БОРБОР АЗИЯ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК КҮЧТӨРДҮН КАГЫЛЫШУУСУ

24
0

БОРБОР АЗИЯ ЖАНА ДҮЙНӨЛҮК КҮЧТӨРДҮН КАГЫЛЫШУУСУ

Устаз Абдулазиз ал-Өзбекий

Эл аралык туруксуздук, Трамптын опурталдуу саясаты жана күчтөрдүн тең салмактуулугунун солкулдашы дүйнөлүк державаларды өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн шашылыш жана радикалдуу чараларды көрүүгө мажбур кылууда. Борбор Азия болсо дал ушул күчтөр кагылышкан кызыкчылыктардын жалынында күйүүдө. Бул кырдаалдын негизги себеби — аталган аймактын геосаясий маанисинде.

Жарыяланбаган маалыматтарга ылайык, Борбор Азиянын байлыгы дүйнөдө Араб булуңунан кийинки экинчи орунда турат. Географиялык абалы боюнча ал континенттерди — Чыгыш менен Батышты — байланыштырган стратегиялык түйүн болуп саналат. Бул аймак дүйнөлүк саясатты жүргүзүүдө, согуш аракеттеринде жана эл аралык мамилелерде өзгөчө мааниге ээ.

Дүйнөлүк державалардын кыймылдаткыч факторлору байлык жана коопсуздук болуп эсептелет. Байлыкка байланыштуу саясат — бул колониялык саясат, ал эми коопсуздукка байланыштуу саясат — бул коргонуу саясаты. Ушунун негизинде Борбор Азия колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыктары кагылышкан аймакка айланды.

Коопсуздук маселесине келсек, Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азия — исламдын саясий, мабдаий формасы күчтүү таасир бере алган эң маанилүү аймактар. Ошондуктан бул эки аймакты колонизаторлор өздөрүнүн негизги душманы катары эсептеген исламга каршы аскердик жана коргонуу саясатынын өзөгүнө айланткан. Ушундан улам дүйнөлүк державалар Борбор Азиядагы эл аралык жолдорду өз көзөмөлүнө алууга аракет кылууда. Анткени бул аймак геосаясий жактан Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү бириктирген стратегиялык мааниге ээ болгон чоң көпүрө.

Расмий билдирүүлөр бул пикирди тастыктайт:

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 2023-жылы Мамлекеттик департамент тарабынан жарыяланган расмий билдирүүсүндө мындай деген:

“Борбор Азиядагы туруктуу жана натыйжалуу транспорттук коридорлор бул аймакта экономикалык өсүшкө гана жол ачпастан, дүйнөлүк базарлар менен да байланыш түзөт.”

Кытайдын президенти Си Цзиньпин мындай деди:

«Кытай Борбор Азия менен транспорттук байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар. Биз Каспий деңизинен өтүүчү эл аралык транспорт коридорунун өнүгүшүн колдойбуз жана Кытай менен Кыргызстан жана Өзбекстанды байланыштырган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү илгерилетип жатабыз».

Орусиянын президенти Владимир Путин 2023-жылы Россия Федерациясынын расмий билдирүүсүндө мындай деген:

«Борбор Азияда транспорттук коридорлорду түзүү — Евразияда бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүүнүн негизги элементтеринин бири болуп эсептелет».

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мындай деди:

«Биз Борбор Азияны Европа менен Азияны байланыштырып турган туруктуу жана экологиялык таза транспорттук байланыштардын негизги түйүнү катары карайбыз».

Бүгүнкү күндө атаандаш күчтөрдүн болушу жана азыркы же күтүлгөн коркунучтардын шартында эл аралык жолдор боюнча тандоолор арбын болот, ошондуктан эң ылайыктуусун тандоо оңой болбойт. Ошого карабастан, колонизатор мамлекеттер үчүн аймактагы режимдердин «эшиктерди» алардын пландары үчүн ачышы көбүрөөк ишеним жаратат.

Мисалы, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу жөнүндө мындай деди:

«Бул — чындыгында тарыхый окуя. Ага биздин дос өлкөлөр дээрлик 30 жылдан бери умтулуп келишкен. Ал Борбор Азияны Кытай менен кыска кургак жол аркылуу туташтырат жана өлкөлөрүбүздүн көп тармактуу кызматташтыгын кеңейтүүгө, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзөт».

Ал ошондой эле кургактык аркылуу өтүүчү трансконтиненталдык транспорт коридору жөнүндө мындай деди:

«Биз Азия–Тынч океан, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европанын ири базарлары менен байланыштырган трансконтиненталдык транспорт коридорлорунун потенциалын толук пайдаланууга милдеттүүбүз. Бул жолдор биздин аймак аркылуу өтөт».

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Афганистан аркылуу өтүүчү транспорттук коридорлор жөнүндө мындай деди:

«Азыркы учурда Афганистандын аймагы аркылуу транспорттук коридорлорду ачуу маселеси талкууланып жатат. Бул кадам Түштүк Азия жана Инд океанындагы потенциалдуу базарлардын портторуна жетүүнүн жолун ачат. Бул маселе менен аймактагы бардык өлкөлөр кызыкдар».

Ал ошондой эле транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү жөнүндө мындай деди:

«Транспорттук байланыштарды комплекстүү жакшыртуу, аба каттамдарынын жыштыгын жогорулатуу, жаңы аба жана темир жол каттамдарын ачуу, чек ара өткөөлдөрүн жаңыртуу ж.б. иштерди жүргүзүү зарыл. Ошондой эле транспорт инфраструктурасын инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу жана унаа транзиттик жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү, транзиттик логистиканы өнүктүрүү менен алдыга жылууну камсыз кылуу маанилүү».

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу боюнча мындай деди:

«Бул темир жол Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Ал Борбор Азия аркылуу Кытайды, Европаны жана башка мамлекеттерди байланыштырган транзиттик коридорду түзүүгө шарт түзөт».

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон болсо Борбор Азия өлкөлөрү ири транспорт жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күч жумшоосу керектигин белгилеп, мындай деди:

«Бул максатта биз өз аймагыбыз аркылуу чыгыштан батышка жана түндүктөн түштүккө карай өткөн артыкчылыктуу жана эл аралык маанидеги соода-транзиттик коридорлорду аныктадык. Жүктөрдү эл аралык ташууну өнүктүрүүдөн максималдуу натыйжа алуу үчүн ылайыктуу концепция иштеп чыгууну сунуштайбыз».

Эми суроо туулат: ушул аймактардагы куурчак режимдерден эмнени күтүүгө болот?!

Алар элдин эмес, колонизатор державалардын кызыкчылыгына иштеп, “инфраструктура” деген шылтоо менен дүйнөлүк күчтөргө жол ачып беришүүдө. Алардын максаты өз элинин эркиндиги же өнүгүшү эмес, сырткы оюнчулардын стратегиялык пландарын ишке ашыруу. Жогорудагы коридорлор — байлыкты ташуу жолдору гана эмес, аймакты геосаясий көзөмөлдөө куралы болуп калышы толук мүмкүн.

Ал эми Афганистан бул эл аралык жолдорго өтүүчү башкы дарбаза гана болбостон, балким жалгыз тосук же коргоо болушу мүмкүн болгон өлкө. Ошондуктан кечээги душман бүгүн дос болууга аракет кылып жаткан кези!

2025-жылдын 20-мартында, АКШнын Афганистандагы мурдагы атайын өкүлү Залмай Халилзад Кабулга барып, АКШ президентинин туткундар иши боюнча атайын өкүлү Адам Бойлер менен бирге Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушту.

Орусия ТИМинин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабулов 2024-жылдын 4-июнунда “Россия Сегодня” маалымат борборунда мындай деп билдирди:

«Москва Талибан кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаргандан кийин Афганистандын ШКУга толук мүчө болушун колдойт».

Азыркы учурда Афганистан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) көзөмөлчү мамлекет катары катышууда.

Ошондой эле 2024-жылдын ноябрында, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу жетектеген жогорку деңгээлдеги делегация Кабулду зыярат кылып, Талибан өкмөтүнүн жетекчилери менен жолугушуп, саясий, экономикалык, соода жана транзиттик транспорт жаатындагы кызматташууну талкуулашкан. Шойгу өз сөзүндө Орусия Афганистан менен мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин билдирген.

Президент Владимир Путин да мындай деген:

«Орусия азыр турукташып бараткан Афганистандын азыркы жетекчилиги менен мамилелерди өнүктүрүүгө ниеттенүүдө».

Ал эми Bloomberg агенттиги булактарына таянып маалымдагандай, айрым Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Талибан бийликте турган шартта Афганистанда элчилик ачуу мүмкүндүгүн караштырып жатышат.

Бул процесстер эмнени билдирет?

Кечээ «террорист» деп аталган Талибан бүгүн «стратегиялык өнөктөш» катары каралып жатат. Себеби Афганистанды өз көзөмөлүнө албастан, Борбор Азия аркылуу өткөн транзиттик жолдорду ишке киргизүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Батыш да, Чыгыш да өз саясий-экономикалык пландарын жүзөгө ашыруу үчүн Талибан менен сүйлөшүүгө аргасыз болууда.

Мындай мекемелерди (элчиликтерди) ачуу — бул Талибан жетектеген исламий уюмду дипломатиялык деңгээлде таануу дегенди билдирет. Бул аракетке барган өлкөлөрдүн бири — Италия. Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, акыркы бир нече жума ичинде Рим Афганистандын борбору Кабулга атайын миссия жиберип, ага чалгын кызматтары дагы тартылган.

Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни Кабулга алардын элчиси жакында барганын ырастады. Ал Вашингтондогу НАТО саммитинин алкагында берген маегинде мындай деди:

«Биз бул багытта иштеп жатабыз. Биздин элчибиз өз миссиясын аяктады. Бирок бул жерде адам укуктарына байланышкан маселелер бар. Бул чечим абдан татаал жана убакытты талап кылат».

Жыйынтыктап айтканда:

Эл аралык аренадагы чыңалуу эл аралык жолдор үчүн күрөштү күчөтүп, негизги транспорт жолдорун кайрадан түзүүгө аргасыз кылууда. Ал эми геосаясий мааниге ээ болгон Борбор Азия ушул күрөштүн өзөгү жана максаты болуп калды.

Индия — Жакынкы Чыгыш — Европа союзу деген ат менен белгилүү болгон транзиттик долбоор, жарыяланып үлгүрбөстөн, жокко чыкты. Бул долбоордун жарыяланышы G20 саммитинде болгон. Максаты — Индияны Сауд Арабия аркылуу Кытай менен Орусияны айланып өтүп, Европа менен байланыштыруу болчу. Бул жол яхудийлердин көзөмөлүндөгү порттор аркылуу өтмөк. Мындайча айтканда, бул долбоор Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгесине жана Орусиянын түндүк жолу долбооруна ачык-айкын каршы чыгып, аларды четке кагуу аракети эле.

Бирок 2023-жылдын 7-октябрындагы “Аль-Акса ташкыны” операциясынан кийин Жакынкы Чыгышта чыңалуу күчөп, бул долбоор үнсүз жокко чыгарылды.

Чындыгында, Жакынкы Чыгышта жана Борбор Азияда үстөмдүк орнотуу максатындагы каапыр колонизаторлордун бардык бул өңдүү долбоорлорун жокко чыгаруунун жападан жалгыз жолу — Рашид Халифалыкты кайра тикелөө.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿أَيَبْتَغُونَ عِندَهُمُ الْعِزَّةَ فَإِنَّ الْعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعاً‎

«Алар ошол каапырлардын жанынан күч-кубат издешеби?! (Убара болушат!). Анткени бардык күч-кубат Аллага таандык». (Ниса сүрөсү, 139-аят).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here