Матрухтагы трагедия: Мамлекет каршылык кылуу үчүн шариат менен баалуулуктарды тебелеген учур!

25
0

Басма сөз баянаты

Матрухтагы трагедия: Мамлекет каршылык кылуу үчүн шариат менен баалуулуктарды тебелеген учур!

Матрухта мусулмандарды учурда күчкө таянып башкарып жаткан улуттук мамлекеттин абалын чагылдырган кош кылмыш жасалды. Бул окуя учурдагы башкаруу системасы менен Ислам өкүмдөрү жана өлчөөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылыкты даана көрсөттү. Окуяда үч полиция кызматкери өлтүрүлгөн соң аймакта чыңалуу күчөдү. Андан кийин уруулар кепилдик берип, эки жаш жигит ыктыярдуу түрдө өзүн тапшырышкандан кийин өлтүрүлдү. Мунун артынан басып кирүүлөр, камоолор болуп, аялдарга чейин кармалып, мамлекеттин коопсуздук органдары элди душман катары көрөрүн жана аларды күч жана кордоо менен баш ийдирүү керек деген түшүнүктө экенин айгинеледи.

Аялдарды кармоо кечирилгис кылмыш, муну Абу Жахил да кылмак эмес. Бул окуяда коомду эң катуу таң калтырганы коопсуздук күчтөрү тарабынан издөөдөгү адамдардын жакындарынан болжол менен 23 аялдын кармалышы болду. Бул табиятка каршы келген, уруулар арасында салт-санааны тебелеген жана Исламдын ачык өкүмдөрүн бузган кылмыш. Анткени, Ислам аялдарга кол тийгизүүдөн катуу кайтарган, аларды коргоону мамлекеттин эң негизги милдеттеринин бири деп эсептеген. Мисалы, Пайгамбарыбыз ﷺ  бир муслима аялдын абийири төгүлгөнү үчүн Бану Кайнука яхудийлерин Мадинадан сүрүп чыгарган. Ошондой эле, халифа Мутасим туткунга түшкөн бир аял: «Йа Мутасим!», – деп кыйкырганда, аны куткаруу үчүн чоң армияны баштап, Рум шаарын фатх кылган.

Демек, аялдарды күрөөгө алуу үчүн колдонгон мындай мамлекет кандай мамлекет?! Бул көрүнүш коопсуздук органдарынын укуктук жана саясий жактан ахлагы жоголгонунан кабар бербейби? Алар ыйыктыкты да, шариат өкүмдөрүн да тоготушпайбы?

Бул маселедеги шариаттын өкүмү ачык: кылмышы так далилденмейин эч кимди кармоого болбойт. Ал эми жөн гана туугандык байланышы үчүн кармоо ачык зулумдук. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«اتَّقُوا الظُّلْمَ فَإِنَّ الظُّلْمَ ظُلُمَاتٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Зулумдан сактангыла, анткени зулумдук Кыямат күнү караңгылыкка айланат».

Өлтүрүлгөн эки жигит (Юсуф ас-Сархани менен Фараж ал-Фазари) уруулар аралык ортомчулук аркылуу өз эрки менен бийликке тапшырылган эле. Бул көрүнүш элдин тынчтык жолу менен чечүүгө жана сабырдуулукка ишенерин көрсөткөн. Бирок мамлекет берилген аманатка жана келишимге бекем турбай, кийинчерээк бул эки жигит “окуя маалындагы атышууда өлтүрүлдү” деп жарыялады. Бирок бул расмий билдирүү эч кимди ынандырган жок. Тескерисинче, элдин ачуусун келтирди. Жергиликтүү тургундар бул ишти ачык чыккынчылык катары баалашты.

Шариат боюнча, өзүн өзү бийликке тапшырган адамды өлтүрүү чоң күнөөлөрдүн жана оор кылмыштардын катарына кирет. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«الْمُسْلِمُونَ عَلَى شُرُوطِهِمْ إِلَّا شَرْطاً أَحَلَّ حَرَاماً أَوْ حَرَّمَ حَلَالاً»

«Мусулмандар өз келишимдерине бекем турушат, бирок арамды адал кылган же адалды арам кылган келишимдерде эмес».

Эгер адамга жазуу түрүндө болбосо да, кыйыр түрдө коопсуздук берилсе, ага кол салууга болбойт. Тескерисинче, шариатка ылайык түрдө тергөө жүргүзүлүшү керек, ал эми жашыруун түрдө өлтүрүү бул чыккынчылык жана зулумдук. Эгер мамлекет өз эли менен болгон убадасына турбаса, анда ишеним кайда калат?!

Исламдагы мамлекет күчкө таянган, элди коркуткан полициялык режим эмес. Бул кайгылуу окуялар Мисирдеги коопсуздук күчтөрүнө таянган улуттук мамлекет менен Ислам мамлекетинин ортосундагы терең айырманы көрсөттү. Ислам мамлекети элди коркутпаган, тескерисинче, алардын иштерин адилеттүү башкарган мамлекет. Ал элдин коопсуздугун камсыздайт, алардын ар-намысын урматтайт, кан төгүүнү эмес, канды сактоону көздөйт. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«الإِمَامُ رَاعٍ وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Имам — башчы, ал өз кол астындагылардан жооптуу».

Бул хадис мамлекет элди зомбулук менен эмес, шариат өкүмдөрүнө ылайык адилеттүү башкарууга милдеттүү экенин көрсөтөт. Элди “коопсуздук” же “мыйзам үстөмдүгү” деген шылтоо менен эзүүгө Исламда орун жок.

Бүгүнкү күндө үстөмдүк кылган режимдер Исламды башкаруу жана түзүм катары четке кагып, анын ордуна адам тарабынан жазылган мыйзамдарды жана конституцияларды кабыл алышкан. Мунун натыйжасында зулум мыйзамдашты, киши өлтүрүү адаттагы көрүнүшкө айланды, ыйык нерселер тебеленди, аялдар күрөөгө айланды, ал эми келишимдер элдин көзүнчө бузулууда.

Матрухтагы уруулар, айрыкча уруулар кеңеши өткөндөн кийин бийлик менен кызматташуудан баш тартышкан позициясы табигый аң-сезимден келип чыккан. Анткени, ар-намыс баарынан жогору турат, акыйкаттан баш тартууга болбойт. Бирок бул табигый намыс жана кыжырдануу, убактылуу туйгу менен эмес, шариат түшүнүгү менен байланышы керек. Болбосо ал убактылуу реакция бойдон калат. Эгер кимдир бирөө ар-намысты коргогусу келсе, зулумду токтотууну, аялдарды коргоону жана кылмышты тыйгысы келсе, билиши керек: мунун баарын ишке ашыруунун бирден-бир жолу Исламды турмушта толук колдонгон мамлекетти тикелөө аркылуу мүмкүн.

Бул ар бир мекемесин шариат өкүмдөрүнө баш ийдирген, курал-жаракты Аллахтан коркпогон колго карматпай турган жана полиция режимине чекит коюп, полицияны эсепке тарткан, жер үстүндө адилеттикти орноткон Халифалык мамлекети. Кылмышты иликтөөнү талап кылуу жетишсиз, анткени зулум режимдеринин алдында адилеттүлүктү орнотуу мүмкүн эмес.

Кээ бир адамдар эки жигиттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу иликтөө ачылышын талап кылып жатышат. Бирок суроо туулат: кылмышты жасаган бийликтен кандай адилеттик күтүлөт?! Өз ортомчуларын да урматтабаган мамлекеттен кандай чындык табылат?! Проблеманын өзү пайда кылган тараптан  чечим да, калыстык да күтүлбөйт.  Шариат бизден убактылуу оңдоолорду эмес, түп тамырынан өзгөртүүнү талап кылат. Анткени бул бузук система эч нерсени оңдобойт, тескерисинче, зулумду “мыйзам үстөмдүгү” деген ат менен узартат.

Эми Матрух эли, Мисир эли жана бүтүндөй үммөт аңдап жетиши керек. Бул кайра-кайра кайталанган зулумдардын, себепсиз киши өлтүрүүлөрдүн, ар-намыстардын тебеленишинин чыныгы себеби, Аллах түшүргөн нерсе менен башкаруунун жоктугу жана башкарууда Аллахтын өкүмдөрүнүн ордуна бийликтин гана кызыкчылыгын көздөгөн, секулярдык мыйзамдарга таянган башкаруу системасы экендиги.

Ар-намысты сактоо, адилеттүү өч алуу, жана чыныгы абийирге жетүүнүн жолу — Пайгамбарлык жолундагы Халифалык мамлекетин куруу. Бул мамлекет элдин динин, жанын, ар-намысын, жана мал-мүлкүн сактаган, бийликти коопсуздук түзүмдөрүнүн колуна эмес, үммөттүн өзүнө берген, элди “кармоо” эмес, камкордук кылуу менен башкарган мамлекет болот.

Андыктан, Матрухтагы бул кайгылуу окуя үммөт үчүн чыныгы өзгөрүүгө түрткү болсун! Исламга татыктуу ордун, мусулмандарга кадыр-баркын, аялдарга ыйыктыгын жана келишимдерге сыйлуулугун кайтаруучу Халифалыкты куруу жолунда олуттуу аракетке үндөсүн!

Бул кылмыштын жоопкерчилиги болсо күчкө таянган режимдин мойнунда. Биз үммөттү эскертебиз, адилеттикти, ыйыктыкты сактоо, кан төгүүнү токтотуу Ислам мамлекети, Пайгамбарлык жолундагы Халифалыктын көлөкөсүндө гана мүмкүн болот. Бул мамлекет Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм жүргүзөт, мусулмандардын ар-намысын жана канын сактайт жана алардын душмандарын коркунучка салат.

Аллах Таала айтты:

﴿وَمَن يَقْتُلُ مُؤْمِناً مُتَعَمِّداً فَجَزَاؤُهُ جَهَنَّمُ خَالِداً فِيهَا وَغَضِبَ اللهُ عَلَيْهِ وَلَعَنَهُ وَأَعَدَّ لَهُ عَذَاباً عَظِيماً﴾

«Ким атайылап бир момунду өлтүрсө, анын жазасы тозок, ошол жайда түбөлүк калат. Дагы ал Алланын азабына жана каргышына дуушар болот. Алла ал үчүн чоң азапты даярдап койгон». (Ниса сүрөсү, 93-аят)

Хизб-ут-Тахрирдин Мисир вилаятындагы Маалымат бөлүмү

14.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here