Сисинин Перс булуңуна болгон сапары – колонизаторлордун ролдорду бөлүштүрүүсү
Газа эли 1948-жылдагы Накбадан бери яхудийлердин эң жырткыч чабуулуна туш болуп жатканда, Миср президенти Сиси Катар менен Кувейтти камтыган Перс булуңундагы сейилдөө сапарына чыкты. Бул Миср эли катаал жакырчылыкта жашап, мамлекеттин байлыктары план менен сатылып, карыздар көбөйүп жаткан учурга туш келди. Бул сапарды маалымат каражаттары “эки тараптуу мамилелерди жана экономикалык кызматташууну чыңдоо” деп жар салып жатышат. Бирок, саясий жана шариаттык аң-сезим таразасы менен карасак, бул сапар чыккынчылык жана мусулман өлкөлөрүндөгү Батыштын агенттеринин кызматташтыгы аркылуу колонизаторлук таасирин чыңдоо жана яхудий мамлекети үчүн коопсуздукту камсыз кылуу болуп эсептелет.
Үммөткө эң биринчи ачып берүү керек болгон нерсе “эгемен мамлекеттер” деп аталып жаткан бул түзүмдөрдүн жалгандыгы. Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Катар жана Кувейт чыныгы маанидеги мамлекеттер эмес. Алар Осмон халифалыгы кыйратылгандан кийин Батыш тарабынан атайын түзүлгөн жасалма мамлекетчелер болуп саналат. Бул түзүмдөр Батыштын кызыкчылыктарын коргоочу чеп катары пайда болгон. Ал эми алардын айрымдарын Америка көзөмөлгө алган. Бул дүйнөлүк ири державалар ортосунда ролдорду бөлүштүрүү саясатынын бир бөлүгү. Ошондуктан, Сисинин бул Перс булуңундагы сапары “туугандар жолугушусу” эмес, тескерисинче, бир кожоюнга кызмат кылган кызматкерлердин жолугушуусу болуп саналат. Алар бир кожоюндун көрсөтмөлөрүн бөлүштүрүп аткарышат. Аймактык коопсуздук, Палестина маселесин жок кылуу, менчиктештирүү жана чет элдик инвестицияларды өткөрүү боюнча тапшырмалар негизги багытта.
Сиси Перси булуңуна портторду, завод-фабрикаларды, инфраструктураны жана жерлерди “Мамлекеттик менчик саясатынын документи” деген ат менен аукционго коюп, Мисирден калган байлыктарды сатууга барды. Бул кадам АКШ планынын алкагында жүргүзүлүүдө. Анын максаты Мисирдин экономикасын Батыштын көзөмөлүндөгү булуң өлкөлөрдүн фонддоруна байлап коюу. Ошентип, саясий жана аскерий көзөмөлдөн кийин Мисирге толук экономикалык үстөмдүк орнотуу көздөлүүдө.
Булуң өлкөлөрүнүн ар бир “инвестициясы” Мисир байлыктарына өтө арзан баада ээ болуу гана эмес, өндүрүштүк өлкөнү соода-сатык фермасына айлантуу. Мунун баары Батыш институттарынын көзөмөлүндө жана көрсөтмөсүндө жүргүзүлүүдө. Ал институттар менчиктештирүү саясатын жазып берет жана аны “экономикалык реформалар” деген жалган ураандар менен таңуулоодо.
Сиси элдин пайдасы үчүн экономикалык колдоо издеп жаткан жок. Ал өзүнүн репрессиялык режимин каржылоо жана Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондундагы чогулуп калган карыздарын реструктуризациялоо үчүн акча издеп жатат. Бул үчүн ал Америкага саясий берилгендигин билдирип, аймактагы пландарын аткарууга кепилдик бермекчи.
Ал эми Сиси режимин каржылаган булуң өлкөлөрү бул ишти Мисирге болгон сүйүүдөн эмес, Батыштагы кожоюндарынын буйругу менен аткарышат. Себеби, Сиси алар үчүн Каирде орнотулган ишенимдүү кызматчы. Ал исламды кысымга алуу жана анын саясий маселесин жок кылуу боюнча алардын планын ишке ашырып жатат.
Газада мусулмандардын каны агып жатканда, Сиси Катар менен Кувейтке барып, сапарынын күн тартибинде “Газага жардам берүү” бар экенин айтат. Чынында болсо, анын күн тартибиндеги негизги максат Газадагы мужахиддерди куралсыздандыруу, коопсуздук кызматтары ортосундагы координацияны күчөтүү жана Газаны колдоо үчүн болуучу элдик же аскердик аракеттерди токтотуу. Мунун бардыгы яхудий мамлекетинин коопсуздугун камсыздоо үчүн саясий-коопсуздук чечимди таңуулоо максатын көздөйт.
Сисинин чыныгы ролу чек араларды ачпоону камсыз кылуу, мужахиддерге жеткизбестен, бардык куралдарды тартып алуу жана Газадан түштүктү тосуп, яхудий мамлекетинин коопсуздугун камсыз кылуу. Анын бул жамандыгы эми ачык көрүнүп калды. Бул жөнүндө анын союздаштары болгон яхудийлердин өздөрү ачык айтып чыгышты. Алар Египет ортомчулук кылып, ок атууну токтотуу жана жардам көрсөтүү үчүн каршылык кыймылын куралсыздандыруу талабын койгонун билдиришти. Бул анын ортомчулук баскычынан чыгып, яхудийлердин атынан сүйлөп калганын, алардын каалоолорун билдирип, аларды коргоо үчүн жан үрөп иштеп жатканын далилдейт.
Сиси жана булуң өлкөлөрүнүн башкаруучулары үммөткө жол көрсөтүүчү лидерлер эмес, колонизаторлордун кызыкчылыгын коргогон кызматчылар. Аларга Газадагы кандын төгүлүшү, Мисирдеги элдин азабы, мусулмандардын жакырчылыгы эч мааниге ээ эмес. Алардын жалгыз максаты, Батыштын ыраазылыгына жетишүү жана өз тактыларын сактап калуу.
Бул сапар АКШ түзүп жаткан “регионалдык альянс” долбоорунан бөлөк иш эмес. Бул долбоор яхудий мамлекетин аймакка интеграция кылууга, аны лидер кыла турган коопсуздук альянсын түзүүгө багытталган. Бул альянска Мисир, булуң өлкөлөрү, Иордания жана Палестина кирип, бул кадам “Иран коркунучуна каршы туруу” деген шылтоо менен жасалууда.
Ислам үммөттөн бир мамлекетти, бир халифаны жана бир армияны талап кылат. Ал эми бүгүнкү улуттук мамлекеттер шариат боюнча жараксыз түзүмдөр. Алар үммөттү эмес, Сайкс-Пико келишимин жана оторчулардын чечимдерин гана чагылдырат.
Эй Мисир калкы! Исламга жардам берүү бул башкаруучулардан эмес, үммөттүн өз колунан келет.
Эй Кинана эли! Сисиден, булуң мамлекеттеринин башкаруучуларынан же башка мусулмандардын башкаруучуларынан Исламга жардам күтпөгүлө. Анткени алар колонизаторлордун шаймандары, биздин жерлердеги кызматчылары жана биздин динге каршы согушунда алардын аскерлери. Кутулуу булардын бут алдынан эмес, үммөттүн билек күчүнөн жана армиясынан келет. Эгер алар кайрадан өз байлыгы менен Аллага жана Анын Элчисине ﷺ берилсе жана халифалык долбоорун чын ыклас, аң-сезим жана көрөгөчтүк менен колдогон ак ниет жетекчиликке баш ийсе гана бул жеңиш мүмкүн болот.
Эй Кинана эли! Эй сахабалар менен таабийндердин урпактары! Эй ыйман жана жихад жери болгон Мисирдин уул-кыздары! Билип коюңуздар! Сиси Мисирди жана анын элинин эмес, анын душмандарынын өкүлү. Ал Кэмп-Дэвидде Мисирди сатып жибергени, эл аралык валюта фондунун алдындагы көз карандылык менен чечимдерди жоготкону, армияны Байтул-Макдисти бошотууга эмес, яхудий мамлекети үчүн чек араны коргоого пайдаланганы менен Мисирге чыккынчы болуп калды. Анын айла-амалдарына, калптарына алданып калбагыла. Мисир кедей эмес! Анын байлыгы талап-тонолуп, Батыштын кызыкчылыгына иштеп жатат. Ал эми анын байлыктары Перс булуңундагы фонддорго Вашингтондун буйругу менен сатылып жатат.
Ал эми силер, эй Мисир армиясынын офицерлери жана жоокерлери! Кечээки ансарлардай болууга макул эмессиңерби? Нусраттын урматына жетүүнү самабайсыңарбы? Даават көтөрүп жүргөндөргө халифалыкты орнотуу үчүн жардам берүү Аллах Тааланын силерге жүктөгөн парзы. Силер бүгүн эки жолдун кесилишинде турасыңар. Же колонизатордун куралы бойдон калып, алардын кызыкчылыгына кызмат кылуу же кайрадан Аллахтын аскери болуп, жерди бошотуп, нурду көтөрүп чыгуу.
﴿وَاللهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾
«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф сүрөсү, 21-аят).
Устаз Саид Фадл
Роя гезити