Хадисти урматтоо жана ага каршы чыккандарга катуу болуу

52
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Хадисти урматтоо жана ага каршы чыккандарга катуу болуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ас-Синдинин  Сунан Ибн Маажага берген түшүндүрмөсүндө айрым өзгөртүүлөр менен, мындай деп айтылат:

حدثنا نصر بن علي الجهضمي حدثنا سفيان بن عيينة في بيته، أنا سألته عن سالم أبي النضر ثم مر في الحديث قال: أو زيد بن أسلم عن عبيد الله بن أبي رافع عن أبيه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: “لا ألفين أحدكم متكئا على أريكته يأتيه الأمر مما أمرت به أو نهيت عنه فيقول: لا أدري ما وجدنا في كتاب الله اتبعناه”

Наср бин Али Аль-Жахазами Убайдуллах бин Абу Раафиъден, ал атасынан риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Силердин кайсы бириңерге менин буйругум же кайтарган нерсем келсе (хадисим айтылса): “Билбейм, биз Аллахтын китебинен эмнени тапсак, ошону ээрчидик”, – деп, төшөктө отурганын көргүм келбейт”.

لا ألفين “Көргүм келбейт” “Мен бир нерсе таптым жана аны таптым” этишинен “нун” менен басым жасалып айтылган биринчи жак формасы. Анын ачык мааниси, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) аларды мындай абалда табуудан өзүн-өзү тыйган. Максат, аларды бул абалдан кайтаруу. Анткени алар ошол абалда болушса, ал Зат (с.а.в) аларды ошол абалда тапмак.

يأتيه الأمر “Буйрук келгенде” .  Абалды билдирген сүйлөм, “буйрук” болсо иштин маанисине ээ, ошондуктан ага буйрук жана тыюу да кирет. Демек, “Менин буйругум же кайтарган нерсем келсе”,  ага көңүл бурбай: “билбейм”, деп айтышы дурус эмес. ما وجدنا “биз эмнени тапсак” – салыштырмалуу ат атооч, сүйлөмдүн ээсине таандык. Биз аны ээрчидик, башкача айтканда муну Аллахтын китебинен таппадык, ошондуктан биз аны ээрчибейбиз деген маани. “Ма” терс маани болушу мүмкүн, сүйлөм анын айтканына басым жасоо сыяктуу. Башкача айтканда, биз Аллахтын китебин ээрчидик, ошондуктан башка эч нерсеге ээрчибейбиз дегенди билдирет.

Урматтуу бир туугандар:

Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сүннөтүнө амал кылуу, Аллах Таала буйруган нерсеге амал кылуу болуп саналат. Айтты:

قال تعالى: “قل إن كنتم تحبون الله فاتبعوني يحببكم الله

“Айткын: Эгер Аллахты сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, Аллах да силерди сүйөт”. Аллах Таала айтты:

وقال تعالى: “وما أتاكم الرسول فخذوه وما نهاكم عنه فانتهوا

 “Пайгамбар силерге эмнени алып келсе аны алгыла жана ал силерди эмнеден тыйса андан тыйылгыла”.

Мусулмандардын бүгүнкү күндө Куран жана Сүннөткө кайдыгерлик кылуусу Ааламдардын Роббисинин алдында чоң жана олуттуу иш. Бул доордун мусулмандарында жана өзгөчө алардын аалымдарында байкалган нерсе, алар Аллахтын өкүмдөрүнө жана Расулуллах (саллаллаху алейхи васалламдын) сөздөрүнө жана иш-аракеттерине кош көңүл болушуп аны кемсинтишүүдө.

“Асыл хадис менен” деп аталган бул бөлүмдүн максаты – пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васалламдын) айтканын жана кылганын коомго алып чыгып Курани Каримдин аяттарын кармангандай кармануу.

Кудуреттүү Аллах мындай дейт:

أم لم يعرفوا رسولهم فهم له منكرون

“Же өздөрү жалганга чыгарып жатышкан өздөрүнүн элчисин тааныбай жатышабы?”.

Эй аалымдар! Ффатва бергениңерде, Аллахтын атынан сүйлөгөнүңөрдө, Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) силерге канча жолу :  إذا بُويع لخليفتين فاقتلوا الآخر منهما “Эгер эки халифага байъат берилсе, экинчисин өлтүргүлө” деп кайрылды. Же пайгамбарыңарды тааныбайсыңарбы? Аны четке кагып жатасыңарбы? Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) силеге канча жолу кайрылып:

من رأى سلطاناً جائراً مستحلاً لحرم الله، حاكماَ في عباد الله بالإثم والعدوان، ولم يغيّر عليه بقول أو فعل، كان حقا على الله أن يدخله مدخله

“Кимде-ким Аллах арам кылган нерселерди адал десе, Аллахтын пенделеринин үстүнөн күнөө жана зордук зомбулук менен өкүм жүргүзгөн адилетсиз акимди көрсө, аны сөзү менен да иши менен да өзгөртпөсө анда аны  (заалым акимдин) кирген жерине  киргизүүгө Аллахтын акысы бар” – деп айтты.

Бардык башкаруучулар силерди Аллах түшүргөндөн башкасы менен, Британия жана Франция чыгарган конституциялар менен башкарып жатканын көрүп жатасыңар. Алардын жер бетинде өлтүрүп, зулум кылып, бузукулук жайып жатканын көрүп, эч нерсе кылбайсыңарбы? Тескерисинче, силердин алардын кылганына унчукпаганыңар макулдугуңар. Же Пайгамбарыңарды тааныбайсыңарбы, аны четке кагасыңарбы?

Пайгамбар саллаллаху алейхи уа саллам, силерге: ثم تكون خلافة على منهاج النبوة، “Андан кийин Пайгамбарлык жолунда халифалык болот” деп канча жолу кайрылды? Силер андан баш тарттыңар жана айттыңар: “Андан кийин жарандык мамлекет болот, андан кийин демократиялык болот, андан кийин Батыш цивилизациясынын мамилесине ылайык светтик болот”.  Ошол эле  убакта, силер залим башкаруунун кулачында жашап жаткан болсоңор да, халифалыктын дарбазасынын алдында турдуңар, бирок аны ачуу үчүн эмес. Тескерисинче, аны силерден башка бирөө ачууга аракет кылса, аны жабуу үчүн турдуңар. Же Пайгамбарыңарды тааныбайсыңарбы, аны четке кагасыңарбы?

Эй аалымдар!

Силердин улуу Пайгамбарыңар (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) силерди анын буйругуна баш ийбөөдөн эскертпеди беле? Ухуд согушунда Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир буйругуна баш ийбеген сахабалардын кабарын уккан жоксуңарбы? Бул бир буйрукка каршы келүүнүн акысын Элчи жана анын сахабалары төлөшпөдү беле? Ал эми силер анын буйруктарынын көбүнө баш ийбей, Исламды жана анын өкүмдөрүн карманабыз деп айтып жатканыңарчы?

Аллахтын китебинен эмне тапканыбызга ээрчидик дебедиңер беле? Сүннөт Куран сыяктуу Аллахтан эмеспи? Ал куранды  майдабаратына чейин тактап берүүчү, аамды ( жалпы маанини) хостоп (чектеп) берүүчү эмеспи? Силерге эмне болду? Кандай өкүм берип жатасыңар? Же Пайгамбарыңарды тааныбайсыңарбы, аны четке кагасыңарбы?

Оо Аллахым, мусулмандарды бириктире турган жана алардын башына түшкөн азапты көтөрө турган халифалыкты тикелөө үчүн бизди тездет. Оо Аллахым, жерди асыл жүзүңдүн нуру менен жарык кыл. Аамиин, аамин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 27-шаввал.

2025-ж, 25-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here