Эмне үчүн Россия Кыргызстанга С-300 берди?
Кыргызстан Россиядан С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин (ЗРК) алды, бул тууралуу өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Бул комплекстер абадан коргонуу системасынын (ПВО) элементтери болуп саналат. Мындай комплексти түзүү боюнча келишим 2023-жылы күчүнө кирген. Кыргызстан ЖККУнун алкагында Россия менен аскердик кызматташуусун улантууда. Москва бул кызматташтыкты Бишкек менен гана эмес, бүткүл Борбордук Азия менен да бекемдөөдө.
Коопсуздук кеңешинин катчысы, комплекстер 8-майда өтө турган Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадда Бишкекте көрсөтүлөөрүн кошумчалады. Мурда бир катар массалык маалымат каражаттары Кыргызстандагы параддын репетициясында С-300ПС жана “Тор-М2КМ” зениттик-ракеталык системалары, ошондой эле Беларусиядан алынган модернизацияланган С-125-2БМ ЗРКлар байкалганын кабарлаган.
2021-жылы президент Садыр Жапаров Россияга болгон сапарында С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча келишимге кол койгон. 2023-жылдын ноябрь айында бириккен аймактык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча келишим күчүнө кирген. Бул келишимге ылайык, Россия коопсуздук аймагындагы бириккен аймактык абадан коргонуу системасынын аскерлеринин иш аракеттерин координациялайт. Аталган аскерлер менен техниканы жайгаштыруу үчүн Бишкектен 20 км аралыкта жайгашкан, аянты 5 гектар жерди Канттагы орус аскерий базасынын жанынан бөлүп берди.
2023-жылы Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул система боюнча келишимди чоң жетишкендик катары атап өткөн. Мындан тышкары, келишимдин алкагында өлкөлөр машыгууларды өткөрүп, кадрларды даярдай тургандыгы айтылган.
Москва мындай келишимдерди аймактагы башка өлкөлөр менен да түзгөн, алардын катарына Казакстан, Беларусь жана Тажикстан кирет. Мисалы, 2023-жылы Россия Тажикстанга С-300 орнотулган 8 системаны жөнөткөн.
Белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргызстан ошол эле учурда НАТО менен да кызматташып келет. 2023-жылы АКШда, Монтана штатына Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан аскер кызматкерлери катышкан машыгуулар өткөн.
Кыргызстандын расмий өкүлдөрү көп векторлуу саясат жүргүзүп жаткандыгын айтып келишет. Анын ичинде АКШ менен да кызматташуу уланууда жана алардын куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгү Кыргызстандын армиясын окутууда катышууда. Бирок негизги коопсуздукту камсыздоо ЖККУга таандык экендигин моюнга алышат.
Кыргызстандын аскерий чөйрөсүндө Анкаранын катышуусу да күчөп барууда. Түркия Россияны аймактан сүрүп чыгарууга ачык урунбаганы менен мүмкүн болушунча Борбор Азияга башын салып барууда. Мисалы, 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн алтынчы саммитинде Касым-Жомарт Токаев аймактагы өлкөлөргө кайрылып, коопсуздук жаатында ич-ара көз карандысыз кызматташууну күчөтүүнү сунуштады.
“Борбор Азиянын айланасындагы аскерий-саясий абалдын чыңалуусуна байланыштуу коргонуу саясаты жана коопсуздук жаатында биргелешүү муктаждыгы жаралууда”, – деди Токаев. Мындан тышкары, Кыргызстандын Азербайжандагы мурунку элчиси Кайрат Осмоналиев түрк тилдүү мамлекеттерге ЖККУ же НАТО сыяктуу аскерий блок түзүүнү сунуштаган.
Жеңиш күнүнө аскердик техникалардын жеткирилүүсү эки өлкөнүн аскерий жана саясий аброюна пайда алып келет. Кремлдин коопсуздук жаатындагы коркутуулары, мисалы, аймактагы “террористтик уюмдар”, Афганистандагы туруксуздук жана баңгизат маселелери күңүрт болгондуктан, бул факторлор Россиянын “союздаштары» менен коопсуздукту бекемдөөдөгү жалгыз себептерден эмес.
Кремль үчүн бул аскерий техниканы Жеңиш күнүнө тартуулоосу анын саясий макамын жогорулатуу, аймактагы өлкөлөрдү майрамга тартуу аркылуу Россиянын таасирин күчөтүүгө каратылган. Жыл өткөн сайын орусту жеңилгис күч катары баалаган катмардын саны азайып баратат. Мисалы, Казакстан жана Өзбекстан бул жылы “Бессмертный полк” парадын өткөрүүдөн баш тартты. Садыр Жапаров үчүн да бийликке келгенден берки өлкөнүн өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү көрсөтүү маанилүү болуп турат. 1960-1970-жылдарга таандык, заманбап согуштук жетишкендиктерди эсепке алганда кубатын жоготкон эски техниканы даңазалоо аркылуу болсо да, союздаш мамилелерди көрсөтүү учурдун талабы көрүнөт.
Россия үчүн Борбордук Азиядагы аскерий кызматташтык — ЖККУнун зарылдыгын актоого каратылган регионалдык коопсуздук архитектурасынын аймактык бир бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан, Россия чакан аракеттер менен болсо да, коопсуздукту камсыздоо шылтоосу аркылуу, өзүнүн аскерий-саясий лидерлигин сактап калууга аракет кылууда.
Кремлдин аскердик жардам көрсөтүүдөн алган пайдалары:
- Таасир жана көзөмөлдү күчөтүү. Аскердик жардам — союздаш режимдерди өз таасир аймагында кармап туруу жолу. Курал жарак берүү, окутуу жана технологиялар менен камсыздоо аркылуу донор өлкө жардам алган тарапты өзүнө көз каранды кылып, анын малай болуусун бекемдейт.
- Каршы тарапты өз чеңгээлинде кармап туруу. Союздаштарды куралдандыруу аркылуу анын тышкы же ички душмандарга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Алар атаандаш мамлекет же идеологиялык таасир болушу мүмкүн. Бул “бирөөнүн колу менен” күрөшүү ыкмасы болуп, бетме-бет кагылышуудан качууга жардам берет.
- Аскерий базаларды түзүү. Союздаштар көп учурда өз аймактарында стратегиялык базаларды же аскерлерди жайгаштырууга уруксат беришет. Анын акысына колдоо, керектүү учурда жардам алышат.
- Курал сатуудагы экономикалык пайда. Аскердик жардам берүү – курал жана анын тетиктери менен камсыздоо жана техникалык тейлөө менен коштолот, бул донор өлкөнүн коргонуу өнөр жайына пайдалуу, андан тышкары экономикалык байланыштарды бекемдейт.
- Идеологиялык экспансия. «Суук согуш» сыяктуу тирешүү учурунда аскердик жардам идеологиялык негизге ээ болушу мүмкүн, мисалы — “демократиялаш досторду”, “социалисттик бир туугандарды ” же “стратегиялык өнөктөштөрдү” колдоо сыяктуу. Учурда Исламий коркунучтар же “терроризм” шылтоосу колдонулууда.
- Тышкы саясатты актоо. Союздаштарга жардам берүү аркылуу мамлекет “тартип сакчысы”, же гуманитардык баалуулуктардын сакчысы же «терроризмге» каршы күрөшүүчү катары өзүн көрсөтөт. Бул эл аралык дипломатиядагы маанилүү инструмент болуп, легитимдүүлүктү сактоо үчүн керек.
Ошентип, С-300 комплекстеринин Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши, Борбор Азиядагы регионалдык коопсуздукту күчөтүү менен бирге Россиянын стратегиялык кызыкчылыктарын ишке ашырууга да кызмат кылат.
Латыфуль Расых