Маршалл долбоору – чычкандын капканы

12
0

Маршалл долбоору – чычкандын капканы

1947-жылы 5-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Жорж Маршалл Гарвард университетинде сөз сүйлөп, согуштан кыйраган Европаны калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүүнү камтыган программаны сунуштады. Бул программа “Маршалл планы” деген ат менен белгилүү болду.

Жаңы эле аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуш бардык өлкөлөргө экономикалык, материалдык жана демографиялык жактан чоң зыян алып келди. Бардык өлкөлөр оор экономикалык абалга дуушар болушту. Жалгыз гана Америка бул согуштан салыштырмалуу жеңил чыгып, кээ бир учурларда пайда да көрдү.

Согуштун натыйжасында Америка экономикасы Батыш өлкөлөрүнүн өнөр жай өндүрүшүнүн болжол менен 60%ын, экспортунун 30%дан көбүн жана дүйнөлүк алтын резервдеринин 70%ын өз колуна алган. Бул согуштан кийинки Европадагы экономикалык тартипти түзүп берүү үчүн Америкага чоң мүмкүнчүлүк болду. Ошол маалда АКШда эки саясий топ атаандашып турган:

Биринчиси, дүйнөлүк иштерге туруктуу аралашууну жактаган “бүркүттөр” (Маршалл ушул топко кирген);

Экинчиси, “жаңы обочолонгондор”, алар АКШнын таасирин жаңы дүйнө менен гана чектөөнү жакташкан. Акыры “бүркүттөрдүн” позициясы жеңишке жетти. Бирок “жаңы обочолонгондорду” мурунку вице-президент Генри Уоллес колдогон эле.

Маршалл Европага ошол мезгил үчүн өтө чоң сумма — 13 миллиард долларлык жардам сунуштады. Бул каражат менен көптөгөн өлкөлөрдү башынан эле кайра куруш мүмкүн болчу. Кайсы өлкөгө канча жардам берилерин аныктоо үчүн америкалыктар атайын экономикалык жардам комитетин түзүштү. Бул комитет Европа өлкөлөрү менен чогуу иштеп, жардамдын өлчөмүн аныктаган. Бул жардамдар Батыш блогундагы өлкөлөргө алардын муктаждыгына жана калкынын санына жараша бөлүштүрүлгөн. Эң көп үлүштү Улуу Британия алган, андан кийин Франция, андан соң Батыш Германия. Ал эми Советтер Союзунун таасиринде турган өлкөлөр бул жардамдан өз ыктыяры менен баш тартышты. Себеби Советтер Союзу бул программага катышуудан баш тарткан жана Чыгыш Европадагы союздаш өлкөлөрүнө андан пайдаланууга тыюу салган.

“Жардам берүү жана ижара” принциптерине ылайык, согуш жылдарында Советтер Союзуна берилген жардамдар үчүн акы талап кылынган. Ошентип, Советтер Союзуна берилген жабдуулар менен курал-жарактар кайра Америкага кайтарылган. Европадагы өлкөлөр АКШ үчүн пайдалуу рынокко жана Америка үчүн бир түрдөгү колонияларга айланып калган.

Жардамдардын көпчүлүгү күйүүчү май, азык-түлүк жана айыл чарба техникалары түрүндө болгон. Бул каражаттар негизинен кайра эле Америкага кайтып турганын билдирет. Мындай жол менен АКШнын экономикасынын өсүшүнө чоң түрткү берилди.

Бүгүнкү күндө да дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Маршалл пландары” бар. Мисалы, Украина боюнча Трамп менен Путиндин келишимдери, же болбосо Европанын Украинадагы долбоорлору. Жакында эле Германия канцлери Олаф Шольц бир нече жолу Батыш Украинаны “21-кылымдын Маршалл планы” менен колдоону көздөп жатканын билдирген.

Судан маселесине келсек, бул жерде эски колонизатор күчтөр (Европа) менен жаңы колонизатор (Америка) ортосундагы тиреш генерал Бурхан менен Хамидтинин ортосундагы акылсыз согуш аркылуу ачык көрүнүп турат. Бул колонизаторлор (АКШ жана Европа) “гуманитардык жардам” деген ысым алдында Судандын ички ишине кийлигишип келишти. Эми болсо согуш аяктап калган мезгилде, алар “согуштан кийинки кайра куруу долбоорлору” деген жаңы колонизатордук механизм менен чыгууда.

Судан Финансы министри Европа өкүлү менен Суданды кайра курууда Европанын салымы тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Суданды калыбына келтирүү иштерине катышууга кызыкдар экенин билдирди. Бул агенттиктин өкүлү доктор Жибрил Ибрагим менен жолугуп, согуштан кыйраган аймактарды кайра куруу боюнча убада берген. Буга кошумча, өткөн март айында Европага барган Судандын делегациясы Франция ТИМинин гуманитардык операциялар борбору жана Норвегия ТИМинин гуманитардык маселелер боюнча жооптуу кызматкерлери менен жолугушууларды улантууда.

Гуманитардык операциялар борбору дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында иш алып барган француз эл аралык уюмдарына колдоо көрсөтүүчү эң ири мекемелердин бири болуп эсептелет. Ал ошондой эле колдоону согуш жана жаңжал жүрүп жаткан аймактарга топтоп, багыттап берүү менен алектенет. Судан боюнча өткөн бул жолугушууларда гуманитардык иштерге тиешелүү мекемелердин ролдору талкууланды. Атап айтканда, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, виза берүү, кыймыл-аракетке уруксат берүү, бажы жана салык жеңилдиктери сыяктуу маселелер каралды.

Сүйлөшүүнүн соңунда өкүлдөр Суданда иш алып барган бардык эл аралык уюмдарды жана гуманитардык чөйрөдөгү активисттерди өздөрүнө берилген ыйгарым укуктар менен чектелип, өлкөнүн гуманитардык ишмердүүлүгүнө карата коюлган эрежелерди сактоого чакырышты. Айрым уюмдардын өзүнө берилген ыйгарым укуктан ашып кеткен учурлары да белгиленди.

Бул жолугушуулар жана инвестициялык мыйзамдар менен “кайра куруу” долбоорлору, чындыгында, “гуманитардык” же “инвестициялык” деген шылтоо менен жашырылган колонизатордук долбоорлор. Бул умумий мүлктү, мисалы, электр энергиясы, суу ресурстары, кен байлыктар сыяктуу тармактарды менчиктештирүү, же болбосо жолдорго рибага негизделген кредиттер аркылуу инвестиция салуу дегенди билдирет. Анткени “бекер сыр чычкан капканында гана болот”.

Бүгүнкү күндө адамзатка чыныгы, туура түзүлгөн система керек. Андай система адамзат муктаж болгон бардык баалуулуктарды: ахлакий, инсаний, руханий жана материалдык баалуулуктарды эске алган система болушу зарыл. Бул Пайгамбарлык жолуна негизделген, жакын арада Аллахтын уруксаты менен тикеленүүчү Халифалык мамлекети колдонгон Ислам системасы. Ал келген күнү адамзат кечээ кандай бакытка жетсе, бүгүн да ошондой бакубат жашоону тартуулайт.

19-кылымда, тактап айтканда 1845–1849-жылдары Ирландияда «картошка ачарчылыгы» деп аталып калган чоң ачарчылык орун алган. Бул окуя Ирландиянын тарыхында жана элинин эсинде эң маанилүү учурлардын бири катары сакталып калган. Ачарчылык картошканын түшүмү чирип кеткенден кийин башталган, анткени бул азык калктын негизги тамагы болчу. 1847-жылы ачарчылык эң жогорку деңгээлге жетип, эл уруктук үчүн сакталган картошканы да жегенге аргасыз болгон. Ал эми кийинки жылы түшүмдүн жарымы кайрадан чирип кеткен. Бул кырдаалда бир миллиондон ашык ирландиялык АКШга көчүүгө аргасыз болгон, ал эми жакыр катмардагы эл мекенинде калып, өлүмгө моюн сунган абалга кептелген. Бул ачарчылык Ирландиянын тарыхындагы бурулуш учур болуп калды. Анткени 1801–1922-жылдары Ирландия Улуу Британиянын курамындагы өлкө катары түздөн-түз Лондондогу Вестминстерден башкарылган. Ачарчылык жана анын кесепеттери аралдагы демографиялык, саясий жана маданий кырдаалды түп-тамыры менен өзгөрткөн. Ачарчылык натыйжасында болжол менен 2 миллион качкын чыккан жана калктын саны бир кылымга чейин төмөн бойдон калган. Бул ачарчылык элдин эсинде узакка сакталган жана ирландиялыктар менен британ өкмөтүнүн ортосундагы мамилени чыңалткан. Эл британ бийлигин кайдыгерлик кылды деп айыптап, аны жооптуу деп эсептешкен. Бул кийинчерээк ирландиялыктар менен Британиянын ортосунда улутчулдук жана этностук чыңалууга себеп болгон.

Ачарчылык эң оор деңгээлге жеткен ошол убакта, күтүлбөгөн жерден ирландиялыктарга миңдеген чакырым алыстыктагы Осмон халифалыгы жардам колун сунган. Ал кезде Ирландия Британиянын колониясы болгондуктан, британ өкмөтү осмон кемелерине Дублин портунда токтоого уруксат берген эмес. Натыйжада, жардам кемелери Дублинден 30 миль алыстыкта жайгашкан Дроэда портуна келип, жардам жүктөрүн ошол жакта түшүрүшкөн. Ачарчылык бүткөндөн кийин, Ирландиянын ак сөөктөрү жана карапайым калкы Осмон халифалыгына ыраазычылык катын жөнөтүшкөн. Бул каттын көчүрмөсүн “Анадолу агенттиги” жарыялаган. Катта кыскача мындай деп айтылат:

«Ирландия эли жана бул катка кол койгон ак сөөктөр урматтуу Султан Абдул Мажидге терең ыраазычылык жана алкыш билдиришет. Ачарчылыктан жапа чеккен ирланд элине көрсөткөн кайрымдуулугуңуз жана берешендигиңиз үчүн Жараткан сизге чоң жакшылык берсин. Элдин муктаждыктарын камсыз кылуу жана кайгысын жеңилдетүү үчүн 1000 фунт стерлинг бергениңиз үчүн терең ыраазыбыз».

2006-жылы май айында Дроэда шаарынын негизделишинин 800 жылдык мааракесин белгилөө учурунда, шаардык кеңеш бул тарыхый окуяны унутпай, жардам алып келген осмон деңизчилери токтогон эски муниципалдык имараттын дубалына чоң ыраазычылык тактасын илип эскерген. Ирландиялыктар ал учурда Венесуэла, Австралия, Түштүк Африка, Мексика, Россия, Италия сыяктуу өлкөлөрдөн, ошондой эле диний уюмдар жана гуманитардык коомдордон эл аралык жардам алышкан. Осмон халифалыгы ачарчылык тууралуу уккан соң, Ирландия элине жардам иретинде 10 миң фунт стерлинг жиберүүнү чечкен. Ал эми ошол учурда Ирландияны башкарган Британия ханышасы Виктория болгону 2 миң фунт гана жөнөткөн. Британия өзүнүн беделин сактап калуу үчүн Осмон халифалыгынан акча көлөмүн 1000 фунтка чейин кыскартууну өтүнгөн. Халиф бул сунушту кабыл алган, бирок акчадан тышкары азык-түлүк, дары-дармек жана үрөөн жүктөлгөн үч кеме жөнөткөн.

Мына биз ушундай болгонбуз жана Аллахтын уруксаты менен жакында орной турган экинчи Халифалыктын алдында дал ошондой болууга тийишпиз.

Роя гезити

Устаз Ибрахим Мухаммад

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы

Маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here