Эй жоокерлер! Аллахтын чакырыгына жооп бергиле!

55
0

Эй жоокерлер! Аллахтын чакырыгына жооп бергиле!

Газа, Батыш жээк, Ливан жана Сирияда Яхудий мамлекетинин күн сайын жасаган кылмыштары эч кимге жашыруун эмес. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көңүл борборунда мусулман өлкөлөрүндөгү окуялар, айрыкча ыйык жер Палестиндагы болгон окуялар турат. Кабар программалары, гезит-журналдар баары бул жөнүндө айтып жатат. Социалдык тармактар болсо балдардын, ымыркайлардын, аялдардын жана кары-картандардын соккуга алынган коркунучтуу сүрөттөрү менен ташкындап турат. Мечиттер талкаланып, оорукана жана жолдор кыйратылып, үйлөр жашоочулары менен кошо жер менен жексен болууда. Чатырлар бомбалоого алынып, ичинде качкындар жана алардын акыркы калган мүлкү кошо өрттөлүп жатат.

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү Газа жана анын элине жардам берүү үчүн мусулман армияларын ойготкон кайрылуусун жарыялады. Бул кайрылуу жоокерлерди жана офицерлерди ойготууга багытталган жана төмөнкүдөй суроолорду узатат:

Эй жоокерлер! Эй офицерлер!

Ар күнү эртең менен күзгүгө карап, аскер формасын кийип, ийиниңерде жылдыздар менен таажыларды көрүп туруп, күндүн кадыр-баркы жана эрдик сезими жүрөгүңөрдү козгобойбу?!

Эртең мененки сапка тизилип, жылтыраган куралдарыңарды көргөзүп, “Биз — бул жердин коргоочуларыбыз!” — деп кыйкырып жатканыңарда намысыңар ойгонбойбу?!

Кантип чыдайсыңар?! Силер адамзатка каршы зулумдук кылган күчтөр менен шериктеш болгон режимдерден буйрук алып жатасыңар, ал эми ошол эле күчтөр бир туугандарыңарды жана элдериңерди тынымсыз жана кайрымсыз бомбалап жатышат!

Мунун баары силерге кордук жана абийирсиздик катары сезилбейби?!

Кантип чыдайсыңар?! Силер төшүңөргө медалдарды тагынып алып, балдарыңарды кучактап жатканда, Газадагы аталар болсо балдарынын дене мүчөлөрүн баштыкка чогултуп, көмүүгө даярданып жатышат — мунун алдында уялбайсыңарбы?!

 Силер аялдарыңар жана балдарыңар менен дасторкон четинде отуруп, курсак тойгузуп жатканыңарда, Газадагы бир туугандарыңар суусап, бир уурттам суу же бир кесим нан таба албай жатышса — ошол тамагыңар таттуу сезилеби?!

Араңарда акылдууларыңар кантип бул жасалып жаткан жырткыч өлүмдөрдү тынч кабыл алышат?! Жихадды таштап, жардамсыз калган мазлумдарга жардам бербей, мойнуңардагы милдетти аткарбай жатып — өлүмдү күткөнүңөр бул эмнеси?!

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү өз кайрылуусун мындайча аяктады:

Таңгалычтуу нерсе, эй жоокерлер!

Мындай кайгылуу окуялардын баарын көрүп туруп, аны менен силердин эч кандай ишиңер жоктой, буга силердин элиңер, бир туугандарыңар кабылбагандай кайдыгер калганыңар таң калычтуу!

Кантип уялып койбойсуңар?!

Бир туугандарыңар силерден жардам сурап жатышат, алардын аталары силерди чакырып жатат, балдары силерге кайрылып жатышат, кыздары болсо силерден ырайым тилеп жатышат — бирок араңарда жооп берген бирөө да жокпу?!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here