Пакистандын урматтуу аалымдары! Палестинаны коргоо үчүн Пакистан армиясынын кыймылга келүүсүнө жалгыз тоскоолдук – бул азыркы башкаруучулар!

8
0

Басма сөз баянаты

Пакистандын урматтуу аалымдары! Палестинаны коргоо үчүн Пакистан армиясынын кыймылга келүүсүнө жалгыз тоскоолдук – бул азыркы башкаруучулар!

Исламабадда аалымдар уюштурган нааразылык жүрүшү Пакистандын мусулмандары Газага карата жасалып жаткан зулумдук, азап-тозокту жана күйүттү айкын түшүнүп жатканын көрсөттү. Ошондой эле, мусулман армияларына, анын ичинде Пакистандын армиясына да жихад парз экенин жарыялаганыңар базарларда жана социалдык тармактарда жаңырып жаткан ураандарды бекемдеди. Бул ураанддар: «Башкы командачылыктан баштагыла! Мусулман армиялары, милдетиңерди аткаргыла! Мусулман армиялары, силерге жүк болгон милдетти аткаргыла!», деген сөздөр менен коштолду.

Бирок “армиялар аркылуу куралдуу жихаддын” маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүндүргөнүңөргө карабастан, Пакистандын башкаруучуларындагы маселе алардын Аллах ﷻ жана Анын Элчисинин ﷺ  мусулмандарга карата зулум болгондо коргоого чыгуу боюнча буйруктарын билбегенинде эмес. Бул буйрук динден зарыл түрдө билиниши керек болгон нерсе. Маселе, тескерисинче, бул башкаруучулардын атайылап чыккынчылык кылуусунда жана үммөттүн укуктарына атайын шалаакылык кылуусунда.

Он сегиз айдан бери уланып жаткан кыргын жетишсиз беле?! Газалык мусулмандар нечен ирет жардам сурашты. Пакистандын мусулмандары да башкаруучуларынан жардам сурап кайрылышты. Аялдардын, балдардын жана кары-картаңдардын кан төгүлүп жатканын, мечиттер менен ооруканалар кыйрап жатканын көрүштү. Бирок бийлик ээлери яхудийлердин алдында коркунучта калып, Американын буйруктарына баш ийип отуруп калышты.

Бийлик ээлерине насаат берүү парз. Бирок эгер алар насаатты четке кагышса, Аллахтын динине каршы чыкса жана үммөттүн укуктарын атайылап буза беришсе, анда жөн гана насаат берүү жетишсиз болот. Үммөт, өзгөчө аалымдар, аларды катуу эсепке тартып, зулумкорлорду чындыкка мажбурлап кайтаруусу керек.

Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ، لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ، وَلَتَنْهَوُنَّ عَنِ الْمُنْكَرِ، وَلَتَأْخُذُنَّ عَلَى يَدَيِ الظَّالِمِ، وَلَتَأْطُرُنَّهُ عَلَى الْحَقِّ أَطْراً، أَوْ لَيَضْرِبَنَّ اللهُ قُلُوبَ بَعْضِكُمْ عَلَى بَعْضٍ، ثُمَّ لَيَلْعَنَنَّكُمْ كَمَا لَعَنَهُمْ»

«Мухаммаддын жаны колунда болгон Аллахка касам! Силер сөзсүз түрдө жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарасынар, зулумкордун колун кармап, аны чындыкка мажбурлайсынар, болбосо Аллах силердин жүрөктөрүңөрдү бири-бирине каратат да, силерди да каргайт, мурдагы каргалагандар сыяктуу». (Аль-Табарани риваяты)

Бүгүнкү башкаруучулар чыккынчылыктын шериктери. Алар үммөттүн ыйык жерлерин арзан баага сатышты, Байдендин алдында тизе бүгүштү, андан кийин Трамптын алдында да тизе бүгүштү.

Мусулмандардын үнүн басып, аларды басынтып жатышат. Алар кордукту өздөрүнө адат кылып алышкан. Ал эми кор болгон адам үчүн кор болуу оңой.

Оо, такыбаа аалымдар! Жихад боюнча берилген фатвалар бул башкаруучуларды эч кандай кыймылдатпайт. Анткени алар жихаддын өкүмүн эле эмес, жүздөгөн шаръий өкүмдөрдү жокко чыгарышкан. Алар армияларды чек аралардын ичинде камап коюп, үммөттүн иштерин Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу каапыр уюмдарга өткөрүп беришкен жана колонизаторлордун Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банктын шарттарына баш ийишкен.

Чыныгы чечим бул башкаруучуларды алып таштап, алардын урандыларынын үстүндө Халифалыкты тикелөөдө турат. Анткени бул башкаруучулар менен колбашчылар эркектердин арасындагы эң коркоктор. Алар жихад парзын аткарууга чыныгы тоскоолдук жаратып турушат. Ошондуктан аларды алып салуу да парз. Себеби, “Бир парзды аткаруу бир нерсеге байланган болсо, ал нерсенин өзү да парз болот” деген шаръий эреже бар. Баш ийүү керек болгон башкаруучу бир гана Аллахтын Шариаты менен башкарган, жихад үчүн армияларды жетектеген башкаруучу болот.

Аллах Таала айткан:

﴿وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Кимде-ким Алла түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, алар фасыктар!» (Маида сүрөсү, 47-аят).

Оо, такыбаа аалымдар, пайгамбарлардын мураскорлору! Силер армияларга жихад парз экенин фатва кылганыңар сыяктуу, эми силердин шаръий жоопкерчилигиңер күч жана бийлик ээлерине өз милдеттерин жеткирүү. Тактап айтканда, колонизаторлордун агенттерин алып салуу жана Палестинаны бошотуу үчүн адилеттүү Халифанын жетекчилиги астында Халифалык мамлекетин орнотуу. Халифалык — бул өз саясатын улуттук чек аралардын негизинде эмес, жихад жана даават негизинде түзгөн жалгыз мамлекет болот. Пайгамбарыбыз ﷺ  мындай деген:

«إنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам — калкан. Анын артында согушулат жана аны менен коргонулат». (Бухари жана Муслим риваяты).

Бүгүнкү күнү үммөт өзүнүн аалымдарынан, ушул аймактын мурунку аалымдары кандай кылган болсо, ошондой кадамдарды күтөт. Алар өз элдерин британ колонизаторлоруна каршы боштондук согушуна баштап чыгышкан. Ошондуктан үммөт силерден Палестинаны бошотууга жана яхудийлердин түзүмүн жок кылууга тоскоол болгон бардык тоскоолдуктарды, анын ичинде башкаруучуларды да алып салуу боюнча өз ролуңарды аткарууну күтүп жатат.

Буга Имам Абу Ханифа, Имам Малик, Ибн Таймийя, Шах Валиуллах жана башка мужахид аалымдар үлгү болушкан. Ошондуктан, аларга окшош мыкты мураскорлор болгула, үммөттүн үмүтүн актагыла жана пайгамбарлык мурастарын талаага таштабагыла.

Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы Маалымат бөлүмү

20.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here