Йемендеги тирешүүнүн дагы бир айлампасы Хадрамавтта

12
0

Басма сөз баянаты

Йемендеги тирешүүнүн дагы бир айлампасы Хадрамавтта

2025-жылдын 12-апрелинде, ишемби күнү, Амр бин Хубрейш ал-Алий жетектеген Хадрамавт урууларынын союзу Хадрамавттагы уруулардын жана коомдун ар кандай катмарларынын катышуусунда өткөн кеңири жыйынынан кийин билдирүү жарыялады. Бул билдирүүдө союз Хадрамавт үчүн автономдуу башкарууну талап кылып, аймак үчүн күрөшүп жаткан башка тараптарга баш ийбөөнү шарт катары койду. Ошондой эле, Хадрамавтты коргой турган уруулук күч түзүмүн түзүү зарылдыгы айтылып, Сауд Арабиясынын бул аймакка көрсөткөн колдоосу баса белгиленип, электр энергиясы маселесин чечүү боюнча чакырык жасалды.

Йеменде жалпы жана Хадрамавтта өзгөчө байкалган саясий кырдаалды талдасак, бул билдирүү менен жыйын Хадрамавт уруулар союзу каршы чыгып жаткан саясий тирешүүнүн кезектеги баскычы экенин көрсөтөт. Бул жагдайды төмөнкү фактылар тастыктайт:

  1. Хадрамавт уруулар союзунун жетекчиси Амр бин Хубрейш акыркы тогуз жылдан бери Хадрамавт облус губернаторунун биринчи орун басары кызматын аркалап келет. Анын билдирүүдө айткан Хадрамавттагы оор абалы дал ошол мезгил ичинде, башкача айтканда, анын башкарууга түздөн-түз катышуусу маалында жаралган. Демек, союздун учурдагы сындаган көрүнүштөрү анын башкаруусунун натыйжасы.
  2. Союз тарабынан Хадрамавт үчүн коюлуп жаткан талаптар Түштүк өткөөл кеңеши (СТК) тарабынан мурда жарыяланган талаптар менен дал келет. Бирок аталган кеңеш түзүлгөндөн бери, Аден жана анын көзөмөлүндөгү аймактарда элдин турмушу жакшыра элек. Калк мурдагыдай эле оор шарттарда жашоодо жана жарыяланган убадалардын эч бири ишке ашкан эмес.
  3. Хадрамавт уруулар союзунун билдирүүсүндө башка өлкөлөргө көз каранды болуу жана тышкы байланыштар сындалганы менен, дал ушул союз өзү ошондой саясатты жүргүзүүдө. Атап айтканда, союздун жетекчиси Амр бин Хубрейш өткөн Рамазан айынын аягында күтүүсүз түрдө Сауд Арабиясына барып, ал жерде коргоо министри жана Йемен маселеси боюнча жооптуу расмий адам Халид бин Салман менен жолуккан. Бул Сауд Арабиясынын союздун жүрүшүнө таасир тийгизүү аракетинин бир бөлүгү.

Салмандын бийлиги тушунда Сауд Арабия Йеменге ар кандай жолдор менен кирүү аракетин көрүп, Британиянын таасирин сүрүп чыгып, анын ордуна АКШнын таасирин орнотууга умтулуп жатат. АКШнын Хадрамавтка кызыгуусу бүгүн эле эмес, мурда башталган. АКШнын учурдагы элчиси Стивен Фейген акыркы 6 айдын ичинде Хадрамавтка үч жолу барган. Ага чейин АКШнын Йемендеги мурдагы элчиси Стивен Сеш (2007–2010-жж.) мындай деп билдирген: “Хадрамавт өз алдынча мамлекет болуш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ”.

Ошондуктан, бул билдирүү аймактык (Саудия менен БАЭнин) тирешинин бир формасы. Бирок анын артында Батыштын, тактап айтканда, АКШ менен Британиянын Хадрамавт үчүн күрөшү турат. Хадрамавт Йемендеги эң маанилүү аймактардын бири болуп саналат. Анын чоң аянты (193 миң чарчы чакырымга жакын) жана бай жаратылыш ресурстары аны өзгөчө маанилүү аймакка айлантат.

Бул күрөш жергиликтүү күчтөрдүн колу менен жүргүзүлүүдө, бирок ага катышып жаткан тараптардын эч бири элдин кызыкчылыгы же муктаждыктары тууралуу ойлобойт. Болбосо, бул согуш бүгүнкү күнгө чейин уланып, Йемендин мусулмандарын канга бөлөмөк эмес.

Хадрамавт жана анын мунай байлыгы тууралуу ураандарга алданып калбагыла. Бул ураандар түштүк Йемендеги элге “түштүктүн байлыгы жана жакшылыгы” деген сөздөр менен элди ошол эле ыкма аркылуу кайрадан алдап жатышат.

Бүгүн бизди башкарып жаткандар тирешип жаткан күчтөрдүн куралы гана. Алар көйгөйдүн бир бөлүгү болуп эсептелет жана алардан чечим күтүүгө болбойт. Бул чакырык жана ушуга окшогон Хадрамавт, түштүк же Ал-Махра сыяктуу улуттук же аймактык негизде курулган бардык чакырыктар Ислам дини жокко чыгарган жахилият доорунун чакырыктары болуп саналат.

Мындай чакырыктар мусулмандарды бөлүп-жаруу жана аларды исламдан башка негиздерде бири-бири менен тирешүүгө түртүү максатын көздөгөн Батыштын долбоорлору. Тилекке каршы, айрым мусулмандар шайтандын ушул долбоорлорунун куралы болуп, мусулмандардын бири-бири менен согушушуна кызмат кылып жатышат. Ал эми шариат боюнча мусулмандар өз динин жана үммөтүн коргоо үчүн биригүүсү шарт. Бул биригүү Исламдын башкаруусу алдында гана ишке ашат. Ал эми Батышка түз же кыйыр түрдө баш ийген мамлекеттердин башкаруусунда мындай биримдик болбойт.

Оо Йемен калкы!

Биз, Хизб ут-Тахрир, силерге дагы бир жолу кайрылабыз: силердин жана жалпы мусулмандардын бардык көйгөйлөрүнүн чечими Ислам жана анын мамлекетинде. Тактап айтканда, Халифалык мамлекетинде гана. Халифалык Исламдагы жалгыз туура башкаруу формасы. Бул мамлекет силердин урматыңарга жана бейпил турмушуңарга жол ачат жана бул дүйнөдө да, акыретте да куткарылуунун жолу болуп саналат. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكاً وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى﴾

“Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда албетте, ал үчүн тар-бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат Күнүндө көр (сокур) абалда тирилтебиз”. (Та-ха сүрөсү, 124-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Йемен вилаятындагы Маалымат бөлүмү

16.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here