“Колуңарды тарткыла!” Америкалык экономикалык элитанын үстөмдүгүнө каршы нааразылык көтөрүлүш
2025-жылдын 5-апрелинде АКШнын бардык 50 штатында миңден ашуун демонстрация өтүп, он миңдеген америкалыктар көчөлөргө жана аянттарга чыгып, “Колуңарды тарткыла!” деген ураан менен өзгөрүүнү талап кылышты. Бул акция жалпы элдин бийликти байлар ээлеп алышынан тажап, аларга каршы чыккан аракет болду.
2024-жылдагы шайлоого 100дөй миллиардер үй-бүлөсү 2.6 миллиард долларлык каражат бөлүп, анын 70 пайызы республикачы Дональд Трампты колдоду. Бул көрүнүш байлардын саясий таасирин мындан ары да күчөттү. Вашингтондогу эстелик аянтынан тартып Огайодогу тынч шаар кеңештерине чейин, нааразылык билдиргендер мамлекет байлардын кызыкчылыгын гана коргоп, жалпы элдин көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырды деп ачык айтышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул нааразылыкка жүз миңдеген адамдар катышкан.
Бул иш-чаралар, айрыкча, президент Дональд Трамптын администрациясына каршы багытталып, аны “экономикалык диктатуранын символу” катары сыпатташты. Демонстранттар бул бийликти “олигархиялык тартып алуу” деп аташты. Бул кыймыл бир лидерге байланган эмес тескерисинче, жалпы америкалыктардын терең нааразычылыгынын жыйынтыгы. Эл байлар үчүн гана иштеп калган өкмөттөн тажаганын ачык көрсөттү.
АКШ жарандары көптөн бери шайланган өкүлдөрү карапайым калктын эмес, байлардын кызыкчылыгын коргойт деп шек санап келишкен. Социалдык сурамжылоолор өкмөттүк мекемелерге болгон ишенимдин улам солгундап жатканын көрсөтүп турат. Көпчүлүк адамдар саясатты корпорациялар башкарат деп эсептешет.
“Колуңарды тарткыла!” кыймылы дал ушул нааразычылыкты бир ураан алдында бириктирип, Трампты жана анын кеңешчиси Илон Маскты “олигархтар” катары айыптады. Алар өлкөнү жеке кызыкчылыктары үчүн башкарып жатышат дешти. Нааразылыктын негизги себептеринин бири 2025-жылдын 28-мартына чейин 121,361 мамлекеттик кызматкердин иштен бошотулганы болду. Бул, CNNдин маалыматына ылайык, мамлекеттик кызматтарды кыскартып, бюджетти “эффективдүү” кылуу деген шылтоо менен жеке сектордун кызыкчылыгына иштөө катары кабыл алынды. Мындан тышкары, 1-апрелде киргизилген жаңы бажы төлөмдөрү да чоң нааразылык жаратты. Демонстранттар бул чаралар фондулук базарга терс таасир этип, үй-бүлөлөрдүн бюджетине коркунуч жаратып жатканын, ал тандалган өнөр жай тармактарын гана коргоп жатканын сынга алышты.
Бул “олигархия” деген сөздүн коомдук сөз байлыгынын бир бөлүгүнө айланышы — коомдук нааразычылыктын класстык күрөшкө айланып бара жатканын көрсөтөт. Бир жагында карапайым эл, экинчи жагында өзгөчө артыкчылыктуу азчылык.
Нааразылыкка чыккандардын талаптары так жана ачык белгиленген, алардын баары экономикалык адилеттүүлүккө багытталган. Биринчи кезекте, алар “миллиардерлердин бийликти ээлеп алышын” токтотууну көздөшөт. “Өкмөттү оптималдаштыруу башкармалыгы” жана аны Илон Масктын жетектөөсү кескин сынга алынууда. Көптөр бул түзүмдү коомдук ресурстарды жеке байлыкка буруу механизми катары көрүшөт. Ардагерлер, профсоюз мүчөлөрү жана пенсиядагы жарандар 73 миллион америкалыктын жашоо булагы болгон социалдык камсыздандыруу кыскартылышы мүмкүн деп кооптонушууда. Алар мындай кыскартуулардын артында байларга салык жеңилдиктерин камсыз кылуу максаты турат деп шектенишет. Техас жана Виржиниядагы жыйындарда ардагерлер пенсия укуктарын коргогон ураандарды көтөрүп чыгышты. Бул алардын көп жылдык кызматындагы ак эмгегинин акысы экенин баса белгилешти.
Экинчи ири талап, эмгекчилерге зыян келтирген саясаттарды токтотуу. Миграцияга каршы рейддер да кескин сынга алынууда. Нааразылыкка чыккандар мындай аракеттерди жумуш орундарын түзүү жана айлык маянаны көтөрүү маселелеринен элдин көңүлүн алаксытуу катары баалашууда. Алар экономикалык өсүшкө багытталбаган саясаттарды көңүл бурдуруу амалы катары кабыл алышат.
Бул талаптар демонстранттардын көз карашында бийлик байларга таянып, карапайым элди четке каккан туруктуу башкаруу системасын чагылдырат. Алар бул көрүнүш ар кайсы администрациялар тушунда деле кайталанып келген деп эсептешет. Дональд Трамптын саясаттары экономикалык нааразылыктын айкын натыйжасы болуп калды. 1-апрелде киргизилген бажы төлөмдөрү фондулук базарды чайпап, көптөр бул туруксуздуктун айынан жумушчу үй-бүлөлөр каржылык кыйынчылыкка кабылып жатканын айтышты. Ошондой эле Социалдык камсыздандыруу башкармалыгы сыяктуу мамлекеттик мекемелерге болгон каржылоонун кыскарышы негизги кызматтарга жетүүнү кыйындатат.
Флоридадагы Трамптын гольф клубунун жанында өткөн митингде эл анын чечимдерине каршы ураан көтөрүп чыкты. Алар бул чечимдерди «компаниялардын ыңгайына жараша жөнөкөйлөштүрүлгөн, адамзаттын бакубаттыгына каршы жүргүзүлүп жаткан саясат» деп сыпатташты.
Бирок бул нааразычылык Трамп менен гана чектелбейт. Мурунку администрациялар да дал ушундай дооматтарга туш болгон. Мисалы, каржылык кризистерде банктарды куткаруу же байларга пайдалуу салык мыйзамдарын өткөрүү. Трамп бүгүнкү нааразылыктын борборунда болгону менен, демонстранттар аны андан да терең системалык кризистин белгиси катары көрүшөт. Бул кризис элиталардын өлкө багытын аныктап, ошол эле учурда коомду көтөрүп турган катмарды барган сайын четке сүрүп жатканынан кабар берет.
Нааразылыкка чыккандардын ар түрдүүлүгү бул кыймылдын канчалык кеңири мүнөзгө ээ экенин көрсөттү. Бостондо студенттер менен пенсионерлер бир сапта туруп, федералдык программаларды сактап калууну талап кылышты. Аляскадагы Анкоридж шаарында “Колуңарды биздин социалдык камсыздандыруудан тарткыла” деген ураандар илинсе, бул ураан Маяминин ысык көчөлөрүндө да жаңырды.
Reuters/Ipsos жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Трампка болгон коомдук колдоо 2025-жылдын январындагы 47 пайыздан апрелде 43 пайызга чейин түшкөн. Бул эл арасында президенттик башкарууга болгон ишеним барган сайын азайып жатканын көрсөтөт. Бул нааразылык жалпы бир суроону козгоп турат: Эл эмнеге каршы чыгып жатат? Демонстранттар элитага артыкчылык берген системадан баш тартууну талап кылышууда. Экономикалык теңдикке жетишүү багытында эч кандай жылыш жок жана мындан ары дагы нааразылык толкундары күтүлүүдө. Эл өкмөттөн миллиардерлердин эмес, өз муктаждыктарын биринчи орунга коюуну талап кылууда.
Лос-Анджелес, Портленд сыяктуу шаарларда демонстранттар чечкиндүүлүк менен көчөгө чыгып, ураандарында коомдук ишенимге кылынган “чыккынчылыкты” айыпташты. Түндүк Каролинадагы Шарлотт шаарында калк билим берүү жана ардагерлерге арналган кызматтардын кыскарышына каршы чыгышты. Жергиликтүү маселелерди жалпы улуттук “элита ашкере бийликке ээ болуп калды” деген баянга байлашты.
Уюштуруучулардын ичинде Indivisible сыяктуу уюмдар да бар. Бул кыймыл демонстрациялардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, нааразылыктын максаты эл өкүлдөрүнө өз элинин алдында жоопкерчиликтүү экенин эске салуу экенин билдиришти. Бул кыймылдын АКШнын бардык штаттарына жайылган масштабы көпчүлүктүн колундагы экономикалык күч азыр алда канча алыстап кеткен деген ишенимди тастыктайт.
“Колуңарды тарткыла!” кыймылы, эл экономикадагы үстөмдүк элитанын гана пайдасына иштеп калды деген түйшүктөн тажап-чарчаган улуттун кыйкырыгы. Бул нааразылыкка чыккандардын көбү үчүн, Трамп бөлүнүүнүн тирүү символу. Себеби ал Флоридадагы гольф клубунда эс алып жүргөн күнү миңдеген адамдар көчөлөрдө өзгөрүүнү талап кылып турушту.
Бул кыймыл 2008-жылдагы каржы каатчылыгынан кийин башталган “Уолл-Стритти ээлөө” кыймылын эске салат. Ошол эле учурда ал коомдогу таптык теңсиздиктин дагы да тереңдеп кеткенин жана эл республикачылар болобу же демократтар болобу, бийликтин бардык бутактарына ишенбегенин көрсөтөт. Эл бул системаны элитанын гана кызыкчылыгын коргогон жабык чөйрө катары кабыл алууда.
Роя гезити
Доктор Диван Абу Ибрахим