Судан вилаятындагы «Хизб ут-Тахрир» партиясынын делегациясы доктор Мужахид Харунга зыярат кылды

14
0

Басма сөз баянаты

Судан вилаятындагы «Хизб ут-Тахрир» партиясынын делегациясы доктор Мужахид Харунга зыярат кылды

Кечээ, шаршемби күнү, 1446-жыл, Шаввал айынын 25инде (2025-жылдын 23-апрели) Судан вилаятындагы «Хизб ут-Тахрир » партиясынын делегациясы, партиянын Судан вилаятындагы расмий өкүлү устаз Ибрахим Усман Абу Халилдин башчылыгы жана Борбордук байланыш комитетинин мүчөсү устаз Абдулла Исмаил менен биргеликте, Кызыл деңиз вилаятынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, профессор устаз Мужахид Харун Мухаммадды анын кеңсесинде зыярат кылышты.

Жолугушууда мусулмандардын маселелери жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Абу Халил «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мусулмандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча көз карашын түшүндүрдү. Ал көйгөйлөрдүн түпкү себеби Исламдын үммөт ичинде пикирий жетекчиликтен ажырап калгандыгында экенин белгиледи. Бул болсо Ислам негизинде курулган мамлекет жана бийлик болмоюнча мүмкүн эмес. Мындан 100 жылдан ашык убакыт мурун Халифалык мамлекет жоюлган соң, мусулман өлкөлөрү улуттук негиздеги майда мамлекеттерге бөлүнүп кетти. Бул мамлекеттер Исламга эмес, кафир колонизатор Батыштын системаларына негизделип, анын саясатын жана үммөткө каршы кутумдарын ишке ашырып келишүүдө. Азыр Палестинада болуп жаткан окуялар, ушул зыяндуу режимдердин башкаруучуларынын алсыздыгынын ачык далили. Алар Палестинадагы зулумдук чеккен мусулмандарга жардам бербей, бул жерди яхудий жана кафир Батыштын жырткыч машиналарына таштап беришти. Ошондуктан, ушул абал шартында дааватчылардын, Ислам дааватын көтөргөндөрдүн, имамдардын жана аалымдардын негизги вазыйпасы тагдыр чечүүчү маселе болгон Исламга таандык бийликти орнотуу жөнүндө сүйлөө. Башкача айтканда, пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты кайра тикелөө аркылуу үммөттү кайрадан көтөрүү болуп саналат.

Доктор Мужахид бул сунуш менен макул экенин билдирип, бүгүнкү күндө Ислам негизинде курулган мамлекет жок экенин белгиледи. Ошондуктан, үммөттүн вазыйпасы Ислам бийлигин орнотуу үчүн иш алып баруу болушу керек экенин айтты. Анткени бул үммөттүн кайра жанданышы жана адилеттүүлүк да, Ислам негизиндеги мамлекет бар болгондо гана ишке ашат.

Жолугушуунун соңунда ал байланыш улантыларына ишеним билдирди жана: «Биздин минбарлар силер үчүн ачык» деди. Ошондой эле, ал «Хизб ут-Тахрир» партиясын мурдатан бери таанып, анын жигиттери менен жакшы мамилеси бар экенин кошумчалады.

Ибрахим Усман

 Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы Маалымат бөлүмүнүн расмий өкүлү

 24/04/2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here