Жаңы криптовалюта системасы кимге кызмат кылат?

38
0

Жаңы криптовалюта системасы кимге кызмат кылат?

Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Президенттин айтымында, бул кеңеш виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, аны мамлекеттик башкарууда жана республиканын негизги тармактарында колдонуу үчүн түзүлгөн. Ал ошондой эле 2022-жылы виртуалдык активдерди чыгаруу, сактоо жана жүгүртүү үчүн укуктук негиз түзгөн «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам кабыл алынганын эске салды.

Мамлекет башчысынын айтымында, санариптештирүү процесстери ар кандай тармактарда күчөп жатат. Бул өзгөрүүлөр «жаңы мүмкүнчүлүктөрдү» ачат жана мамлекеттен так жана түшүнүктүү чечимдерди талап кылат. Кеңештин ишмердүүлүгү финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана билим берүү программаларын илгерилетүү, киберкоопсуздук жана колдонуучуларды кибер шылуундардан коргоо, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына блокчейн-технологияларды киргизүү маселелерин камтыйт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев виртуалдык активдерди өнүктүрүү экономикалык эле маселе эмес, ал стратегиялык коопсуздук маселеси экенин баса белгиледи. Бирок, кимдин коопсуздугу жөнүндө кеп болуп жатканын айткан жок. Бул киберкоопсуздук маселесин мурдагыдан да орчундуу кылып, ыкчам жана координацияланган аракеттерди талап кылат. Ошондой эле, блокчейндин негизинде санариптик сомду түзүү, крипторезерв жана келечекте стейблкоин чыгаруу максатталды. Бул максатта Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири «Binance» криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао чакырылган.

Дароо белгилей кетүүчү нерсе, криптовалюталардын өнүгүшү жана улуттук валюталарды колдоонун салттуу системаларынан баш тартуу өлкөнүн экономикалык абалын начарлатат, мамлекет жана анын жарандары үчүн бир катар экономикалык жана социалдык тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн.

Криптовалюта – бул виртуалдык валюта катары колдонула турган санариптик активдер. Башкача айтканда, материалдык формага ээ болбогон акчанын санариптик түрү. Ошондой эле кагаз акчалар сыяктуу алтын жана күмүш сыяктуу баалуу металлдар менен корголгон эмес. Айрым мамлекеттердин мисалында бул технологияларды колдонуунун кейиштүү жана терс тажрыйбасы тууралуу төмөндө айтып өтөбүз. Ал эми адегенде криптовалюталарды мамлекеттик деңгээлде колдонуунун орчундуу тобокелдиктерин карап чыгалы.

Бул технологиялык багытты өнүктүрүү, албетте, капиталисттик өлкөлөрдүн жана алардын экономикаларынын мисалында салттуу түрдө колдонулган мамлекеттин акча-кредит саясатын алсыратат. Капиталисттик системада Борбордук банктар экономиканы акча массасын жана пайыздык чендерди көзөмөлдөө аркылуу башкарат. Эгер мамлекет электрондук технологияларды өнүктүрүп бара берсе, салттуу акчалар жоголуп экономиканын криптовалютага көз каранды болуу тобокелдигине такалат. Муну менен мамлекет инфляцияны жана улуттук валютанын курсун көзөмөлдөө сыпатын дээрлик жоготуп коет. Ошондой эле мамлекет кризистерге жооп катары салттуу каражаттарын – эмиссия же кайра каржылоонун ставкаларын өзгөртүүнү колдонуусу кыйыныраак болуп калат.

Бул ошондой эле капиталисттик экономиканын табиятына ылайык, бюджеттин толтурулушуна үлкөн салымы бар салык кирешелеринин төмөндөшүнө алып келет. Салттуу түрдө криптовалюталар көбүнчө анонимдүү же начар көзөмөлдөнгөн транзакцияларды колдонушат жана жашыруун аракет кылгандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп, которуулар көлөкөдө калат. Бул өз кезегинде кирешелерди көзөмөлдөөнү жана келишимдерден салык алууну кыйындатат. Ошондой эле көмүскө экономиканын көлөмү өсөт. Натыйжада, бюджеттин толушун азайтат жана мисалы, медицина, билим берүү, инфраструктураны жакшыртуу сыяктуу мамлекеттик каржылоонун азайышына алып барат.

Кыскасы, салттуу валютадан криптовалютага өтүү финансылык туруктуулук тобокелдиктерин жогорулатат. Криптовалюталардын баасынын кескин жана көзөмөлсүз өзгөрүүлөрү «жогорку туруксуздук» деп аталат жана ал калктын жеке каражаттарын, инвестиция салгандардын капчыгын массалык түрдө омкоруп турушу мүмкүн. Ошондой эле мындай туруксуз активдерди финансылык мекемелерге, банктарга киргизүү ар кыл кризистерге алып келиши мүмкүн.

Эгер мамлекет салттуу валютаны алмаштыруу саясатын бекитсе, бул сөзсүз түрдө финансылык кылмыштардын өсүшүнө алып келет. Анткени криптовалюталар негизинен акчаны адалдоо же санкциялардан качуу үчүн колдонулат. Бул, албетте, коопсуздукту жана өлкөдөгү каржы тармагында көзөмөлдү алсыратат.

Эгер транзакциялардын көпчүлүгү борборлоштурулбаган валютаны колдонуу менен жүргүзүлсө, мамлекет саясий эгемендүүлүктү жоготуу тобокелчилиги менен бирге, мамлекеттин негизги куралы болгон, көп жылдык аракет аркылуу колго кирген улуттук валютанын функцияларын кыйроого учуратат.

Мунун баары коомдук маанайдын өзгөрүүсүнө таасир этет, анткени калк теңсиздикти башынан өткөрөт, жана бул социалдык туруксуздукка алып келет. Анткени криптовалюта технологиялары баарына эле жеткиликтүү эмес, айрыкча элементардык финансылык сабаттуулук жөнүндө түшүнүгү жок, жакыр, жана алыскы аймактарда жайгашкан калкка бул технология кол жеткис бойдон калат.  Кандай болгон күндө да санариптик жана мүлктүк теңсиздик күчөйт. Бул өз кезегинде финансылык туруктуулуктан кол үзгөн катмар арасында нааразычылык маанайдын пайда болушуна шарт түзөт.

Албетте, мунун баарына карабастан, криптовалюта дүйнө бойлоп колдонулуп жатат жана капиталисттик системада акча которуунун альтернативасы болуп саналат, анын үстүнө алсыз салттуу валюта системасынын алдында бир катар артыкчылыктарга да ээ: мисалы, бул – транзакциялардын ылдамдыгы, бир борбордон жана банктардан көз карандысыздык. Бирок, көзөмөлдүн, жөнгө салуунун жана туруктуулуктун жоктугу менен бирге салттуу валюта системасынын ордуна бул технологиянын массалык түрдө кирип келүүсү, айрыкча мамлекеттик деңгээлде ишке ашуусу потенциалдуу коркунучтарга алып барат. Мисалы, Иран криптовалюталарды эл аралык финансылык чектөөлөрдү айланып өтүү куралы катары көптөн бери максаттуу колдонуп келет, бирок бул схемалар коррупциядан жана жашыруун каржылоо операцияларынан арыла элек.

Криптаны колдонууда терс тажрыйбаны башынан өткөргөн мамлекеттердин бири Сальвадор. Ал биткойнду расмий төлөм каражаты катары кабыл алган биринчи өлкө болгон. Бул өлкөнүн тажрыйбасы чындыгында салттуу валютадан криптовалютага кескин өтүүдө мамлекет туш болгон бир катар тобокелдиктерди жана кесепеттерди көрсөтөт. 2021-жылдын сентябрында Сальвадор биткойнду АКШ доллары менен катар расмий валюта катары тааныган.  Мамлекет «Chivo» атту санариптик капчык иштеп чыккан, анда ар бир жаранга стимул катары 30 долларлык биткойндор берилген. Ошондой эле өкмөт келечекте анын курсу өсөт деген үмүттө казынадан биткойн сатып ала баштаган.

Жыйынтыгында калктын 70%дан ашыгы Chivo капчыгын колдонгон эмес. Ошондой эле адамдар техникалык мүчүлүштүктөргө, аккаунттардын уурдалышына жана тийиштүү кызмат көрсөтүүнүн жоктугуна туш болушкан. Натыйжада калк дагы эле АКШ долларын колдонууну артык көргөн. Бул калктын мамлекеттик саясатка болгон ишеничине таасир эткен. Ошондой эле биткойн сатып алынгандан кийин анын курсу бир жылдын ичинде 60 000 доллардан 16 000 долларга чейин кескин төмөндөгөн. Мындай мамлекеттик деңгээлдеги миллиондогон долларлык жоготуулар экономикалык туруксуздук, казынанын жакырланышына алып келген.

Эл аралык Валюта Фонду да бул чечимди сынга алып, мамлекеттик программаларды каржылоону токтоткон, капитализм шартында мындай абал башка инвесторлор менен мамилелердин начарлашына алып келген. Өлкөнүн кредиттик рейтинги төмөндөп, насыялар боюнча ставкалар жогорулаган, бул карызды тейлөөнүн наркынын өсүшүнө алып келген. Ошондой эле, криптовалютаны колдонуу бизнеске жана жөнөкөй калкка сокку урган, биткойн курсунун туруксуздугу жарандарды долларды колдонууга кайтууга мажбур кылган. Интернеттин жана айрыкча санариптик сабаттуулуктун жоктугунан айылдык аймактар дээрлик толугу менен системадан тышкары калган. Бул фактылардын баары бул технологиянын күнүмдүк жашоодо зыянын тастыктады.

Биткойндорду ишке ашыруу жана кеңири колдонуунун дагы бир ийгиликсиз мисалы – Борбордук Африка Республикасынын (БАР) тажрыйбасы. БАР 2022-жылы биткойнду расмий валюта катары тааныган. Бирок санариптик инфраструктуранын жоктугу, калктагы жакырчылык, ишенимдин жоктугу – бул демилгенин ишке ашпай калышына себеп болгон. Ошентип, «Sango Coin» долбоору (мамлекеттик токен) инвесторлордун кызыгуусун жаратпай, ишке ашпай калган.

Иш жүзүндө терс кесепеттерге алып келген дагы да башка өлкөлөрдүн мисалдары бар, бирок Сальвадор менен БАРдын тажрыйбасы криптовалютага өтүү демилгеси инфляция, жакырчылык, жарандардын ишенбөөчүлүгү сыяктуу экономикалык көйгөйлөрдү чече албай турганын көрсөттү. Анын үстүнө, бул бюджеттин туруктуулугуна жана эл аралык беделге коркунуч жаратат. Ал эми кеңири даярдык жана инфраструктура болбосо, ишке ашпай калуу же социалдык карама-каршылыктарды күчөтүү коркунучу да бар.

Андыктан, мамлекеттик денгээлде криптовалюта системасын колдонуу ураандары менен бир катар сунушталган схемалар жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө эмес, айрым жеке адамдардын кызыкчылыктарына каратылган деп баа берүү чындыкка жакын. Электрондук валютаны колдонуунун эл аралык тажрыйбасын эске алуу менен, бул инструментти мамлекеттик деңгээлге көтөрүү бул технологияларды коррупциялык схемаларда колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деп ишенимдүү айтууга болот.

Криптовалюталардын анонимдүүлүгү жана аларды көзөмөлдөөнүн татаалдыгы шектүү операцияларды жүргүзүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет, алар башынан эле купуялуулукка багытталган, бул транзакцияларды көзөмөлдөөнү кыйындатат. Ачык реестри бар блокчейнди (биткойндогудай) колдонгондо да, «прокладка» аталган атайын капчыктар же офшорлор аркылуу чынжырды чаташтырууга болот. Ошондой эле эл аралык жөнгө салуу механизмдери жок болгондуктан, бул системаларды колдонгон мамлекеттердин көбү коррупцияга каршы жана финансылык уюмдардын көзөмөлүнөн сыртта калат. Бул санкциялардан качуу, салыктан качуу же мыйзамсыз иш-аракеттерди каржылоо үчүн аларды колдонууну жеңилдетет жана мунун баары мамлекеттик деңгээлде болот. Санкциялардан качуу жана көмүскө экономикада криптовалютаны салттуу каналдардан тышкары эл аралык эсептешүүнүн жолу катары колдонуу да мамлекеттердин максатына айланат. Мисалы, Кыргызстанга Батыштын санкциялары астындагы товарларды жеткирүү боюнча Россияга кызмат көрсөтүү оңой болот. Буга Иран менен Түндүк Кореянын тажрыйбасы да мыкты мисал боло алат. Айрыкча, Кыргызстандагы ачык-айкындуулуктун жана коом алдында жоопкерчиктин жоктугу шартында, криптовалюта чиновниктер тарабынан «инновациялык санариптик трансформация» шылтоосу астында жеке байлык топтоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан капитализмде негизги максат – материалдык пайда табуу гана болгондуктан, криптовалюны мамлекеттик деңгээлде киргизүү коррупциялык эл аралык схемаларга жана Батышка көз карандылыкка гана өбөлгө түзөт.

Электрондук валютаны колдонуудан, эгер аны чынында эле колдонуу мүмкүн эсептелсе, капитализм табиятына ылайык биринчи кезекте баягы эле карапайым эл жабыркайт. Жарандардын инфляцияга жана экономикалык кризиске эч кандай тиешеси жок болсо да, капиталисттик системаны колдонгон жетекчилер «экономикалык көйгөйлөрдү чечүү» жолу катары элди эксплуатациялоо жана жакырчылык баткагында өмүр сүрүү шартын сунуштап келишет. Бирок, кеп экономикалык өнүгүүгө келгенде, башкаруучулар элдин кызыкчылыктарын сатып, өздөрүн жана айланасындагыларды гана байытууга умтулушат.

Криптовалютаны колдонууга карата шарияттын көз карашы төмөнкүчө:

1) Биткойн жана башка криптовалюталар валюта эмес, анткени алар тиешелүү шарттарга жооп бербейт.  Пайгамбар (с.а.с.) акча деп динар менен дирхамды гана атаган. Бул эки валютанын үч тарабы бар:

а) алар товар жана кызматтар үчүн жалпы эквиваленттик функцияны аткара алат, тактап айтканда, аларда акчанын функциялары камтылган – бул эки валюта менен баалар жана эмгек акы белгиленет;

б) алар акча бирдиги катары аныкталып, белгисиз адамдар же структуралар тарабынан эмес, белгилүү бийлик тарабынан чыгарылган;

в) алар бардык адамдар арасында жүгүртүлгөн жана кандайдыр бир топ менен чектелген эмес.

Эгер Аллахтын Элчисинин (с.а.с.) акчага болгон талаптарын биткойн менен салыштырсак, биткойн айтылган шарттардын бирине да жооп бербейт:

а) криптовалюта – товарлар жана кызматтар үчүн жалпы эквиваленттин ролун аткарбайт, тескерисинче, бул жөн гана товарларды жана кызматтарды алмашуу каражаты;

б) ал адамдар арасында кеңири жүгүртүүгө ээ эмес, тескерисинче, аны алмашуу колдонгондор жана анын баалуулугун тааныгандар менен гана чектелет. Башкача айтканда, ал жалпы коомдук сыпатка ээ эмес. Ошондуктан криптовалюта шарияттын көз карашында акча бирдиги эмес.

Жогоруда айтылгандардын негизинде криптовалюта – бул келип чыгуу булагы шектүү, эч кандай кепилдиксиз товар деп гана ишенимдүү айтууга болот. Анын үстүнө, алар алдамчылык, шылуундук, спекуляция, махинация жана коррупция үчүн чоң мүмкүнчүлүк берген аялуу тараптары бар, демек, аны сатууга да, сатып алууга да уруксат берилбейт. Демек, шарият далилдерине ылайык, белгисиз товарларды сатып алууга жана сатууга тыюу салынгандыктан, криптовалютаны сатып алуу гана эмес, электрондук акча системасын толугу менен колдонууга тыюу салынат.

Ислам экономикалык системасында алтын менен күмүш гана акча катары эсептелет. Алтын менен күмүштүн табигый баалуулугунан улам акча өз күчүн жоготпойт. Ошентип, чыныгы акча баалуулугу менен камсыздалган экономика баалардын да туруктуулугун кепилдейт. Ислам экономикалык системасында криптовалюталарга орун жок, анткени, Ислам шарияты алтын акча системасын колдонуудан башка несренин баарын батыл кылган.

Мындай түзүмгө өтүү оорчулукту талап кылбайт, болгону исламий эрктүүлүктү көрсөтүү жана Батыш жетектеген капиталисттик идеологияга каршы саясий күрөштү талыкпай алып баруу менен бирге кагаз акча системасынан – долларга болгон көз карандылыктан арылуу керек. Бул жоопкерчилик башкаруучулардын да, аларды тергеп-тескей турган мусулмандардын да мойнунда жатат. Эгер биз талап кылынган аракетке келбесек, бизди эки дүйнө кордугу күтүп турат.

Хужжат Жамия 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here