Аллахтын достору

93
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аллахтын достору

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

ورد في صحيح البخاري ، عن‏أبي هريرة ‏‏قال ‏قال رسول الله ‏ ‏صلى الله عليه وسلم ‏إن الله قال من عادى لي وليا فقد ‏‏آذنته ‏ ‏بالحرب وما تقرب إلي عبدي بشيء أحب إلي مما افترضت عليه وما يزال عبدي يتقرب إلي بالنوافل حتى أحبه فإذا أحببته كنت سمعه الذي يسمع به وبصره الذي يبصر به ويده التي يبطش بها ورجله التي يمشي بها وإن سألني لأعطينه ولئن استعاذني لأعيذنه وما ترددت عن شيء أنا فاعله ترددي عن نفس المؤمن يكره الموت وأنا أكره مساءته

Сахих аль-Бухариде Абу Хурайрадан риваят кылынат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах айтат: “Ким Менин досума душмандык кылса, Мен ага согуш жарыялайм. Менин пендем  мен буйругандан (фарздарымдан) да сүйүктүү эч нерсе менен Мага жакындай албайт. Мен аны жакшы көргөнгө чейин пендем нафил ибадаттары менен Мага жакындай берет. Мен аны жакшы көргөнүмдө анын уккан кулагы, көргөн көзү, кармаган колу, баскан буту болом. Менден сураса  берем, эгер менден коргоо сураса мен аны коргойм. Мен эч качан момундун жан дүйнөсүнөн (жанын алуудан) тартынгандай тартынган. Ал өлүмдү жек көрөт, мен аны капа кылганды жек көрөм””.

Фатхул Баринин “Сахих Аль-Бухари”ге берген шарх китебинде кээ бир өзгөртүүлөр менен айтылган. “Ким Менин досума душмандык кылса” дегени, Аллахтын досу – Аллахты тааныган, Ага моюн сунууда туруктуу жана Ага ибадат кылууда ыкластуу адам дегенди билдирет. Ага душмандык кылган адамды табуу кыйын, анткени душмандык эки тараптан болушу мүмкүн. Ал эми, сабырдуу болуу жана билбегендерин кечирүү Аллахтын досунун табияты. Душмандык, мисалы, дүнүйө иштери менен гана чектелбейт, бирок ал шииттердин Абу Бакрды жек көрүүсү сыяктуу фанатизмден келип чыккан жек көрүүдөн келип чыгышы мүмкүн. Бидатчы суннилерди жек көрөт, ошондуктан эки тараптан тең кастык пайда болот. Ал эми валий тарабына келсек, ал Аллах Таала үчүн душмандашат, экинчи тарапка келсек, жогоруда айтылган кызыкчылыктар үчүн. Ошол сыяктуу эле, Аллах үчүн  напси каалоолорун тыйып амру маъруф нахий мункар кылгандыгы үчүн авлияларды  жек көрөрүн ачык айткан фасык адамдар бар. Душмандык сөзү бир тарап чындыгында бар, экинчиси потенциалдуу экенин көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Ибн Хиббан “Аль-Ифсахада” мындай дейт: “ким менин досума душмандык кылса” деген сөзү аны душман кылып алды дегенди билдирет. Мен анын Аллахты дос кылгандыгы үчүн аны душман кылып алганынан башка маанини көрбөй турам жана бул Аллахтын досторунун жүрөгүнө зыян келтирбөө үчүн эскертүүнү камтыйт. Эгерде кырдаал укукту алуу же сырды ачуу менен байланышкан талаш-тартышта же соттук териштирүүдө эки валийдин ортосундагы талаш-тартышты талап кылса, бул истисна болот. Абу Бакр менен Умардын ортосунда, Аббас менен Алинин ортосунда талаш тартыш жана башка окуялар болгон…

“Мен ага согуш жарыялайм” дегени, мен ага кабарладым дегенди билдирет. Уруксат кабарлоо, андан азан алынат. “Согуш” макулуктар Жараткандын туткунунда болсо, эки тараптын өз ара аракети менен болгон согуштун болушу күмөндүү. Башкача айтканда Жараткан жаратуучу болуп туруп өз макулугуна кантип согуш кылат. Бул адамдардын түшүнүгүнө жараша кайрылуунун бир түрү деп жооп берилет. Согуш кастыктан, душмандык баш ийбестиктен чыгат. Согуштун максаты – кыйроо жана Аллахты эч ким жеңе албайт. Демек, мунун мааниси Алланын жок кылуусуна дуушар болду дегенди билдирет.

Аль-Факахани айтты: Бул катуу коркунуч, анткени Аллах ким менен согушса, ал жок болот жана бул күчтүү каймана маани. Анткени ким Аллахты сүйгөн адамды жек көрсө, ал Аллахка баш ийбеген болот, ал эми ким Аллахка баш ийбесе, Ага каршы чыккан болот, ким Ага каршы болсо, ал жок кылынат. Эгер бул душмандык жагына кандай жаза берилсе, Аллахтын досун дос туткан тарапка да ошончолук сыйлык берилет. Демек, ким Аллахтын досторун урматтаса , Аллах аны урматтайт.

Ат-Тауфи айтты: Аллахтын досу – Аллахты моюн сунуу жана такыбалык менен дос тутат. Аллах аны коргоо жана жеңиш аркылуу дос кылып алат.

“Менин пендем Мен буйруганымдан (фарздарымдан) да сүйүктүү эч нерсе менен Мага жакындай албайт”. Бул сөз бардык жеке жана жамааттык парздарды камтыйт жана ал Аллах парз кылган нерселерге мүнөздүү. Мындан фарздарды аткаруу Аллахка амалдардын эң сүйүктүүсү экендиги түшүнүлөт.

Ат-Тауфи айтты: Фарздарды аткарууга буйрук кылуу чечкиндүү болгондуктан, аларды таштаган жазага кириптер болот. Нафилдер ташталса ага жаза жок, ошондуктан сооп алуу үчүн нафил фарз амалдар менен бирге аткарылса, фарз толугураак аткарылган болот. Ошондуктан ал Аллах Таалага сүйүктүү жана Ага жакындаткан амал болот. Ошондой эле парз пайдубал жана негиз сыяктуу, нафил бутак жана имарат сыяктуу. Фарздарды буйрук кылынган тартипте аткаруу буйрукка баш ийүү, буйруганды урматтоо жана ага моюн сунуу менен аны даңазалоо, Раббисинин улуулугун жана кулдуктун кичипейилдигин көрсөтүү. Демек, ушундай жол менен Аллахка жакындоо – эң чоң амал. Парздарды аткарган адам жазадан корккондуктан кылат, ал эми нафил амалдарды кылган адам кызмат кылуу каалоосу менен гана жасайт, ошондуктан ал сүйүү жакшы көрүү менен сыйланат. Бул кызмат Аллахка жакындоого умтулган адамдын эң негизги максаты.

“Мага жакындайт”. Жакындоо – жакындык издөө дегенди билдирет. Абу аль-Касим аль-Курайший айтат: Пенденин Раббисине жакындыгы адегенде ыйманы, андан кийин жакшы амалдары менен болот. Раббинин пендесине жакындыгы бул дүйнөдө Өзүнө дос туткандыгы, акыретте ыраазылыгы , ырайымы болот…

“Мен аны жакшы көргөнгө чейин нафил ибадаттар менен Мага жакындай берет”. Аллах Тааланын пендеге болгон сүйүүсү – пенде нафил ибадаттары аркылуу дайыма Ага жакындаганда пайда болот. Жогоруда айтылгандар бир суроону туудурат: Парздар Аллахка жакындай турган эң сүйүктүү ибадат болуп саналат, анан кантип сүйүү пайда кылбайт? Жооп: нафил амал парздарды толуктап турган нерсе.

ويؤيده أن في رواية أبي أمامة ” ابن آدم. إنك لن تدرك ما عندي إلا بأداء ما افترضت عليك

Бул Абу Умаманын: “Эй, Адам уулу, сен менде болгон нерсеге мен сага буйруганымды аткаруу менен гана жетесиң” деген риваяты менен бекемделет.

Аль-Факахани айтат: Хадистин мааниси: эгер ал парздарды аткарып, намаз, орозо жана башка нафил амалдарды аткарууну уланта берсе, бул аны Аллах Тааланын сүйүүсүнө жетелейт. Кээ бир улуу аалымдар айтышкан: “Ким нафил эмес, фарз менен алек болсо, анда ал кечиримдүү, ал эми кимде-ким фарз эмес, нафил амал менен алек болсо, ал алданган болот”.

“Эгер Менден коргоону тилесе” дегени, ал корккон нерседен Мен аны сактайм дегени…  Ушундан билинип тургандай, нафил сөз жана иш менен сунуш кылынган амал. Жогоруда айтылган Абу Умаманын дагы бир хадисинде:وأحب عبادة عبدي إلى النصيحة” “Пендемдин ибадаттарынын эң сүйүктүүсү насаат кылуу” деп айтылган. Хадисте намаздын чоң баалуулугу айтылат, анткени ал аркылуу Аллахка жакындаган пендеге болгон сүйүүсүн жаратат. Себеби, ал дуба жана Аллахка жакындыктын жери жана пенде менен Раббисинин ортосунда ортомчу жок байланыша турган жер. Пенденин көзүнө андан өткөн жагымдуу эч нерсе жок. Ошондон улам Анас (р.а) риваят кылган  хадисте:

في حديث أنس المرفوع “وجعلت قرة عيني في الصلاة” أخرجه النسائي وغيره بسند صحيح

 “Көзүмдүн кубанычы намазда болду” деп айтылган. Насаи жана башкалар сахих тизмеги менен риваят кылышкан.

Ким бир нерседен кубаныч тапса, аны таштап кеткиси келбейт жана андан ажырагысы келбейт. Анткени ал анын жыргалчылыгын камтыйт жана жашоосун жагымдуу кылат. Буга ибадат кылуучу кыйынчылыкка сабыр кылуу менен гана жетет. Анткени, бул дүйнөнүн жолоочусу балээлердин жана алсыздыктын бутасы болот.

“Ал өлүмдү жек көрөт, мен аны капа кылууну жек көрөм”. Айша энебиздин хадисинде: ” إنه يكره الموت وأنا أكره مساءته

“Ал өлүмдү жаман көрөт, мен аны капа кылууну жаман көрөм” деп келет. Мазхаб устасы Жунайд айтты: “Бул жерде жек көрүү момундун өлүмгө туш болгон нерселерине жана анын кыйынчылыгына  байланыштуу. Бул мен  өлүмдү жек көрөм дегенди билдирбейт, анткени өлүм аны Аллахтын ырайымына жана кечиримине алып барат. Аягы.

Алардын кээ бирлери  өлүм  качып кутулгус жана рухтун денеден бөлүнүшү жана ал көбүнчө катуу азап менен гана болот деп айтышкан. Амр ибн Аастан өлүм төшөгүндө жатканда бул тууралуу сурашканда айтты: “Мен ийненин көзү менен дем алып жаткандай, тикенек бутумдан башыма чейин сойлоп бараткандай”.

Каьбдын риваятына ылайык, Умар андан өлүм тууралуу сурагандыктан, аны мындайча баяндаган. Өлүм ушундайча сүрөттөлгөндүктөн Аллах момунга жамандык кылууну жаман көргөндүктөн, бул жек көрүүнү момундун жек көрүүсү катары баяндаган. Зыян өмүрдүн узундугуна байланыштуу болушу мүмкүн, анткени ал жашоонун эң жаманына, кулк-мүнөздүн бузулушуна жана эң төмөнкүгө (жаш балача болуп калууга)) кайтууга алып келет.

Урматуу бир туугандар:

Бул хадисте олуянын даражасы, өзүнүн башкаруусун Раббисинин башкаруусуна тапшырганы жана өз нусратынан Аллахтын ага нусратына өткөнү жана Ага болгон чын ыкластан тобокел кылуусу менен өзүнүн кудурети жана күчү менен жогору көтөрүлгөндүгү баяндалган. Ал айтты: Мындан түшүнүүгө болот: Олуяга зыян келтирип кийин- өзүнө, мал-мүлкүнө жана балдарына балээ келбеген адам Аллахтын азабынан аман-эсен деп өкүм кылынбашы керек. Анткени анын балээси, мисалы, динде болгон балээ сыяктуу, ал үчүн оор болгон башка нерседе болушу мүмкүн. Бул хадис олуялардын сыпаттарын, пазилеттерин жана даражаларын түшүндүрөт. Аллахтын олуяларына душмандык кылуу ага душмандык жана аны менен согушуу экенин билдирди. Ким Аллахка душмандык кылып, падышалыктын Ээсине каршы согушса, анда ал жеңилет. Аллах кимди коргоого кепилдик берсе, ошол жеңишке жетет. Себеби, Аллахтын олуялары Аллахтын сүйүүсү менен толук оролгон. Ошондуктан ал аларды өз коргоосуна алат.

Аллахтын олуялары – парз жана нафил амалдарды аткаруу, эң оболу намаз, орозо, зекет, ажылык, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтаруу, жихад кылуу, Анын акысын жана пенделеринин акысын аткаруу менен Аллахка жакындагандар.

Аллахтын олуялары парз жана нафил ибадаттарды аткарышкан, ошондуктан аларга кам көрүп, жакшы көрүп, Өзүнүн ыраазылыгына алып бара турган бардык жолдорду жеңилдеткен. Аллах аларды туура жолго салып, бардык кыймылдарына бекем кылды. Эгер алар укса, Кудай үчүн угушат. Көрсө, Аллах үчүн көрүшөт. Эгер алар кармаса же басышса, Кудайга баш ийүү менен кылышат. Алардын кыймыл-аракетин багыттоо менен алардын дубаларына жооп бере турган болду. Эгер алар Андан сурашса, аларга диний жана дүйнөлүк кызыкчылыктарына тиешелүү нерселерди берет, эгер алар Андан жамандыктан коргоону тилешсе, коргойт. Бирок, бардык жагдайларында аларга боорукердик менен мамиле кылат. Пенделерине өлүмдү буйрубаганда, Анын олуялары Андан куткарылмак. Анткени алар аны оордугу жана кыйынчылыгы үчүн жек көрүшөт жана Аллах аларды капа кылганды жек көрөт, бирок өлүм милдеттүү болгондуктан, алар муну көрүүдөн башка аргалары жок.

Бул хадис олуялардын сыпаттарын, алардын ар кандай жакшылыктарын жана Аллахтын аларга болгон сүйүүсүн баяндайт. Бул атаандаштар атаандашып жарыша турган эң чоң нерсе. Ал алар менен бирге, алардын колдоочусу, жол көрсөтүүчүсү жана дубаларына жооп берүүчү.

Жыйынтыктап айтканда, Жараткан Аллах Тааладан бизди коркпогон жана кайгырбаган досторунан кылуусун тилейбиз. Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

1446-х, 25-шаввал.

2025-ж, 23-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here