Кыргызстан бийлиги мусулмандарды көзөмөлдөө үчүн жаңы уламалар кенешинин курамын бекитти

31
0

Кыргызстан бийлиги мусулмандарды көзөмөлдөө үчүн жаңы уламалар кенешинин курамын бекитти

Кыргызстандагы светтик бийлик мусулмандардын исламий жашоосун жөнгө салуу үчүн бир катар мыйзамдарды, анын ичиннен никабды кийүүгө тыюу салуу жана башка ушуга окшогон мыйзамдарды кабыл алгандан кийин, аларды көзөмөлдөө үчүн диний тармакты уюштурууну кайрадан жүргүздү.

Эми диний уюмдарга көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик комиссиянын ордуна, кеңейтилип берилген ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик агенттик пайда болду. Бул Кыргызстан бийлиги мусулмандардын өнүгүүсүн чектөө үчүн жүргүзгөн саясатынын бир бөлүгү экендиги эч кимге жашыруун эмес. Жаңы саясатка макул болбогон дааватчылар жана уламалар жаңы курамга кирбей, бийлик тарабынан сунушталган адамдар шайланды. Мүмкүн, жакын арада Борбор Азиянын светтик бийликтери биргелешип Борбор Азиянын уламалар кеңешин уюштурушса да таң калбайбыз. Алар Борбор Азия мусулмандары менен араб жерлериндеги мусулмандардын ортосундагы пикирий байланыштарга тосук коюуга ээ болушат.

Диктаторлор Ислам менен күрөшүү үчүн куугунтуктоочу аракеттердин жетишсиз экенин жана мусулмандарды пикирий жактан көзөмөлдөө зарылдыгын түшүнүшөт. Андыктан, Борбор Азия мусулмандары жаңы кыйынчылыктарга даяр болушу керек. Анткени, бул – Аллахтан келе турган сыноолор. Ал эми, Аллах кулдары үчүн эмне жакшы экенин жакшыраак билүүчү. Алла Таала айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَا قَبْلَكَ مِنَ الْمُرْسَلِينَ إِلَّا إِنَّهُمْ لَيَأْكُلُونَ الطَّعَامَ وَيَمْشُونَ فِي الْأَسْوَاقِ ۗ وَجَعَلْنَا بَعْضَكُمْ لِبَعْضٍ فِتْنَةً أَتَصْبِرُونَ ۗ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرًا

Биз силердин кай бириңерди кай бириңер үчүн фитна – сыноо кылып койдук, (тактап айтканда, сенин жөнөкөй адамдар сыяктуу жупуну күн өткөрүшүң башкалар үчүн бир сыноо. Себеби эгер Биз сени бай, дөөлөттүү кылып койгонубузда, алар сага ошол байлыгың үчүн моюн сунушкан болоор эле). Силер (Биздин бул сынообузга) сабыр кыла аласыңарбы? Раббиң көрүп туруучу Зат (25:20).

Бектурсун Азык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here