Россия Борбор Азиядагы таасирин сактап калууга аракет кылууда

36
0

Басма сөз баянаты

Россия Борбор Азиядагы таасирин сактап калууга аракет кылууда

Россия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова 17-апрелде өткөн маалымат жыйынында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров 22-23-апрелде Өзбекстандын борбору Ташкентке расмий сапар менен барарын жарыялады. Сапардын жүрүшүндө Лавров Өзбекстандын президенти менен жолугушуп, Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Лавровдун Ташкентке сапары геосаясий шахмат тактасында маанилүү кадам болуп саналат. Анткени Кытайдын, Европа Биримдигинин жана Американын аймактагы, айрыкча Өзбекстандагы активдүү аракеттеринин фонунда Россия Борбор Азиядагы, өзгөчө Өзбекстандагы таасирин сактап калууга аракет кылууда. Лавровдун бул сапары дал ошол максатты дипломатиялык түрдө билдирүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 22-январында Өзбекстандын Коргоо министри генерал-майор Шерали Холмухамедов Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов жетектеген аскердик делегациянын расмий сапарын кабыл алган. Ал сапардын алкагында эки өлкөнүн Коргоо министрлери 2025-жылга карата Россия менен Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин кызматташуу планын жана 2026–2030-жылдар аралыгында аскердик чөйрөдөгү стратегиялык өнөктөштүк программасын түзүп, кол коюшкан. Ошондуктан Лавровдун сапары бул аскердик маанилүү жолугушуунун уландысы катары каралат.

Белоусов Өзбекстандын режимин “аймактык коопсуздуктун жападан жалгыз кепилдиги – бул Россия” деген доо менен тизгиндеген болсо, Лавров Өзбекстанды кайрадан “жанаша коңшу” макамына кайтарууга аракет кылууда. Бул Өзбекстан чоң оюнда өз алдынча күч эмес, жөн гана оюнчу экенин эскертүү. Өзбекстан президентинин Францияга болгон мамлекеттик сапарынан жана ушул айдын башында өткөн Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринчи саммитинен кийин Шавкат Мирзиёев үчүн “алыстагы табышмактуу шериктештер” мурдагыдан да кызыктуураак көрүнүп калды.

Мындан тышкары, өзбек делегациясынын Вашингтондо америкалык расмий адамдар менен сүйлөшүүлөрүнөн кийин түзүлгөн баалуу металл ресурстары боюнча келишим жана Өзбекстандын “Ислам мамлекети” уюмуна каршы эл аралык коалицияга толук мүчө катары кошулуусу Кытайдын тынчсыздануусун жаратты. Россия болсо бул маселеде этияттык менен иш алып барууда. Анткени Россия менен Кытай аймактагы экономикалык таасирин сактап калууда жана кеңейтүүдө өздөрүн “өнөктөш” катары көрсөткөнү менен, иш жүзүндө бири-бирине жашыруун атаандаш.

Лавров Өзбекстанга болгон сапарында коопсуздук жана мигранттар маселесин козгой турганы табигый. Анткени булар басым көрсөтүүнүн куралдары. Ошондой эле Өзбекстандын ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) жана КМШ (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги) сыяктуу аймактык уюмдарга мүчөлүгү да талкууланат. Бул уюмдар Өзбекстандагы Россиянын таасир чөйрөсүндө кала беришине кызмат кылат.

Мындан тышкары, Украинадагы согуш жана Батыштын Россия менен Европанын ортосундагы байланыштарын чектөөсү жана санкциялар Россия үчүн Түштүк жана Чыгыш Евразия менен байланышкан транзиттик коридорлордун маанисин бир топ жогорулатты. Бул жагынан алганда, Түндүк-Түштүк эл аралык транспорттук коридордун ролу өзгөчө мааниге ээ болду. Бул коридордун аралыгын кыскартуу үчүн Афганистандын аймагынан өткөрүү керек. Ушул себептен Россия Талибан кыймылын расмий түрдө “террористтик уюмдардын тизмесинен” чыгарып салды. Азыр Лавров Өзбекстандын өкмөтүн Талибан маселеси боюнча бирдиктүү позицияга келтирүүгө аракет кылууда. Кыскасы, бул сапар аркылуу Россия Борбор Азиядагы өзүнүн таасирин сактап калууга жана аны чыңдоого умтулууда.

Эй, Өзбекстан режиминин жетекчилери!

Эсиңерде болсун. Россия жалгыз эмес! Кытай, Америка жана Европа мамлекеттери да колонизатор державалар жана алардын коркунучу бири-биринен аз эмес. Максаттары мусулмандардын жана алсыз элдердин канын соруп, аларды ар кандай эзүүгө баш ийдирип, намыссыз жана күчсүз абалга түшүрүп, дайыма жардам сурап тизелеген кулдарга айлантуу. Алар силерди “таштанды чүпүрөк” сыяктуу пайдаланып, элдин абийирин тебелөөгө колдонушат.

Силер канча кызмат кылганыңар менен, алар бир күнү болбосо бир күнү силерди да, Каддафи менен Саддам сыяктуу, курман кылуудан тартынбайт. Андан да жаманы силер Аллахтын каарына кабыласыңар жана бул дүйнөдө да, акыретте да өкүнөсүңөр. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз». (Та-ха сүрөсү, 124-аят).

Ошондуктан ачкөз колонизаторлорго баш ийбегиле! Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ  моюн сунуп, каапырлардын алдында кор болуудан көрө Исламдын урматы менен жашоону тандагыла!

﴿وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Акыйкатта болсо, бардык күч-кудурет Алланыкы, Анын пайгамбарыныкы жана момундардыкы. Бирок мунаафыктар (муну) билишпейт». (Мунафикун сүрөсү, 8-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Өзбекстандагы Маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here