Басма сөз баянаты
Cойкулуктун жумуш катары сунушталышы секуляризмдин дагы бир жийиркеничтүү жүзү
Убактылуу бийликтин “Аялдар маселесин реформалоо боюнча комитети” калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул өлкөгө Батыштын бузулган жана ыплас маданиятын таңуулаганы турат. Алар сойкулук менен алектенгендерди “жумушчу” катары таанып, мамлекеттик эмгек мыйзамдарына ылайыкташтырууну сунуштап жатышат.
Ал эми коом ичинде сойкулук аялзатын басынтуу, адамдык баалуулуктарды жемирүү жана зулумдуктун эң жийиркеничтүү көрүнүшү катары каралат. Буга карабастан, “аялдын эркиндиги” деп ооз көптүргөн секулярист “интеллектуалдар” бул уят ишти “жыныстык жумуш” деп атап, мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышат. Алар аялдын абийирин, сулуулугун жана аялдык сыпатын коргоонун ордуна, сойкулукту мыйзамдаштыруу менен ага урматтуу жашоо тартуулабастан, тескерисинче шылдың кылууну көздөп жатышат.
Бул эки жүздүү феминисттер аялды “эркиндикке” чыгарабыз дешип, сойкулуктун коомдо уланышына себепчи болууда. Кызыгы, ошол “ишти” өздөрү кылгысы келеби? Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ» (رواه البخاري).
«Силердин бирөөңөр өзү үчүн жакшы көргөн нерсени бир тууганына да жакшы көрмөйүнчө, толук момун боло албайт» (Бухарий риваяты).
Батыш цивилизациясынын эң жийиркеничтүү жана жапайы баалуулуктарынын бири – аялды акыл-эси менен эмес, жыныстык мүчөсү жана сырткы келбети менен баалоосу. Биз буга чейин секуляризмге кызмат кылган “Бабия” сыяктуу кылмыштуу топтордун аялдарды саясатчылардын көңүлүн ачтыруу үчүн кантип пайдаланганын көрдүк. Ошондой эле, Иден колледжиндеги аял лидерлерди сойкулукка аралаштырган чуулгандуу окуялар да элге белгилүү. Мындан тышкары, “Мигна Алим” тобу деп аталган уюм саясатчыларга каршы “бал челек” операцияларын жүргүзүп, аларды тузакка түшүргөн. Айрым жакыр аялдар болсо жашоого болгон муктаждыктан улам, адам сатуу жана сойкулук тармактарына түшүп калган. Биздин аң-сезимдүү мусулмандар бул батыштык бузук түшүнүктү жийиркенүү менен четке какты.
Ал эми батыштын идеясына кул болгон феминисттер бул зулумга кабылган аялдарды куткаруунун ордуна Ислам маданиятына чабуул коюу үчүн бул маселени шылтоо кылып, коомдо сойкулукту нормалдаштырууга жана Ислам баалуулуктарын жок кылууга аракет кылып жатышат.
Батыш өлкөлөрүндө үй-бүлө институту кыйраган, аялдар үйдө да, көчөдө да зордук-зомбулукка кабылып келет. Руханий кризис коомду бууп турарын алар жакшы билишет. Эми алар биздин өлкөнү да батыштагыдай таштанды балдар менен толгон коомго айланткысы келеби?! Аллах Таала мындай деген:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّبِعُوا خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ وَمَنْ يَتَّبِعْ خُطُوَاتِ الشَّيْطَانِ فَإِنَّهُ يَأْمُرُ بِالْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَلَوْلاَ فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ مَا زَكَا مِنْكُمْ مِنْ أَحَدٍ أَبَداً وَلَكِنَّ اللَّهَ يُزَكِّي مَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ﴾
«Эй момундар, шайтандын изинен ээрчибегиле! Ким шайтандын изинен ээрчисе анда албетте (шайтан) бузуктукка жана жамандыкка буюрат. Эгер силерге Алланын берешен жоомарттыгы болбогоңдо, силерден бир да киши (бир да күнөөдөн) таза болбойт эле. Бирок, Алла (берешен – жоомарттыгы менен) Өзү каалаган кишини тазалайт (аруулайт). Алла угуучу, билүүчү». (Нур сүрөсү, 21-аят).
Хизб ут-Тахрирдин Бангладеш вилаятындагы маалымат бөлүмү
25.04.2025