Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Шамдын пазилеттери
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Баш ийгендерди даңктап, баш ийбегендерди кор кылган Аллахка мактоолор болсун. Мен күбөлүк берем, Андан башка кудай жок, анын шериги жок. Анын даражасы бийик кудуреттүү. Андан башка кудай жок, асмандар менен жердин жаратуучусу жана кыямат күнүнүн ээси Ал Улук. Биз Аны тасбих менен аруулайбыз жана Анын улуулугуна ылайыктуу мактоолорду айтабыз. Эң туура сөз Аллахтын Китеби, эң туура жол Мухаммад (саллаллаху алейхи уа салламдын) жолу. Иштердин эң жаманы – жаңыдан табылган бидьат, ар бир жаңы табылган бидъат адашуу, ар бир адашуучу – тозокто.
عن سلمة بن نفيل رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: (عقر دار المؤمنين بالشام ) رواه الطبراني
Салама ибн Нуфайлдан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Момундардын жүрөгү Шамда”. Ат-Табарани риваят кылган.
حَدَّثَنَا الْحَكَمُ بْنُ نَافِعٍ، قَالَ: حَدَّثَنَا إِسْمَاعِيلُ بْنُ عَيَّاشٍ، عَنْ إِبْرَاهِيمَ بْنِ سُلَيْمَانَ، عَنِ الْوَلِيدِ بْنِ عَبْدِ الرَّحْمَنِ الْجُرَشِيِّ، عَنْ جُبَيْرِ بْنِ نُفَيْرٍ، أَنَّ سَلَمَةَ بْنَ نُفَيْلٍ أَخْبَرَهُمْ، أَنَّهُ أَتَى النَّبِيَّ فَقَالَ: إِنِّي أَسَمْتُ الْخَيْلَ، وَأَلْقَيْتُ السِّلَاحَ، وَوَضَعَتْ الْحَرْبُ أَوْزَارَهَا، قُلْتُ: لَا قِتَالَ، فَقَالَ لَهُ النَّبِيُّ : ” الْآنَ جَاءَ الْقِتَالُ، لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ عَلَى النَّاسِ، يُزِيغُ اللَّهُ قُلُوبَ أَقْوَامٍ، فَيُقَاتِلُونَهُمْ، وَيَرْزُقُهُمْ اللَّهُ مِنْهُمْ، حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ عَلَى ذَلِكَ، أَلَا إِنَّ عُقْرَ دَارِ الْمُؤْمِنِينَ الشَّامُ، وَالْخَيْلُ مَعْقُودٌ فِي نَوَاصِيهَا الْخَيْرُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ
Хакам ибн Нафиъ Салама ибн Нуфайлдан риваят кылат. Мен аттарды байладым, курал-жарактарымды таштадым, согуштун оор жүгү түштү. Мен айттым: согуш бүттү. Пайгамбар ага: “Согуш эми башталды, менин үммөтүмдүн бир тобу адамдарга үстөмдүк кылууну улантат, Аллах кээ бир адамдардын жүрөктөрүн адаштырды, ошондуктан алар алар менен согушушат. Алар ошол абалда турганда Аллахтын буйругу келгенге чейин, алардан аларга Аллах ырыскысын берет. Билип койгула, момундардын мекенинин жүрөгү (түпкүрү) Шам, ал жерде Кыяматка чейин аттардын маңдайына жакшылык байланган”, – деди.
Биз мөмөлүү, жыпар жыттуу хадистеринен адеп-ахлак, сабак, даанышмандык жана үлгү алуу үчүн кайрадан Пайгамбар (с.а.в.)дын асыл хадисинин алдында турабыз.
Бул асыл хадисте Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) коопсуздук жана ыйман чеби болгондуктан, Шамдын пазилеттери жөнүндө айтты. Шарият пазилетүү кылган жерлердин бири – Шам. Ал куттуу жер. Аллах Таала айтты:
( سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَىٰ بِعَبْدِهِ لَيْلًا مِّنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ لِنُرِيَهُ مِنْ آيَاتِنَا إِنَّهُ هُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ )
“Түндө Өз пендесине аят-белгилерибиздин кээ бирлерин көрсөтүү үчүн Харам мечитинен Тегерегин берекелүү кылган Масжидул Аксага алып барган Зат аруу болсун. Чындыгында, Ал – Угуучу, Көрүүчү”.
وقال تعالى: ( أَوْرَثْنَا الْقَوْمَ الَّذِينَ كَانُوا يُسْتَضْعَفُونَ مَشَارِقَ الْأَرْضِ وَمَغَارِبَهَا الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا وَتَمَّتْ كَلِمَتُ رَبِّكَ الْحُسْنَىٰ عَلَىٰ بَنِي إِسْرَائِيلَ بِمَا صَبَرُوا وَدَمَّرْنَا مَا كَانَ يَصْنَعُ فِرْعَوْنُ وَقَوْمُهُ وَمَا كَانُوا يَعْرِشُونَ
Аллах Таала айтты: “Биз жер жүзүнүн чыгыш аймактарын жана батыш аймактарын зулумга дуушар болгон коомго мурас кылып бердик жана биз берекелүү кылдык. Раббиңдин жакшы сөзү Исраил урпактарына сабыр кылуулары себептүү орундалды. Биз Фараон жана анын коому жасап жаткан жана куруп жаткан нерселерди кыйраттык”.
سماها اللهُ الأرضَ المقدسةَ، فقال سبحانه: (يَا قَوْمِ ادْخُلُوا الْأَرْضَ الْمُقَدَّسَةَ الَّتِي كَتَبَ اللَّـهُ لَكُمْ وَلَا تَرْتَدُّوا عَلَىٰ أَدْبَارِكُمْ فَتَنقَلِبُوا خَاسِرِينَ)
Алла Таала ал жерди Ыйык жер деп атады: “Оо, элим, Аллах силерге берген ыйык жерге киргиле жана артка кайтпагыла, (артка кайтып) зыянга учурап калбагыла”.
عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عَمْرٍو، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: إِنِّي رَأَيْتُ عَمُودَ الْكِتَابِ انْتُزِعَ مِنْ تَحْتِ وِسَادَتِي، فَأَتْبَعْتُهُ بَصَرِي، فَإِذَا هُوَ نُورٌ سَاطِعٌ حَتَّى ظَنَنْتُ أَنَّهُ مَذْهُوبٌ بِهِ إِلَى الشَّامِ، وَإِنِّي أَوَّلْتُ أَنَّ الْفِتَنَ إِذَا وَقَعَتْ أَنَّ الإِيمَانَ بِالشَّامِ. صححه الألباني
Ал эми балээлер (фитна) болгондо ыйман Шамда болот. Абдуллах бин Амр риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Жаздыгымдын астынан китептин мукабасы жулунуп алынганын көрдүм. Мен аны көзүм менен ээрчип, жаркыраган жарык көрдүм, ал Шамга алынып кетип жатат деп ойлодум. Ошондуктан фитналар келгенде, ыйман Шамда болот деп чечмеледим”. Аль-Албани тарабынан тастыкталган.
Ал эми Шам Аллахтын алдында жерлердин эң жакшысы жана пенделеринин эң жакшысы ал жерде жайгашкан.
عَنْ وَاثِلَةَ بْنِ الأَسْقَعِ، قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَهُوَ يَقُولُ لِحُذَيْفَةَ بْنِ الْيَمَانِ وَمُعَاذِ بْنِ جَبَلٍ: وَهُمَا يَسْتَشِيرَانِهِ فِي الْمَنْزِلِ فَأَوْمَى إِلَى الشَّامِ ثُمَّ سَأَلاهُ، فَأَوْمَى إِلَى الشَّامِ، ثُمَّ سَأَلاهُ فَأَوْمَى إِلَى الشَّامِ، قَالَ: ” عَلَيْكُمْ بِالشَّامِ، فَإِنَّهَا صَفْوَةُ بِلادِ اللَّهِ يَسْكُنُهَا خِيرَتُهُ مِنْ خَلْقِهِ، فَمَنْ أَبَى فَلْيَلْحَقْ بِيَمَنِهِ، وَلْيَسْقِ مِنْ غُدُرِهِ، فَإِنَّ اللَّهَ تَكَفَّلَ لِي بِالشَّامِ وَأَهْلِهِ” صححه الألباني
Васила ибн аль-Аскаъдан риваят: Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) менен Хузайфа ибн аль-Яман жана Муаз ибн Жабалга орун (жер) тууралуу кеңешип жатышканда, аларга айтып жатканын уктум. Ал Шамга ишарат кылды, андан кийин сурашты, Шамга ишарат кылды, андан кийин сурашты, Шамга ишарат кылды. Ал айтты: “Шамга баргыла, анткени ал Аллахтын жерлеринин эң жакшысы жана Анын эң жакшы пенделери ошол жерде жашайт. Ким баш тартса, оң жагы менен өз чыккынчылыгынан ичсин, анткени Аллах мага Шам жана анын элин кепил кылды”. Аль-Альбани тастыктаган.
وعَنْ مُعَاوِيَةَ بْنِ قُرَّةَ، عَنْ أَبِيهِ، عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، أَنَّهُ قَالَ: ” إِذَا فَسَدَ أَهْلُ الشَّامِ فَلا خَيْرَ فِيكُمْ، لا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي مَنْصُورِينَ لا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ حَتَّى تَقُومَ السَّاعَةُ “. صححه الألباني
Муавия ибн Куррада атасынан риваят кылган хадисте, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Шам калкы бузулса, силерде жакшылык болбойт. Менин үммөтүмдүн бир тобу жеңиш менен коштолгон жана аларды жардамсыз таштап кеткендер кыямат келгенге чейин аларга эч кандай зыян келтиришпейт”. Аль-Албани тарабынан тастыкталган.
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын Шам момундардын мекени жөнүндөгү хадиси Шам кылымдар бою ынкылапчылардын жана мужахиддердин булагы болгонуна жана ушул күнгө чейин болуп келгендигине ишарат кылууда. Мунун тастыктоосу адамдардын мойнуна минип жана адам оюна келбеген азапты, адилетсиздикти жана караңгылыкты таттырган кылмышкер тогутту кулатыш үчүн Шамдан башталган Араб жазы революциясы. Ал Пайгамбарлык жолундагы экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө максатына жетүү жолунда дагы деле бекем турууда.
“وما ذلكَ على اللهِ بعزيزٍ ” “Бул Аллах үчүн кыйын эмес”.
Бул куттуу революциянын ээлери Аллахтын ыраазычылыгы үчүн эч кимдин айыптоосунан коркпой турганын көрүп жатабыз. Алар Аллахтын буйругун жарыялашат:
” فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ ” “Өзүңө буюрулганды жарыяла жана мушриктерден жүз бур”.
Бул куттуу революциянын урааны:
Лаббайка Аллохумма Лаббайк (Оо Аллах биз сенин алдыңдабыз)
Оо Аллах сенден башка эч кимибиз жок.
Үммөт кайрадан Халифалыкты каалайт.
Оо Аллахым, Сага чексиз мактоолор болсун. Сенден башка кудай жок экенине күбөлүк беребиз. Сенден кечирим сурайбыз жана Сага тообо кылабыз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 29-шаввал
2025-ж, 27-апрель.