АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү

22
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Суроо жооп

АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү

Суроо: АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнө Оман султандыгы ортомчу болуп жатканын бейшемби күнү билдирди. Италиянын борбор шаары Римде ишембиге белгиленген төртүнчү сүйлөшүүлөр айлампасы жаңы дата белгиленбестен, “логистикалык себептерден” улам кийинкиге жылдырылды. (Шарк аль-Авсат, 2025-жыл, 1-май). АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөр 2025-жылдын 12-апрелинде Омандын борбору Маскатта Омандын тышкы иштер министри Бадр Аль Бусаиди ортомчулугу менен башталган. Экинчи айлампасы 2025-жылдын 19-апрелинде Оман Султанатынын Римдеги элчилигинде министр Аль Бусаидинин ортомчулугу менен өткөрүлдү. Үчүнчү айлампа  2025-жылдын 26-апрелинде, ишемби күнү, ошол эле Омандын арачылыгы астында Оман Султанатында өттү. Суроо туулат: 2015-жылы 14-июлда кол коюлган келишимден 2018-жылы бир тараптуу чыгып кеткенине карабастан эмне үчүн Трамп азыр Иран менен өзөктүк келишимге кайрадан кол коюуну көздөп жатат? Анда эмне үчүн сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү  айлампасы кийинкиге жылдырылды? Логистикалык себептер эмнени билдирет? Бул кийинкиге калтыруу сүйлөшүүлөрдүн бүтүшүн билдиреби?

Жооп:

Биринчиден, 2015-жылы Иран менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда өзөктүк келишим түзүлгөндө кандай жагдайлар түзүлгөнүн карап чыгышыбыз керек. Андан кийин, 2018-жылы Трамптын келишимден чыгышынын себебине жана ошол кездеги жагдайларга кайрылсак, андан кийин, АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү акыркы окуяларды карайбыз:

  1. 2015-жылы АКШны Иран менен өзөктүк келишим түзүүгө түрткөн факторлор:

Биз 2015-жылдын 22-июлунда АКШ Иран менен өзөктүк курал боюнча келишимге кол койгону тууралуу суроого жооп берип жатып мындай дегенбиз:

«…Америка президенти сүйлөшүүлөрдү алыстан, түз байланышта жана бул келишимди түзүүгө чоң кызыгуу менен башкарып жатат. Ал эми анын Тышкы иштер министри буга чейинки байланыштардан тышкары, үч жума катары менен аны менен алек болду. Бул келишимдин Америка үчүн маанисин, анын кызыкчылыктарын жана Обама администрациясынын кызыкчылыктарын көрсөткөн нерсе, келишим Иранды чектеди… Ар кандай өзөктүк курал жасоодон алыстатты. Муну АКШ президентинин жана башка америкалык расмий өкүлдөрдүн Ирандын аймактагы стратегиялык ролунун маанилүүлүгү жана аны менен иштешүүгө даярдыгы тууралуу мурунку билдирүүлөр менен байланыштырсак, чындыгында аны менен иш жүзүндө иштешип жатканы айкын болот. Ошондой эле, ирандык аткаминерлер Ирак менен Ооганстанда жана терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө Америка менен кызматташууга даяр экендиктерин жарыялады. Мындан көрүнүп тургандай, Америка Иран жана анын партиясынын (хизбуллонун) Сирияда кылып жаткан иштерин кыйыр түрдө жактырууда… Булардын баары Американын бул келишимдин артында турган максатты Иран үчүн санкцияларды алып салуу жана аны менен коомдук байланыштарды түзүү аркылуу маселелерди жеңилдетүү экенин жана Американын ишин, жүктөрүн жеңилдете турган  аймактагы өлкөлөр жана элдер менен алакаларын жаап-жашыра турган ролду уланта ала турганына ишарат кылууда. Иран чындыгында Ирак, Сирия жана Йеменде Америка саясатын ишке ашырууда. Бирок Америка кызыкчылыгын ишке ашыруу мурункудай көрүнүштү жаап турган көшөгөнүн артында эмес, ал тунук көшөгө артында же көшөгөсүз болуп жатат…

Ошондуктан Обама Ирандын Сириядагы ролун активдештирүү үчүн 2015-жылдын 14-июлунда Иран менен өзөктүк келишим түздү.

  1. 2018-жылы Трамп администрациясы 2015-жылы Иран менен кол коюлган ядролук келишимди жокко чыгарууга түрткөн факторлор:

А) Вашингтон аймактагы окуяларга Сауд Арабия менен Түркияны күч менен аралаштырды, анткени Түркия аймакта активдүү. Түркия 2016-жылы “Евфрат калканы” операциясын баштаган. 2018-жылдын март айында Сауд Арабиянын аймактагы ролуна кошумча кылуу максатында “Зайтун бутагы” операциясы башталган. Ошондуктан, Ирандын Сирияда чоң ролуна муктаждык жок болчу жана аны азайтууга туура келди. Трамп Ирандын аймактагы ролун азайтып, аны негизги оюнчудан экинчи же кошумча ролго айлантты.

Б) Европа өлкөлөрү да 2015-жылкы өзөктүк келишимге катышкан жана эң чоң пайда тапкан. Бирок Трамп Обаманын тушунда кол коюлган келишимден Европанын пайда көрүшүн каалабагандыктан, аны жокко чыгарган. Ошентип, Трамп Иран менен болгон өзөктүк келишимден чыкканын жарыялады. Анткени Ирандын аймактагы ролун азайтуу максатында жаңы шарттарды даярдоо үчүн келишимден чыгуу Американын кызыкчылыгында болчу.

  1. Трампты 2018-жылы жокко чыгарган өзөктүк келишимге 2025-жылы кайтып келүүгө түрткү болгон факторлор:

2025-жылдын 20-январында Трамптын инаугурациясынан кийинки окуяларды эске алганда, Америка Кошмо Штаттарын өзөктүк келишимге кайтууга түрткү болгон мотивдер айкын болот:

А) Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону Трамптын администрациясы демилгелегени анык. Трамп 7-мартта Оман ортомчулугу аркылуу Тегеранга кат жолдоп, анда жаңы келишимге жетишүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтып келүүнү ачык каалагандыгын билдирген. АКШнын президенти Дональд Трамп Fox Business Network телеканалына берген маегинде 6-мартта Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн билдирди. Анда ал Тегеран менен макулдашууга жетишүүнү каалаганын айткан. Трамп жекшемби күнү эфирге чыга турган интервьюсунда мындай деп кошумчалады: “Башка вариант – бул чара көрүлүшү лаазым, анткени Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек”, – деди ал. Хаменеиге жиберген катынын тексти тууралуу Трамп: “Мен ага сүйлөшүүлөрдү жүргүзөсүң деп үмүттөнөм деп айттым, анткени бул Иран үчүн бир топ жакшы болот”, – деди. (Iran International, 07.03.2025).

Б) 2018-жылы Трамп өзөктүк келишимди жокко чыгарды, анткени 2015-жылы беш туруктуу мүчө менен Германиянын ортосунда кол коюлган келишимден негизги кирешелер европалыктарга өттү. Ошондуктан Трамп Европа өлкөлөрүн Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөргө катыштырбай койду. 2015-жылы болуп өткөн окуялардан айырмаланып, алар менен кеңешпей, Оманда болгон сүйлөшүүлөрдү билдирбеди. Бул Европанын Иран менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетине бөгөт коюу максатында болду. Европалык дипломаттар Reuters агенттигине Иран менен жаңы жолугушуу өткөрүүнү көздөп жатышканын айтышты. Бирок бул аракеттер Тегеран ушул айдын башында АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен өзөктүк программасы боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү баштаганда токтоп калгандай. Америка Оман Султанатындагы өзөктүк сүйлөшүүлөр тууралуу Трамп жарыялаганга чейин Европа өлкөлөрүнө маалымат берген эмес… (Ашарк, 24.04.2025). А түгүл, Трамп администрациясынан колдоо алган оңчул премьер-министр Мелони жетектеген Италия да кабарсыз калган. Экинчи айлампанын орду катары каралган бул тандоо  НАТОнун шылтоосу аркылуу Америка менен кагылышуу жана каршылыкка чыккан Европа өлкөлөрүнө, өзгөчө Британия, Франция жана Германияга карата ишара болду.

В) Америка Кошмо Штаттары өзүнүн бардык көңүлүн жана ресурстарын Кытай менен глобалдык атаандаштыкка бурууга ниеттенүүдө. Ошондуктан, ал өзүнө көйгөй жараткан, алагды кылган ар кандай элементтерден арылууга умтулат. Орусия менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү да ушул эле логика менен түшүндүрсө болот. Ал Украина кризиси аркылуу Орусияны сүйлөшүү үстөлүнө азгыруу максатын көздөйт. Ал аркылуу аны Кытайдан бөлүп, кытай-орус огун алсыратууну максат кылган. Ошентип, Трамп Кытайды ороп алууну стратегиялык артыкчылык катары белгиледи.

Г) Яхудий вужудунун Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна тоскоол болуу шылтоосу менен ага кол салуу каалоосу. Белгилүү болгондой, жөөт вужуду 2024-жылдын октябрында Иранга кол салган. Иран АКШ менен “Израилди” алдын ала кабарлагандан кийин өзүнүн күчүн көрсөтүү үчүн ракеталык чабуулдарды жасоо менен жооп берди. Азыр АКШ Кытайга басым жасап жатып, мындай чабуулдарга алаксыгысы келбейт. Ошондуктан Иран менен өзөктүк келишим түзүүнү каалап жатат. Бул аркылуу яхудий вужудунун коопсуздугун камсыздайт жана кол салуу шылтоосун жок кылат. Иран менен өзөктүк келишим түзүлгөндөн кийин Ак үйдөгү яхудий вужудунун эң көп колдоочусу болгон Трамп кагылышуу шылтоосун алып салат жана алардын аргументтерин жок кылат. Ошол эле маалда, ал Американын экономикалык кызыкчылыктарын жана Кытайга каршы турууну өзүнүн приоритеттеринин алдыңкы сабына койду. Бул анын көңүлүн башка нерсеге бурулбай, ага тоскоолдук кылган нерселерден толугу менен арылууну жана багытын Кытайга бурууга мүмкүндүк берет. Ошентип, Трамп Иран менен бул сүйлөшүүлөрдү Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, аны Европа өлкөлөрүнөн обочолонтуу үчүн келишим түзүү үчүн баштады.

  1. Төртүнчү айлампа эмне үчүн жылдырылды дегенге келсек, маалымат каражаттарында айтылгандай логистикалык себептерден улам болду.

Википедияда айтылгандай, “логистика” сөзүнүн мааниси: “каржылоо жана камсыз кылуу искусствосу”. Логистика – бул товарлардын, энергиянын жана маалыматтын агымын башкаруу искусствосу жана илими. Кыязы, АКШ менен Ирандын ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн максаты, АКШ санкция киргизгенден кийин кырдаалды тынчтандыруу жана жаңы жагдай жаратуу болуп саналат. Ирандын расмий өкүлү Reuters агенттигине Иран-Америка сүйлөшүүлөрү Американын жүрүм-турумуна жараша башка убакта болоорун айтты. Вашингтондун Тегеранга каршы санкцияларынын өзөктүк талашты чечүүнү көздөгөн дипломатиялык процесске жардам бербегенине ишара кылды. Бул Вашингтон Ирандын мунай жана мунай химиясынын мыйзамсыз соодасына катыштыгы бар деп айыптаган ишканаларга жаңы санкцияларды киргизгенден кийин болду. Кошмо Штаттар шаршемби күнү Ирандын мунай жана мунай химиясынын мыйзамсыз соодасына катышы бар деп айыптаган ишканаларга санкция киргизди. Бул Вашингтондун Иранга кысымын күчөтүү аракетинин алкагында жасалууда (Аш-Шарк, 01.5.2025). Бул санкциялар сүйлөшүүлөр айлампалары өтүп жаткан учурга туш келди. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи: “Тегеран АКШ менен жыйынтыктарга жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөргө олуттуу жана чечкиндүү катышууну улантат”,- деди. (Ашаркуль-Авсат, 1-май, 2025-жыл). Ошондуктан, сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдыруу эки тараптын сүйлөшүүлөрүнүн токтотулушуна алып келиши күмөн. Тескерисинче, уланып жаткан сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө АКШ санкциялар аркылуу жаңы жагдай пайда кылуу максатында убактылуу жылдырылууда.

  1. Мусулман өлкөлөрүнүн акимдери Американын мусулмандардын күчүн, курал-жарактарын жана өнөр жайын аныктоого кийлигишүүсүнө макул болушу таң калычтуу! Бул акимдер Исламда күчтү даярдоо душманды жеңүү, коркутуу жана сестентүү экенин түшүнүшпөйт. Эгер душман эмнеге ээлик кылса ошондой нерсеге ээлик кылуу керек экендигин аңдашпайт.

Бул биз үчүн толук жеңилүү! Америка өз казынасын өзөктүк куралга толтуруп, а түгүл Хиросима менен Нагасакиде ондогон жылдар мурда колдонгондо, Иран Америкага анын күчүнө, ракеталарына жана өзөктүк куралына кийлигишүүгө кантип уруксат бере алат? Америка Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербей турганын ачык жарыялайт. Ирандын жана башка мусулман акимдери Америкага катуу үн менен: Башкалардан өзөктүк куралга ээ болбоону талап кылаардан мурун өзөктүк куралыңды жок кыл. Башкалардан алардын ракеталарын жок кылууну талап кылаардан мурун, өз ракеталарыңды жок кыл деши керек эле. Ал эми душмандардын оор курал-жарактары бар жана мусулмандардан аларга ээ болбоону талап кылуусуна келсек, бул сөз, эгер алар акыл жүгүртө турган болсо- кемсинтүү, текебердик, өзүм билемдикдикти билдирген сөз.

Аллах Таала муну Өз Китебинде ачык-айкын билдирген:

﴿وَأَعِدُّوا لَهُمْ مَا اسْتَطَعْتُمْ مِنْ قُوَّةٍ وَمِنْ رِبَاطِ الْخَيْلِ تُرْهِبُونَ بِهِ عَدُوَّ اللهِ وَعَدُوَّكُمْ وَآخَرِينَ مِنْ دُونِهِمْ لَا تَعْلَمُونَهُمُ اللهُ يَعْلَمُهُمْ وَمَا تُنْفِقُوا مِنْ شَيْءٍ فِي سَبِيلِ اللهِ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تُظْلَمُونَ﴾،

“Аллахтын душманын, өзүңөрдүн душманыңарды жана алардан башка силер билбеген Аллах билген башкаларды коркута турган,  колуңардан келген бардык күчтү даярдагыла. Аллах жолунда эмне сарптасаңар, силерге толук кайтарылып берилет жана силерге зулум кылынбайт”.

Конституция долбоорунун 256-бетинде мындай деп айтылат: 69-берене:

“Армия Ислам армиясы катары миссиясын аткара ала турган курал-жарактарга, жабдууларга, жабдыктарга жана күчкө ээ болушу керек.

Аллах Тааланын: ﴿تُرْهِبُونَ﴾ “Силер коркутасыңар” деген сөзү – даярдыкка себеп, иллет. Ал эми душманды, мунафыктарды коркута турган шарьий себеп, иллет ишке ашмайынча даярдык толук болбойт. Душманды коркутуу үчүн армияны курал-жарак, техника, жабдык жана башка жабдуулар менен камсыз кылуу амалияты ушундан келип чыгат. Андан да маанилүүсү, армия үчүн Ислам даъватын жайылтуу үчүн жихад миссиясын аткара алуусу…

Булардын баары мусулмандардын күч-кубаты душмандыкынан үстөм болуусу үчүн бардык күч-аракетин жумшоосу керектигин көрсөтөт. Анын жүрөгүнө коркунуч туудуруу  үчүн биздин күчүбүз душман үчүн үрөй учурарлык болушу керек. Мунун баары душманды коркууга сала турган биздин курал-жарактарыбызды күчүбүздү чектей турган  жана  тоскоол болгон душман менен сүйлөшүүгө туура келбешин билдирет.

Биз Аллах Тааладан үммөткө калп айтпаган, Хизб-ут-Тахрирге Ислам мамлекетин, Туура жолдогу Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн тезирээк мүмкүнчүлүк беришин сурайбыз. Анан ал мурункудай эле душмандын үрөйүн учурат, бүткүл дүйнөгө жакшылыктарды таратып, каапырлардын айла-амалдарын кайра аларга бурат:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

“Ал күнү момундар Аллахтын жеңиши менен кубанышат. Ал кимди кааласа жеңишке жеткирет жана Ал Улуу, Мээримдүү”.

1446-х, 4-Зулкаада.

2025-ж, 2-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here