Анкарадагы Газа конференциясында негизги чечим айтылды
“Көклү деишим” журналы 3-майда Түркия борбору Анкара шаарында Газа боюнча чоң конференция өткөрдү. Конференцияга Түркиянын төрт тарабынан миңдеген мусулмандар катышты. Ал эми, социалдык тармактар аркылуу жүз миңден ашык адам конференцияны онлайн түрдө көрө алышты.
“Сөздөр түгөндү! Дипломатия жокко чыкты! Чыныгы жана туруктуу чечим үчүн Газа боюнча чоң конференция” темасы астында өткөн жыйында бир катар аалымдар конок катары сөз сүйлөдү.
Түркиянын эң чоң жабык конференция залы жык-жыйма толгон иш-чара Имам Мустафа Өзжандын Курани Каримди тилават кылуусу жана билдирүүсү менен башталды. Андан соң, Хизб-ут Тахрир партиясынын Түркиядагы маалымат бөлүмүнүн башчысы Махмут Кар сөз сүйлөп, “Чыныгы жана туруктуу чечим Рошид Халифалыкты тикелөө” экенин баса белгиледи. Ал Палестинада Махмуд Аббас башында турган кыянатчы өкмөттү мыйзамдаштыруу каршылыгында баскынчы яхудий мамлекетин тан алуу талап кылынып жатканын кошумчалады.
Андан соң Палестиналык аалым шейх Мухараза конференцияга баскынчы күчтөрдүн тоскоолдугунан улам жандуу катыша албагандыктан, онлайн видео кайрылуу жасады. Ал мусулман армияларын Газаны куткарууга чакырганы үчүн он ай бою жөөт абагында түрдүү кыйноолорду көрүп чыккан эле. Шейх Мухараза кайрадан күч ээлерине кайрылып, Газага жардам берүү үчүн аракетке келүүнү талап кылды. Шейхтин сөзүн “Ислам тилектештик платформасынан” Нежметтин Ырмак улантып, Алланын нусрат тууралуу аяттарын эске салды. Ал чыныгы чечим Аллах жолунда жихад кылуу экенин билдирди.
Ырмактан кийин сөзгө чыккан “Палестина тилектештик” журналынын башчысы Мухаммед Мишениш, Газа согушундагы каапырлардын максаты мусулмандарды моюн сундуруу экенин баса белгиледи. Ошондой эле, Исламдан башка жерде жеңиш жана урмат жок экенин билдирди. Ал эми,
Дин иштери министринин кеңешчиси Абдурразак Атеш мусулмандар сөз айтуудан эмес, кайрылууларына жооп таппагандыктан чарчаганын билдирди. “Андыктан, 57 мусулман өлкөсү аракетке келиши шарт”, – деди Атеш.
Андан соң, аалым жана Хизб ут Тахрирдин Түркиядагы байланыш комитетинин жетекчиси Абдуллах Имамуулу сөзгө чыгып мындай деди: “Газа мусулмандарга 57 өлкө бир халифалыкчалык боло албаганын көрсөттү! Газа яхудий вужуду үйлөнгөн шар сыяктуу экенин көрсөттү! Аллах кааласа азчылык көпчүлүктүн үстүнөн жеңишке жетишин көрсөттү! Газа бизге арабызда аралык болсо да бир үммөт экенибизди көрсөттү! Ошол эле учурда мусулман жетекчилер башка өрөөндө, үммөт башка өрөөндө экени ачыкка чыкты! Алардын Газадагы кыргындарга карабай, жөөт вужуду менен кандуу соода жүгүрткөнүн көрсөттү!” Имамуулунун сөзү залдагы мусулмандар менен бирге “Бир үммөт – бир мамлекет. Жалгыз чечим – Халифат” урааны менен соңуна чыкты.
Андан кийин Палестина аалымдар журналынын башчысы Невваф Текрурий сөз сүйлөп, конференциянын уюштуруучуларына ыраазылык билдирди. Андан соң, Газага карата ар бир мусулман мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче жардам көрсөтүүсү шарт экенин белгиледи. Анын сөзүн “Медресе аалымдары” журналынын башчысы Таййип Элчи улантып, үммөт дүйнө жыргалчылыгына ыктап кеткенин эскертип, вахн тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в)дын хадисин мисал келтирди. О.э көпчүлүк менен эмес, Алланын жардамы менен гана жеңишке жетүү мүмкүн экенин билдирди.
Ал эми, конференциянын акыркы сөзүн жазуучу Мехмет Гөкташ сүйлөп, бүгүнкү режимдердин кыянаттыгын, 7-октябрдагы окуядан кийин Европада Исламды кабыл алгандар тездик менен өскөнүн, сионизм жеңилгенин айтып өттү.
Конференция “Сияр” фондунун жетекчиси Мухаммед Эмин Йылдырымдын дубасы жана катышуучулардын Аллага убадасын алуусу менен жыйынтыкталды.
Туркистон
МашАллах Мусулмандар биригүү убакты келди
Химчистка диванов в Москве! Вернем к жизни вашему дивану былую красоту! Удалим пятен и неприятных ароматов. С мастерством и бережно! Записывайтесь прямо сейчас! Жмите Химчистка мебели на дому
Сияющий дом в СПб! Чистота в апартаментах, блеск в офисах, домов. С гарантией, в срок, качественно! Время для себя – ваш подарок! Выбирайте https://uborka-spb24top.ru