Халифалык Жер Ортолук деңиздин жээгинде жана мусулмандардын жүрөгүндө жайгашкан Шам жергесинде яхудийлер, алардын союздаштары менен кызматчылары каалабаса да орнойт!

17
0

Басма сөз баянаты

Халифалык Жер Ортолук деңиздин жээгинде жана мусулмандардын жүрөгүндө жайгашкан Шам жергесинде яхудийлер, алардын союздаштары менен кызматчылары каалабаса да орнойт!

Бисмиллахир Рахманир Рахим. 2025-жылдын 21-апрели, дүйшөмбү күнү, ар кандай маалымат каражаттары яхудийлердин кылмышкер түзүмүнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун мындай сөзүн жарыялашты. Ал: «Биз Жер Ортолук деңиздин жээгинде эч кандай халифалык мамлекеттин түзүлүшүн кабыл албайбыз». “Израилдин” жообу Йемен менен гана чектелбестен, Ливан жана башка фронтторго да жайылат. Мен буга чейин көп жолу айткам. Биз Жакынкы Чыгыштын жүзүн өзгөртөбүз, азыр дал ушуну ишке ашырып жатабыз. Өкмөтүмдүн чечимдери жана туруктуулугу аркылуу биз Газа, Ливан, Сирия жана башка аймактардагы жамандыктын огун талкаладык. Биз душманыбызды жакшы билебиз жана бул жерде да, Ливанда да Халифалык мамлекеттин түзүлүшүнө жол бербейбиз. “Израилдин” сакталып калышын камсыздайбыз», – деди.

Мындай билдирүүлөр, албетте, яхудийлер менен кресттүүлөрдөн турган каапырлар үчүн жаңы эмес. Алар мындан жүз жылдан ашык мурун Халифалык мамлекети кулатылган кезден тартып, мусулман үммөтүнүн чыгыштагы Индонезиядан батыштагы Мароккого чейинки аймактарда биригип, кайрадан халифалык орнотуу коркунучун айтып келишет. Бирок мындай сөздүн дал ушул учурда, үммөт оор толгоодо турганда, өзгөчө мусулмандардын жүрөгү болгон Шам жергесинде, ошол кылмышкер Нетаньяхунун оозунан чыгышы алардын бул жаңжалдын чыныгы маңызын түшүнүп калганын көрсөтөт. Алар бул толгоонун кайсы баланы төрөй турганын сезип турушат. Ал бала, ин шаа Аллах, Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйүнчү берген экинчи Халифалык болот. Ал пайгамбарлык жолунда курулган мамлекет!

Бул пайгамбарлык сүннөтүнө ылайык үммөт өткөн саясий этаптар тууралуу Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген: ثم تكون الخلافة على منهاج النبوة ثم سكت…

«…Андан кийин Пайгамбарлык минхажындагы Халифалык болот», андан кийин ал унчукпай калды. (Ахмад риваяты).

Демек, азыр биз жашап жаткан «падышачылык зулум доорунан» кийин (Пайгамбар ﷺ  аны «падышачылык диктатура» деп сүрөттөгөн) Халифалык доордун келишинде эч кандай күмөн жок! Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт.

Кээ бир адамдарга Нетаньяху бул сөздөрдү күч жана жеңиштин позициясынан сүйлөп жаткандай сезилиши мүмкүн. Бирок кылдат караган адам анын бул билдирүүсү, чындыгында жүрөгүн каптап турган халифалыктын кайтып келишинен коркуу белгиси экенин түшүнөт. Ал бул сөздөр менен Ислам үммөтүн коркутуп кайрылып жаткандай көрүнөт, бирок чындыгында бул билдирүүдө каапыр мамлекеттерге: «Мен силер үчүн халифалыктын жолун тосуп жатам» деген кайрылуу бар.

Ал өзүн күчтүү жана жеңүүчүдөй көрсөтүүгө аракет кылат. Бирок өзү билет, Ислам үммөтү анын алдында багынып берген жок жана ал үммөттүн биринчи катарын түзгөндөр Шам эли, Байтул-Макдистин жана анын тегерегиндеги жерлердин калкы, анын ичинде Газанын эли экенин да билет. Үммөттүн акыркы катарын болсо дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, жүрөгүндө ыйманы бар ар бир мусулман түзөт.

Эгерде жалгыз гана Газа ушул кыянат түзүмдү жана анын артында турган бардык каапыр жана саткын өлкөлөрдү тызылдаткан болсо, анда үммөттүн баары биригип, халифалыктын туусун көтөргөн күн келгенде, аларды эмне күтөт?! Үммөт Аллах Тааланын мындай сөзүнүн ишке ашышын каалап турат:

﴿فَإِذَا جَاءَ وَعْدُ الْآخِرَةِ لِيَسُوءُوا وُجُوهَكُمْ وَلِيَدْخُلُوا الْمَسْجِدَ كَمَا دَخَلُوهُ أَوَّلَ مَرَّةٍ وَلِيُتَبِّرُوا مَا عَلَوْا تَتْبِيراً﴾

«Анан, качан кийинки (бузукулуктун) убакты – сааты келгенде, жүздөрүңөрдү кара кылуулары, абалкы ирээт киргендери сыяктуу Масжид (ал-Аксага басып) кирип, (аны тебелеп тепсөөлөрү) үчүн ошондой эле ээлеп алган (бардык) жерлерди ойрон кылуулары үчүн (дагы душмандарыңарды силердин үстүңөргө жиберебиз)». (Исра сүрөсү, 7-аят).

Эгерде Нетаньяху Жер Ортолук деңиздин жээгинде халифалыкка жол бербейм десе, анда эгер халифалык анын сыртынан же башка аймактан келип чыкса ал эмне кылат? Халифалык бир гана бул региондун эмес, бүтүндөй үммөттүн талабы. Мусулмандар жашаган кайсы бир өлкөдө бийлик кулатылып, халифалыкты тикелөөгө чакыргандар бийликке келсе, ал кургак чөпкө тийген от сыяктуу бүт үммөттү камтыйт. Эгер бул сасык ушунчалык дүрбөлөңгө түшүп жатса, анда кантип башкаларды коркутуп, үркүтө алат?

Эй мусулмандар! Биз сиздерге Жер Ортолук деңиздин бир жээги — Ливандан кайрылабыз:

Үммөт Аллахтын динине жардам берип, бул зулум башкаруучуларды кулатып, жер үстүндө Аллахтын өкүмүн орнотуу үчүн таза ыйман ээлери менен күч ээлеринин жардамын күтүп турат. Эгерде мусулмандардын башкаруучуларында үммөтүнө болгон кызганычтын аз гана белгиси болсо, же өзүлөрүн жана үй-бүлөлөрүн үммөттүн каргышынан куткаруу ниети болсо, алар дароо ушул мазлум үммөттүн тарабына өтүшмөк. Бирок алардын арасында акыл-эстүү бирөө да жок экен! Ошондуктан, Эй Мисирдин ыймандуу аскерлери, жер жүзүндөгү эң жакшы армия! Эй Иорданиянын эр жүрөк баатырлары, яхудийлерге күч-кубаттын даамын таттыргандар! Эй Мухаммад Фатих жана Султан Абдулхамиддин жолун уланткан Түркиянын аскерлери! Эй кечээ жакында эле “Аллах үчүн, Аллах үчүн” деп кыйкырган Шамдын мужахиддери!

Мына, душманыңар чыныгы коркуусун ачык айтып жатат. Бул Аллахтын чындык убадасынан жана Пайгамбарыбыз ﷺ сүйүнчүлөгөн халифалыктын кайтып келишинен коркуу. Ошондуктан, эй аруу, куттуу офицерлер жана аскерлер, өз ордуңарды ээлегиле жана Аллахтын жардамчылары болгула! Халифалыкты тикелөөгө аракет кылып жаткандарга кошулгула!

Душманыңар бүгүн силердин абалыңар эң жакшы экенин, ал эми өзүнүн абалы эң начар экенин түшүнүп калды. Силер да ушуну түшүнүп жатасыңарбы?! Алар силерди токтотууга үлгүрбөй туруп, силер аларды токтоткула! Өзгөчө Мисир менен Иорданияда тезирээк кыймылдап, динге жана үммөтүңөргө жардам бергиле! Ин шаа Аллах, силер муну жасай аласыңар. Аллах Таала силердин колуңар менен сүйгөн иштерди көргөзсүн!

Бул үммөт чыдамсыздык менен күткөн улуу окуя. Бул Аллахтын өкүмүн орнотуу үчүн аракет кылгандар чыдамсыздык менен күткөн учур. Ошондон кийин алар Пайгамбар ﷺ  Мадинада бийликти орнотуп, анан Исламды даават жана жихад аркылуу дүйнөгө жайганы сыяктуу, өз миссияларын аткарышат.

Бул мусулмандардын да, бүт адамзаттын да иштерин оңдой турган туура жол. Туура Жолго баштоо Жалгыз Аллахтын эрк-ыктыярында.

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً وَمَن كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

“Алла силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум илгери өткөн (ыйман-ишенимдүү) заттарды (жер жүзунө) халифа өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүнө халифа – орун басар кылууну жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин, үстөм-бекем кылууну, ошондой эле аларды (Меккеде көргөн) коркунучтарынан кийин, (Мадинада) тынтык-бейпилдикке бөлөп койушун убада кылды. Алар Мага ибадат кылышат жана Мага бир да иерсенн шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин (нематка) күпүрдүк кылса, демек алар баш ийбес адамдар” (Нур сүрөсү, 55-аят).

Хизб ут-Тахрир / Ливан вилаяты

25.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here