Залымдарды жок кылуу жана Аллах тараптан бийлик берилишинин шарты

59
0

Залымдарды жок кылуу жана Аллах тараптан бийлик берилишинин шарты

2024-жылдын, 8-декабрында Сирияда заалим Асаддын бийликтен кулап, өлкөдөн качып кетиши тарыхый чоң окуя болду. Бул окуяны Алланын жеңиши жана бийлик берүүсүнө байланыштуу мыйзам-эрежелердин негизинде терең ойлонуп көрүү зарыл.

Болгону он бир күндүк аскерий аракеттер Башар Асадды, анын армиясын жана ага жан тарткан бардык милициялардын кулашына жетиштүү болду. Бул окуяны Америка жана Орусия сыяктуу дүйнөлүк державалар таң калуу менен карап, өздөрүнүн агентин куткара алышпай, ал тургай анын бийликтен кулашына жол берүүгө аргасыз болушту. Алар болгон кырдаалды моюнга алып, жаңы вакыйлык менен эсептешүүгө жана Башар деген кылмышкер кулагандан кийин жаралган саясий жана коопсуздук боштугун толтуруу үчүн жаңы башкаруу менен иш алып барууга мажбур болушту.

2025-жылдын 29-январында өткөөл мезгилдин президенти болуп Ахмад Шара дайындалып, аскерий операцияларды башкаруу борбору Дамаскка жеткирилди. Ал бийликти жана башкарууну колго алуу үчүн мурунку “Тахрир аш-Шам” уюмунун кээ бир жетекчилерин жардамга чакырды.

Сирияны бошотуу согушу Алланын улуу белеги болду. Ал жалпы Шам эли үчүн зулумдан кутулуу болсо, өзгөчө бийликке жеткендер үчүн алардын татыктуулугун жана Алланын шарттарына ылайык бийликке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сынаган сыноо болуп калды. Аллах Таала мындай дейт:

﴿قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَنْ تَشَاءُ وَتَنْزِعُ الْمُلْكَ مِمَّنْ تَشَاءُ وَتُعِزُّ مَنْ تَشَاءُ وَتُذِلُّ مَنْ تَشَاءُ بِيَدِكَ الْخَيْرُ إِنَّكَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ﴾

«Айткын: «Эй мүлк жана дөөлөт ээси болгон Теңирим, Сен каалаган адамыңа мүлк бересиң да, каалаган адамыңдан ал мүлктү тартып аласың, каалаган адамыңды азиз, урматтуу кыласьң да каалаган адамыңды кор кыласың. Бардык Жакшылык жалгыз Сенин колуңда. Албетте, Сен бардык нерсеге кудуреттүүсүң». (Аали Имран сүрөсү, 26-аят).

Бул маселеде биз Муса пайгамбардын ﷺ  жана Бани Исраилдин фараон менен болгон окуясынан, бийликке жетүү жана аны сактап калуунун шарты тууралуу Аллахтын мыйзамдарын көрөбүз. Аъраф сүрөсүндө мындай айтылат:

﴿قَالَ مُوسَى لِقَوْمِهِ اسْتَعِينُوا بِاللهِ وَاصْبِرُوا إِنَّ الْأَرْضَ لِلَّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَالْعَاقِبَةُ لِلْمُتَّقِينَ﴾

“(Фиравндын сөзүнөн коркунучка түшүп кетишкенде) Муса коомуна (мындай) деди: «Алладан жардам сурап, сабыр кылгыла! Бул жер, албетте, Аллага ​таандык. Аны өзү каалаган пенделерге мурас кылып берет. Акыбет-натыйжа болсо такыбаалардыкы (Алладан корккондордуку) болот». (Араф сүрөсү, 128-аят).

Муса пайгамбар ﷺ  элин фараондун балдарын өлтүрүп, аялдарын тирүү калтыруу сыяктуу мыкаачылыгына сабыр кылууга үндөдү. Бул зулум, Мусанын пайгамбарчылык дааватынан кийин күчөдү.

﴿قَالُوا أُوذِينَا مِن قَبْلِ أَن تَأْتِيَنَا وَمِن بَعْدِ مَا جِئْتَنَا﴾

«Алар айтышты: «Сен бизге (пайгамбар болуп) келишиңден мурда да (ошондо да фиравн уулдарыбызды өлтүрүп, аялдарыбызды тирүү калтырып, зулумдук кылган эле), сен келгенден кийин да аза көрдүк», — дешти. А Муса аларга мындай деп жооп берди:

﴿قَالَ عَسَى رَبُّكُمْ أَن يُهْلِكَ عَدُوَّكُمْ وَيَسْتَخْلِفَكُمْ فِي الْأَرْضِ فَيَنظُرَ كَيْفَ تَعْمَلُونَ﴾

“Ал (Муса) айтты: «Балким Раббиңер душманыңарды жок кылып, силерди бул жерге халифа (орун басар) кылаар жана кандай амалдарыңарды кылаарыңарды көрөөр», — деди. (Аъраф сүрөсү, 129-аят).

Ооба, Муса пайгамбар عليه السلام  фараондун жок кылынышы мүмкүндүгүн айткан, бирок  сабыр кылуу, Аллахтан жардам суроо жана Анын буйруктарына ылайык аракет кылуудан кийин болоруна ишарат берди. Ошол себептен Аллах Таала Муса пайгамбарга жана анын элине диндерин сактап калуу үчүн өлкөдөн чыгып, деңиз тарапка бет алуу буйругун берди. Ал жерде Аллах фараонду жана анын аскерин сууга чөктүрүп, Муса пайгамбар менен ага ыйман келтиргендерди куткарды.

Ооба, Фараон, Хаман жана алардын аскерлери жок болуп, Аллахка каршы турган түзүм кулады. Натыйжада, Муса пайгамбар жана ыймандуулар Мисирге кайтып, Аллах аларды Жер жүзүндө мураскор кылып, Өзүнүн шариятын орнотуу жана адилеттикти жүргүзүү үчүн бийликке жеткирди.

Бирок Исраил уулдары кайтып келүү жолунда Аллах берген бул улуу нематы үчүн т.а. душмандын жок болушу жана бийлик берилүүсү үчүн шүгүр келтиришкен жок. Тескерисинче, Муса пайгамбар Аллах менен жолугушуу үчүн Тур тоосуна кеткенде, алар дароо музоону кудай деп алып, ага сыйынып калышты. Натыйжада Аллах алардын бул катачылыгына катуу каарданып, аларга:

﴿أَرْبَعِينَ سَنَةً يَتِيهُونَ فِي الأَرْضِ﴾

«Эми кырк жыл бою бул жер алар үчүн арам. Алар жерде (чөлдөрдө) адашып жүрүшөт». (Маида сүрөсү, 26-аят) деп, сыйлык ордуна азап берди. Бийликти тартып алып, аларды башаламандык, бөлүнүү жана талаада калып кетүү менен жазалады.

Мына ушунда Сириядагы жаңы башкаруунун жетекчилери үчүн чоң сабак жатат. Азыркы жеңиш убактылуу. Бул жеңиш туруктуу бийликке айланышы үчүн Аллах койгон шарттар сөзсүз түрдө аткарылышы керек. Бул шарттар:

  • Бийлик Аллахка гана таандык болушу;
  • Өлкөдө Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүлүшү;
  • Башкаруу пайгамбарчылык жолундагы халифалык деп жарыяланышы, халифа Куран жана Сүннөт менен бийлик жүргүзүүгө байъат алышы.

Бүгүнкү күндө болсо мурдагы режимди кайталоо, адам ойлоп тапкан мыйзамдарга баш ийүү жана өлкөнү “Сирия Республикасы” деп атаган аракеттер көрүлүүдө. Бул болсо мурдагы зулумду кайра кайталоо жана шахиддердин курмандыгын текке кетирүү болот. Бул Исраил уулдарынын музоого сыйынганы сыяктуу аманатка чыккынчылык кылуу менен барабар.

Бийлик — бул Аллахтын белеги жана ошол эле учурда сыноо. Ким аны туура колдонуп, Аллахтын өкүмүн орнотсо, Аллах анын кадамын бекемдейт, ага жеңиштерди ачат. Ким мурунку жетекчилердин катачылыгын кайталаса, анда ал адашууга жана кор болууга туш болот.

Азыркы учур бурулуш мезгили. Муса пайгамбардын жолун тандап, дүйнө жана акырет жеңишине жетүү бар. Же болбосо Исраил уулдарынын катачылыгын кайталап, ачык жеңилүүгө жана эки дүйнөдө кор болууга жол ачылат!

Роя гезити

Устаз Ахмад ас-Сурани

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here