Аалымдар «Ал-Акса ташкыны» окуясында жана Үммөт маселелеринде өздөрүнө жүктөлгөн милдетти аткара алыштыбы?
Амир Абу Риш – Палестина
«Ал-Акса ташкыны» операциясы башталгандан бери айрыкча Палестина элинин, жалпысынан Үммөттүн көңүлү Үммөттүн жандуу жана таасирдүү күчтөрүнө бурулду. Элдин үмүтү бул күчтөрдүн Газага жана бүтүндөй Палестинага жардам берүү үчүн аракетке келүүсү болчу. Анткени, Газа элине каршы жасалып жаткан нерсе бул ашкере геноцид, аны яхудий мамлекети эл аралык системанын башында турган Американын колдоосу менен жүргүзүп жатат. Ал эми мусулман өлкөлөрүндөгү башчылар буга шексиз шерик болуп беришүүдө.
Бул күчтөрдүн башында мусулман аалымдары, алардын кеңештери жана илимий мекемелери турат. Мусулмандар өз аалымдарына багыт издеп, колдоого муктаж болгон балдар сыяктуу карашат. Алар аалымдардан туугандарын кантип коргоо керектигин гана эмес, бүткүл Үммөттү алсыздыктан, бөлүнүүдөн жана көз карандылыктан кантип куткаруу жолун да көрсөтөт деп күтүшөт. Анткени алар аалымдар өз милдеттерин аткаруу менен гана кутулуп, даражаларын көтөрө алышаарын так билишет. Ал эми бул милдет Аллахтын буйругуна баш ийүү жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүн ээрчүү менен гана ишке ашат. Аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору экенин Пайгамбарыбыз ﷺ өзү билдирген. Аллах Таала да аалымдардын даражасын илим менен көтөргөн:
﴿إِنَّمَا يَخْشَى اللهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ﴾
«Аллахтан пенделери арасындагы аалым – билимдүүлөр гана коркот. Шек-күмөнсүз Аллах Кудуреттүү, Кечиримдүү». (Фатир: 28).
Жана:
﴿قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ﴾
«Айткын: «Билгендер менен билбегендер тең болобу?!» Акыйкатта жалаң акыл ээлери гана үгүт насаат алышат». (Зумар: 9).
Мусулмандар аларга абдан муктаж. Анткени кайсы бир маселеде түшүндүрмө жана багыт берүү керек болсо, эл аалымдарга кайрылат. Алар элге өз милдетин кандай аткаруу керектигин жана туугандарына кантип жардам берүүнү үйрөтүшү керек.
Бирок бул тарыхый учур менен улуу күрөштө «аалымдар» төрт түргө бөлүндү:
Биринчи топ: башчылардын позициясын кайталап, алардын айтканынан чыкпай, Аллахтын ыраазылыгын эмес, бийликтин ыраазылыгын эңсеген аалымдар. Алардын айрымдары Газадагы мусулман мужахиддерди колдоо арам деп фатва чыгарышып, “алар башкаруучуга каршы чыгып жатышат”, “акыйдасы бузук”, же болбосо “жоопкерчиликсиз аракет кылышууда” деген сыяктуу шылтоолорду айтып чыгышты. Кээ бирлери алар үчүн дуба кылуу да арам деп айтканга чейин барышты. Буларга Аллахтын ушул сөзү дал келет:
﴿كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا﴾
“Тоорот жүктөлгөн-берилген, андан соң аны көтөрө албаган (тактап айтканда, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген) кимселер (яхудийлер) дал китептерди көтөрүп кетип бараткан эшекке окшойт”. (Жума: 5).
Булардын жүрөгү бекем жабылган көрүнөт, алар башчыларын гана көрөт. Алар аманатка чоң кыянат кылышты. Эгер каалашса, алар үчүн тообонун эшиги дагы деле ачык.
Экинчи топ: унчукпагандар. Алардан эч кандай үн чыкпады, бул коркуу же дүнүйөгө кызыгуу себебинен болууда. Алардын кээ бири түрмөгө түшүп калуудан, кыйноодон же жумуштан айрылуудан коркуп унчукпай жатса, айрымдары башчылардан бир пайда табамбы деп үмүттөнүшөт. Булардын илими бар болсо да, аманатты аткарышкан жок. Баары Аллахка таандык, акыйкатты айтуудан өлүм жакындап же ырыскы кемибейт экенин алар түшүнүшкөн жок. Биз аларга кеч боло электе тообо кылууну Аллахтан сурайбыз.
Үчүнчү топ: Роббаний аалымдар. Алар Аллахтын буйрук кайтарууларын ачык айтышты, Аллах үчүн эч кимден тартынбай, эч бир сындаган адамдан коркпой, дүнүйөгө кызыкпай, акыйкатты айткан адамдар. Алар элге белгисиз, маалымат каражаттарына чыкпаган же болбосо түрмөлөрдө отурушкан азчылык эле. Алар аманатты толук түрдө аткарышты. Ошондуктан алар куугунтукка алынышты, сыналышты, бирок сабыр кылышты. Аллах аларды Үммөт атынан эң жакшы сыйлык менен сыйласын!
Төртүнчү топ: алар да өз позициясын билдиришти, бирок толук эмес. Алар кээ бир маселелерди ачык айтышты, ал эми айрымдарын унчукпай коюшту. Алар чоң жолду басып өтүштү, бирок акыркы максатка жетишкен жок. Алар негизги көңүл буруучу топ. Себеби Үммөт алардан үмүт кылууда жана аларда жакшылыктын башталышы байкалып турат. Ошондой эле, бул топ маалымат каражаттарында эң көрүнүктүү болгон жана Үммөт менен эң көп байланышта болгондор.
Бул топтун кандай деңгээлге жеткенин көрсөтүү үчүн мисал келтиребиз. Бул топтогу аалымдардын айрымдары жана алардын кеңештери, «Аль-Акса ташкыны» операциясына чейин айтылбаган фатваларды чыгара башташты. Алар Газаны жана анын элин жан менен жихад кылып колдоо Үммөт үчүн парз экенин айтышты. Мурун мындай фатвалар жок болчу, болгону акчалай жардам, саясий, дипломатиялык же маалымат аркылуу колдоо гана айтылып келчү.
Алар палестиналыктар жалгыз өздөрү жетиштүү эместигин айтып, армияларды кыймылга келтирүү фарз экенин билдиришти. Мужахиддерди, Газаны сактап турган сабырдууларды макташты. Мусулмандарды аларга үлгү алууга чакырышты. Яхудий мамлекети менен нормалдашуу кыянат экенин айтышты. Аларды акча, азык-түлүк же курал-жарак менен камсыздоо мусулман канына шерик болуу экени жөнүндө фатваларды чыгарышты. Газаны курчап, элди ачкалыкта калтырууну арам деп чыгышты. Мусулмандарды, туугандарын колдоодон тосуу да арам экенин айтышты.
Алар бул милдет башчылардын да, карапайым элдин да, армиянын, аалымдардын жана маалымат кызматкерлеринин да мойнунда экенин белгилешти. Эч ким бул милдеттен бошотулган эмес дешти. Алар Палестинаны толугу менен бошотуу шариаттык милдет экенин билдиришти. Палестина толугу менен Ислам жерине кирет, аны эч ким, ким болбосун, яхудийлерге берүүгө же алардын ээлигин таанууга акысы жок дешти. Кээ бирлери аскерлер башчыларга баш ийбөөгө милдеттүү дешти. Азыр кыргынга учурап жатышканы белгилүү болуп турганда, алар мусулмандарга жардам берүүгө тыюу салып жатышат деп ачык айтышты.
Бул фатвалар «Аль-Акса ташкыны» башталгандан тартып айтылып баштаган чоң жана маанилүү кадам болду. Бирок, бул кадам ошол бойдон токтоп калды. Башында кеңири таралып, үн катылып турган болсо да, кийин кайра унчукпай калышты. Алардын үнү бийик чыгып, анан кайра жоголуп кетти. Эң негизгиси, бул фатвалар иш жүзүндө эч кандай жыйынтык берген жок: Армиялар кыймылга келген жок, Үммөт көтөрүлүп чыкпады, Газа туугандары тарабынан колдоого алынган жок, Палестина бошотулган жок. Эмне үчүн мындай болду?
Аалымдардын фатвалары Үммөт менен армиялардын чогуу аракеттенишине жол ачпаганынын себептерине өтүүдөн мурун Түркияда 2024-жылдын май айында өткөн “Ал-Акса ташкынына арналган аалымдар жыйынында” көтөрүлгөн бир маанилүү суроону эскерүү пайдалуу болот. Ал жыйында доктор Мухаммад Илами чогулган аалымдарга кайрылып мындай деген:
«Биз “Ал-Акса ташкынындагы” аалымдардын ролу тууралуу сөз кылып жатканда, элдер дээрлик башчылардан жана системалардан үмүтүн үзүштү. Азыр алардын алдында жалгыз жол көрсөтчү, багыт берчү жана эң негизгиси, чечим жолунда жетелөөчү аалымдар гана калды. Эми Үммөт эмне кыла алат? Жөн гана Газаны эмес, жалпы Үммөт маселелерин чечүү үчүн эмне кылышы керек? Азыр Үммөт абактагы туткундай көрүнөт, ал эми анын өлкөлөрү түрмөнүн камераларындай. Алар Газага жардам бергиси келет, Газанын катарында жихад кылгысы келет, бийик турумдарды кармангысы келет. Бирок системанын табияты, учурдагы абал, күчтөрдүн тең салмактуулугу, саясий түзүлүш, мунун баары Газаны колдоого тоскоол болуп жатат. Үммөт бул туткундуктан кантип чыгат? Бул дубалдарды кантип бузат? Бул камералардан кантип кутулат? Күчүн кантип кайрадан кайтарып алат?
Бул суроо — аалымдардын алдында турган маселени так жана кыскача чагылдырып турган абдан маанилүү мисалдардын бири. Бирок тилекке каршы, Үммөт жакшылык күткөн ошол аалымдар бул сыяктуу суроолорго ушул күнгө чейин так жооп бере алышкан жок.
Эми бул маселени суроонун негизинде так пункттар менен карасак, төмөнкүдөй абал ачык көрүнөт:
- Үммөт Палестина маселеси, диндин орношу, азаттык сыяктуу маселелерде кутулуу жана өзгөрүү жолун издеп жатат. Алар бул багытта – теориялык жактан да, практикалык жактан да – аалымдарды жол көрсөтүүчү, түшүндүрүүчү жана жетекчи катары көрүшөт.
- Бул топтогу аалымдар өздөрүнүн акыркы билдирүүлөрүндө жана фатваларында жалпы жоболорду гана айтышты. Бирок алар Үммөттүн бул жоболорду реалдуу турмушка кантип ашыруусу керектигин түшүндүрүп беришкен жок. Маселен, алар “Газаны колдоо — Үммөт үчүн фарз” дешти, бирок Үммөт бул фарзды аткарууга тоскоол болгон факторлорду кантип алып салуу керектигин айткан жок.
- Алар армиялар жихад үчүн кыймылга келиши керек экенин айтышты, бирок аскерлерге саясий же аскер жетекчилиги бул милдетке бөгөт койсо эмне кылуу керектиги боюнча эч кандай жол көрсөтүшкөн жок. Ошондой эле, бул аскерлерге түрткү болуп, аларды милдеттендирүү керектигин да түшүндүрүшкөн жок.
Жихад фарз деп айтуу жетиштүүбү? Бул нерсе ачык-айкын, баарына белгилүү болгон шаръий өкүм. Аны сабаттуу да, сабатсыз да, жаш да, кары да билет. Аалымдар болсо бул өкүмдү жер жүзүндө кантип ишке ашыруу керектигин деталдуу айтып бериши керек.
Алар Ислам банктарындагы келишимдер жана каржылык мамилелер боюнча фатваларды чыгарганда, жалгыз эле: “Аллах сооданы халал, пайызды харам кылды” деген аятты айтып коюшкан эмес. Тескерисинче, алар миңдеген изилдөөлөрдү, миллиондогон барактарды жазышкан.
Эмне үчүн анда жихад сыяктуу оор жана кечиктирилгис маселеде алар ушундай эле деталдуу иш алып барышкан жок?
Бул аалымдар тобу өздөрүнүн жарыялаган фатваларына таянып так, практикалык фыкхий негиз кура алышкан жок, болгону жалпы жоболор менен токтоп калышты. Маселен, алар Палестинаны бошотуу жана Газаны колдоо башчыларга да, баш ийген элге да, аскерлерге да, карапайым жарандарга да фарз деп фатва беришти. Бирок, эгер башчылар жана жогорку даражадагы офицерлер армияны аракетке келтирүүдөн баш тартса, чек араларды жаап салса, анда эл жана аскерлер эмне кылышы керектигин так айтып беришкен жок. Ошондой эле алар “яхудийлер менен мамилени нормалдаштыруу жана аларды колдоо — чыккынчылык” деп айтышты, бирок мындай нормалдашууга барып жаткан режимдерге карата Үммөт менен аскерлер кандай мамиле кылышы керектиги боюнча да так багыт көрсөтүшкөн жок.
Бул аалымдар Үммөттү жетелеп, жетекчилик кыла турган эч кандай практикалык кадам көтөрө алышкан жок. Фатва беришкени менен, алар массалык элдик аракеттерди уюштурган жок: аскерий базалардын алдында туруктуу нааразылык акцияларын өткөрүү, башчылардын сарайларын курчоо, чек араларды бузуп өтүү, куралчан уруулар менен байланышуу жана аларды реалдуу жихад аракетине үндөө же болбосо аалымдар өздөрү нааразылык билдирүүлөрү аркылуу чоңдорго кысым көрсөтүп: “Эгер силер кыймылдабасаңар, биз силерден баш тартабыз” – деп айтуусу сыяктуу аракеттерден оолак болушту.
Бул аалымдар Үммөт, аскерлер, активисттер жана элитанын көбү “бийликке баш ийүү” фатваларынын астында кысымда жашап жатышканын билбейби? Чындап эле, алар Үммөт “жөн эле фатваларды угуп алып, жетекчисиз, жол көрсөтмөсүз дароо аракетке өтөт” деп ойлошту бекен? Элге баштагы туманды арылтып, багыт көрсөтө турган жетекчи керек экенин аңдабай жатышабы?
Бул фатвалардын көбү белгилүү бир өлкөлөрдүн ичинен чыгып, башка өлкөлөргө багытталып жарыялангандыктан, алардын баасы төмөндөп, кээде мамлекеттер ортосундагы саясий “сөз атышуу” сыяктуу эле көрүнүп калды. Бул болсо “бир режим экинчисине шылтап жатат, бир башкаруучу экинчисин күнөөлөп жатат” деген өңүттө кабыл алынды. Ал гана эмес, “армияны жиберүү милдет болсо да, эгер муну кылышпаса, жок дегенде саясий, дипломатиялык, маалыматтык, каржылык жардам берсин” деген өңүттөгү сөздөр менен айрым учурда башчылар жана аскер жетекчилери негизги милдеттен бошотулуп калгандай болду.
Кээ бир аалымдар, “жихад фарз, армиялар аракетке келиши керек, Үммөт көтөрүлүшү зарыл, чек аралар ачылышы керек” деп баштаган фатваларынан кийинчерээк ачык же кыйыр түрдө артка кайтышты. Себеби, Газа калкы, мужахиддери жана жетекчилери Үммөттөн башчылар уруксат берген чакан аракеттер менен чектелип калбастан, реалдуу жардам күтүп, катуу жардам сураганда, бул аалымдар “мындай чакырыктар өлкөлөрдү туруксуздаштырат, кыйратат” деген шылтоолор менен Үммөттү аларга жооп берүүдөн кайтарышты.
Бул айтылгандардын жалпы жыйынтыгы үч негизги маселе менен түшүндүрүлөт:
- Бул аалымдар бардык башчылардан толук кутулуп чыга алышкан жок жана бардык режимдерден үмүтүн үзүшкөн жок. Алар айрым бийликтен үмүтүн үзүшкөнү менен, айрымдарынын дасторконунан али деле жеп жатышат. Бул болсо алар үчүн башчыларга каршы чыккан же аларга каршы элди үндөгөн фатва берүүгө тоскоол болууда. Маселен, Түркияга баш багып, ошол жерде жашап жаткан бир аалым, кантип Иордания башчыларына каршы чыгууну талап кылат? Андай болсо ага: “Сен, өзүң турган бийликти айтчы!” деп турушпайбы?
- Бул аалымдарда саясий жактан толук кандуу да, жарым-жартылай да программа жок. Алар бул программага жараша иш алып баруу, Үммөттөгү өзгөрүүнү ошол программа аркылуу ишке ашыруу аракетинде эмес. Алар өз ара кандай өзгөрүү керек, максат эмнеде болушу керек деген маселелерде да бир пикирге келген эмес.
- Бул аалымдар өздөрү түзгөн же жетектеп жаткан бир да жамаатка же саясий уюмга ээ эмес. Ошондуктан, өз фатваларына жана чакырыктарына ылайык бул жамааттар аркылуу элди кыймылдатуу мүмкүнчүлүгү да жок. Эгерде араларында айрым жамааттарга мүчө же аларга таасир кыла тургандары бар болсо да, алар бул уюмдардын жетекчиси эмес, чечимди башка негиздерге таянып кабыл алган жетекчилери бар.
Жыйынтыктап айтканда, аалымдардын ар кандай фатвалары, чакырыктары, кайрылуулары же билдирүүлөрүндө Үммөттү өз башчыларынан кутулууга, бийликти кайра алууга, күчүн кайтарып, Аллахтын шариатын орнотууга, Ислам жерлерин бириктирүүгө үндөө жана аны ишке ашыруучу реалдуу программа болбосо, ал жөн гана кагаздагы сыя бойдон калат, бош үндөн башка эч нерсе болбойт.
Бул аалымдарга тийиштүү болгон вазыйпа эки жолдун бирөөсүндө турат:
Же алар өздөрү бир жетекчилик алдында биригип, жалпы идеялар, аракеттер жана максаттар айланасында чогулуп, аныкталган программа менен Үммөттү жетелеши керек,
Же болбосо мындай программасы бар, аракет кылып жаткан жамаатка кошулуп, Үммөттү да ошол жамаатка чакырышы керек.
Эки жолдун кайсынысын тандашса да, алар элдин алдында сөзү менен да, амалы менен да, курмандыгы жана кайраттуулугу менен да үлгү болушу керек. Аллах үчүн эч бир жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпой, залымдардын коркутуусунан, дүйнө кызыкчылыгынан же коопсуздуктун кетишинен чочулабашы зарыл. Ошондо алар илим ээлерине ылайык урматтуу орунга ээ болушат жана өздөрүнүн сообуна кошо аларды ээрчигендердин сообун да алышат, андан ээрчигендердин сообу кемибейт.
Андай болбосо, алар Аллах үчүн айтуу же аткаруу милдет болгон нерсени аткарбагандыгы үчүн жоопкер болушат, аларды ээрчиген, бирок эч нерсе кылбаган элдин күнөөсү да аларга жүктөлөт. Алар Аллах Таала:
﴿إِنَّ الَّذِينَ يَكْتُمُونَ مَا أَنزَلْنَا مِنَ الْبَيِّنَاتِ وَالْهُدَى مِن بَعْدِ مَا بَيَّنَّاهُ لِلنَّاسِ فِي الْكِتَابِ أُولَئِكَ يَلْعَنُهُمُ اللهُ وَيَلْعَنُهُمُ اللَّاعِنُونَ﴾
“Биз түшүргөн далилдер жана Хидаятта турган нерселерди адамдарга Китепте ачык-айкын кылып бергенибизден кийин аны жашыргандарды, кадиксиз, Аллах наалат кылат жана наалат кылуучулар (периштелер жана момундар) да наалат кылышат”. (Бакара: 159) – дегендердин катарына кошулуп калбаса экен деп коркобуз.
Бирок биз үмүт кылабыз, алар акыйкатка кайтып, оңолуп, ачык-айкын айтып, ишке өтүшөт. Андай болсо алар тууралуу Аллах Таала айткандай болушат:
﴿إِلَّا الَّذِينَ تَابُوا وَأَصْلَحُوا وَبَيَّنُوا فَأُولَئِكَ أَتُوبُ عَلَيْهِمْ وَأَنَا التَّوَّابُ الرَّحِيمُ﴾
“Бирок кимде-ким тообо кылып, өздөрүн оңдошсо жана (адамдарга акыйкатты) ачык айтышса, мына ошолордун тооболорун кабыл аламын. Мен гана тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүүмүн”. )Бакара: 160).
Аль ваъй журналынан алынды