалдык күч менен камсыз болорун билдирет. Бул болсо «тынчтык» жана «туруктуулук» деп элди алдап келгендердин түшүнүгүнө карама-каршы келет.
Аллах Таала мындай деген:
﴿وَإِذْ يَعِدُكُمُ اللهُ إِحْدَى الطَّائِفَتَيْنِ أَنَّهَا لَكُمْ وَتَوَدُّونَ أَنَّ غَيْرَ ذَاتِ الشَّوْكَةِ تَكُونُ لَكُمْ وَيُرِيدُ اللهُ أَن يُحِقَّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ وَيَقْطَعَ دَابِرَ الْكَافِرِينَ * لِيُحِقَّ الْحَقَّ وَيُبْطِلَ الْبَاطِلَ وَلَوْ كَرِهَ الْمُجْرِمُونَ﴾
«Ошондо (эй момундар) Аллах эки тайпанын (кербен жана кошуундун) бирин силер үчүн (олжо) кылууга убада берген эле. Силер курал-жараксыз тайпа (тактап айтканда кербен) силер үчүн болуусун эңсеген элеңер. Аллах болсо Өз сөздөрү менен чындыкты жүзөгө ашырууну жана кафирлердин куйругун кесүүнү каалаган эле. Ал кылмышкер-күнөөлүүлөр жаман көрүшсө да чындыкты чын, бузгунчулукту бузук кылуу (жоюу) үчүн (ошондой каалаган эле)». (Анфал: 7–8).
Бул аят Бадр салгылашуусунда Аллах Тааланын кафирлердин тамырын кыркуу, чындыкты үстөм кылуу, жалганды жок кылуу үчүн салгылашууну пландаганын көрсөтөт.
Аллах Таала дагы айтат:
﴿أُذِنَ لِلَّذِينَ يُقَاتَلُونَ بِأَنَّهُمْ ظُلِمُوا وَإِنَّ اللهَ عَلَى نَصْرِهِمْ لَقَدِيرٌ * الَّذِينَ أُخْرِجُوا مِن دِيَارِهِم بِغَيْرِ حَقٍّ إِلَّا أَن يَقُولُوا رَبُّنَا اللهُ وَلَوْلَا دَفْعُ اللهِ النَّاسَ بَعْضَهُم بِبَعْضٍ لَّهُدِّمَتْ صَوَامِعُ وَبِيَعٌ وَصَلَوَاتٌ وَمَسَاجِدُ يُذْكَرُ فِيهَا اسْمُ اللهِ كَثِيراً وَلَيَنصُرَنَّ اللهُ مَن يَنصُرُهُ إِنَّ اللهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾
“Чабуулга учурап жаткан заттарга зулумдук көргөндүктөрү себептүү (согушууга) уруксат берилди. Албетте Аллах аларды жеңишке ээ кылууга кудуреттүү. Алар Өз журттарынан жалаң «Биздин Роббибиз (жалгыз) Аллах» дегендиги үчүн гана куулган заттар. Эгер Аллах адамдардын айрымдарын айрымдары менен кайтарып турбаса, кадиксиз, Аллахтын наамы көп эстеле турган (рахибдердин) монастырлары, (насранийлердин) чиркөөлөрү, (яхудийлердин) ибадатканалары жана (мусулмандардын) мечиттери ойрон кылынган болоор эле. Албетте, Аллах Өзүнүн (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шексиз, Аллах Күчтүү, Кудуреттүү. (Хаж: 39–40).
Бул аят Аллахтын жол-жобосу кафирлерди жана зулум кылуучуларды чындыкты кармаган момундардын күчү аркылуу тыйуу экенин ачык билдирүүдө. Эгерде бул болбосо, ибадатканалар кыйратылып, куфр менен зулум күч алмак.
Аллах Таала дагы мындай дейт:
﴿وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّى لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ كُلُّهُ لِلَّهِ فَإِنِ انتَهَوْا فَإِنَّ اللهَ بِمَا يَعْمَلُونَ بَصِيرٌ﴾
«Тээ фитна токтоп, дин толугу менен Аллахка таандык болгонго чейин алар менен согуша бергиле! Эгер тыйылышса, анда силер да токтогула! Анткени, залымдарга гана каршы душмандык кылуу мүмкүн. (Бакара: 193).
Бул аят дагы Исламдагы негизги максат адамдардын динден адашуусун алдын алуу жана чыныгы дин болгон Исламдан башка жалган диний жүйөлөрдөн үстөм болушун камсыз кылуу экенин ачык көрсөтөт. Бул максатка жетүүнүн жолу — жихад жана куралдуу күрөш. Бул болсо, «тынчтык жана туруктуулук» деген ураандарга карама-каршы келет.
Аллах Таала бизди – пенденин жаны өлүмдү, курал-жарак жана согуш каражаттарына мал-мүлктүн сарпталышын жаман көрсө да – жихад жана куралдуу күрөш менен сынарын билдирген. Ошентсе да, Аллах бизге эмне жакшылык экенин Өзү билет, ал эми биз көп учурда билбейбиз деп билдирген. Аллах Таала айтат:
﴿كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ وَهُوَ كُرْهٌ لَّكُمْ وَعَسَى أَن تَكْرَهُوا شَيْئاً وَهُوَ خَيْرٌ لَّكُمْ وَعَسَى أَن تُحِبُّوا شَيْئاً وَهُوَ شَرٌّ لَّكُمْ وَاللهُ يَعْلَمُ وَأَنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ﴾
«(Эй, момундар!) Силерге жакпаса да, согуш фарз кылынды. (Анткени) силер өзүңөр үчүн жакшы (пайдалуу) болгон нерсени жаман көрүшүңөр жана силер үчүн жаман (зыяндуу) болгон нерсени жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Аллах билет, а силер билбейсиңер». (Бакара: 216).
Ал дагы мындай дейт:
﴿وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ * إِن يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِّثْلُهُ وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنكُمْ شُهَدَاءَ وَاللهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ﴾
«Куфга каршы күрөштө (суз болбогула) жана кападар болбогула! Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, жалгыз силер үстөмдүк кылуучусуңар. Эгер силерге жаракат жеткен болсо, ал коомго дал ошондой жаракат жеткен. (Ибрат болсун деп) жана Аллах чыныгы ыйман келтирген кишилерди билиши, ошондой эле араңардан шейиттерди ылгап алуусу үчүн Биз бул күндөрдү (жеңүү жана жеңилүү күндөрүн) адамдар арасында айландырып турабыз. Аллах залим кишилерди жакшы көрбөйт». (Али Имран: 139–140).
Бул аяттардан түшүнгөн адам үчүн чындыкты орнотуу, зулумду жок кылуу жана шариатка жардам берүү кыйноо жана азаптан жогору турары түшүнүктүү болот. Жихад жолундагы бардык курмандыктар — Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнүн жолу. Шейиттердин жана курман болгондордун өлүмү Аллах Тааланын каалоосу менен даражаларды көтөрүү жана тандап алуу болуп саналат.
Ошондой эле аяттар мусулмандарды динге жардам берүүгө жана кайсы жерде болбосун кысымда калган мазлумдар үчүн жихад кылууга үндөйт. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّاً وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيراً﴾
«(Эй момундар), силерге эмне болду, Аллах жолунда жана: «Роббибиз, бизди тургундары залим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин», – деп жаткан эркектер, аялдар, ошондой эле балдардан турган бечаралар(ды азат кылуу) жолунда согушпай жатасыңар?!». (Ниса: 75).
Куран мусулмандарды душмандык кылып жаткан кафирлерге тынчтык сунуштоого шашылбоого чакырган, анткени бул батыл ээлеринин алдында алсыздык болуп эсептелет. Аллах Таала мындай дейт:
﴿فَلَا تَهِنُوا وَتَدْعُوا إِلَى السَّلْمِ وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ وَاللهُ مَعَكُمْ وَلَن يَتِرَكُمْ أَعْمَالَكُمْ﴾
«Ошондуктан (эй момундар), силер (ал кафирлерге каршы согушуп жатканыңарда эч качан) суздук кылбагыла жана өзүңөр үстөм-жеңүүчү болгон абалыңарда (аларды) жарашууга да чакырбагыла! Аллах силер менен бирге жана Ал эч качан кылган ишиңердин (сооп-сыйлыгын) кемитпейт». (Мухаммад: 35).
Эгер душмандар өздөрү тынчтык сунуштап чыгышса, анда бул сунуш чындыкка кызмат кылабы же жокпу, ошого жараша кабыл алынат же четке кагылат.
Демек, тынчтык жана туруктуулук Исламдын максаты эмес, Исламдын чыныгы максаты — чындыкты үстөм кылуу жана зулумду жоюу, мейли бул жолдо кан төгүлсө же мал-мүлк сарпталса да.
Бүгүнкү күндө Үммөттүн милдети — өзүнүн бийлигин жана аткаруучу органын — Халифалыкты кайтаруу үчүн кандай гана кыйынчылык болбосун көтөрүп, бардык мүмкүнчүлүгүн жумшоосу керек. Анткени Халифалык Үммөттү бириктирип, күчүн жыйнап, акыйкатты орнотуу жана жалганды жок кылуу үчүн иш алып барат.