Мурабаха адалбы

22
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Мурабаха адалбы

Мурабаха (مرابحة) рибх (ربح) сөзүнөн алынган, ал бир-биринен пайдалануу деген маанини билдирет. Бул соодадагы бир келишим услубу болуп, кардар соодагер ага бир продукцияны (товарды) алып келип, үстүнө пайда кошуп сатууну сунуштайт. Ошондо соодагер бул сунушка макул болсо, ошол иш жүзөгө чыгат. Бул да соода келишими, бирок бул соодада кардар соодагер продукцияны канчага алып, ага канча пайда кошуп берип жатканын билет. Адатта соодагерлер продукцияларды канчадан алып, канча пайда көрүп жатканын кардарларга айтышпайт, эч кимге өзүнүн пайдасын билдириши шарт эмес. Мурабахада болсо, кардар алдын ала продукциянын баасы канча турарын билип, соодагер да пайда көрө тургандай кылып, ага ушул сооданы сунуштайт. Т.а. эки тарапка тең пайдалуу, кардар продукцияга ээ болот, соодагер болсо мындан пайда көрөт. Ошондуктан мындай сооданын түрү мурабаха – эки тараптын бир-биринен пайдаланышы деп аталды.

Мурабаха келишими төрт мазхабда тең жайиз келишим болуп эсептелет. Бул соодада эки келишим бар. Бул келишимде соодагер же банк продукцияны сатып алып, кардарга сатышы, алар өз-өзүнчө келишим менен ишке ашышы керек. Эки келишим бир келишим менен т.а. мен сен үчүн алып жатамын, аны алышым менен сага да саткан боломун деген шарт менен болушу шариатка туура келбейт. Бул жайиз эмес, арам болот. Анткени, Абдуррахман ибн Абдуллах риваят кылган хадисте айтылат:

 نهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن صفقتين في صفقة

Расулуллах соллалоху алайхи ва саллам эки келишимди бир келишим кылуудан кайтарды”. (Табароний риваяты).

Эки келишим өз-өзүнчө түзүлөт, белгилүү бир мөөнөткө: үч ай, алты ай же бир жылга бөлүп-бөлүп төлөө шарты менен оболу кардарга сатып, андан кийин соодагер же банк товарды базардан сатып алып, кардарга тапшырат т.а. өз-өзүнчө келишим түзүлөт. Ушул соодагер же банк кардарга продукцияны сатуудан мурун аны өзүнүн мүлкү кылып алса гана баъй (соода) дурус болот, ээлик кылбастан ишке ашкан баъй да жайиз эмес, арам болот. Анткени Хаким ибн Хизам риваят кылган хадисте айтылат:

سألتُ النبيَّ صلى الله عليه وسلَّم فقلتُ: يا رسولَ اللهِ، يأتيني الرجلُ فيسألني البيعَ ليس عندي أبيعُه منه ثم أبتاعُه له من السوقِ, قال: لا تبعْ ما ليس عندَك.

Расулуллахтан (соллалоху алайхи ва саллам): “Я Расулуллах, бир киши келип, менде жок нерсени сурайт, ага ошол нерсени баъй кылып, андан кийин базардан аны сатып алып беремин деп сураган элем: Өзүңдө болбогон нерсени сатпа” деди. (Нисаий риваяты).

Демек, оболу соодагер же банк продукцияны сатып алып, өзүнүн мүлкүнө өткөрүүсү керек. Т.а. мурабаха келишимине ылайык, банк продукцияны кардарга сатуудан мурун продукцияга толук ээлик кылуу укугун алышы жана ошол продукциянын жоопкерчилигин өз мойнуна алышы шарт. Андан соң – мажбурлабастан, ыктыярдуу түрдө – кардарга накталай же белгилүү бир мөөнөткө бөлүп-бөлүп төлөө шарты менен сатуу керек. Ыктыярдуу түрдө болсо баъй болот, андай болбосо сүткорлук болуп калат. Мындан тышкары, насыяга сатылганда төлөө мөөнөтү келип, кардар төлөй албай калса продукцияны алып коюу, же үстүнө дагы акча кошуп берүүнү талап кылуу, же алдын ала ошондой шарттарды коюу да жайиз эмес, арам болот.

Ал эми учурда “мурабаха” деп аталып эл арасында жайылып жаткан банк аркылуу болуп жаткан иштер марабаха эмес, тескерисинче сүткорлдук болуп эсептелет. Анткени кардар продукцияны өзү сатып алат, банк – продукциянын ээси менен алдын ала келишкен болот. Ал накталай баъйдагы баасын төлөп коёт, андан кийин акчасын кошумчасы менен белгилүү бир мөөнөткө кардардан кайтарып алат. Бул жерде банк накталай сатып алып, андан кийин насыяга сатты деген сөз менен сүткорлук “мурабаха” деп аталып жатат. Мындан тышкары кардар убагында төлөй албай калса кошумча шаръий эмес шарттары да бар.

Арам нерсе кооз аталыш менен адал болуп калбайт. Маселен, аракты шарап же шербет деп же зынаны жесир аялдын муктаждыгын кандыруу деп атоо менен арам нерселер же иштер адал болуп калбайт. Ушул сымал, сүткорлуктун бир түрүн “исламий банктар кылып жаткан жайиз мурабаха келишими” деп атоо менен бул сүткорлук жайиз болуп калбайт.

Абдуллах ибн Мухаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here