Лондондо өткөн Судан боюнча конференция ийгиликсиз аяктады

28
0

Басма сөз баянаты

Лондондо өткөн Судан боюнча конференция ийгиликсиз аяктады

2025-жылдын 15-апрелинде шаршемби күнү Судан боюнча Лондондо өткөн эл аралык конференция жыйынтыктоочу билдирүүсүз аяктады. Бул тууралуу 16-апрелде “Индепендент Арабия” гезити кабарлады. Гезиттин жазышынча, жыйынтыктоочу билдирүүнүн болбой калышына айрым араб өлкөлөрүнүн (Сауд Арабиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары) ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон.

Бул конференцияны Британия өзү уюштуруп, ага Европа өлкөлөрүн, АКШны, айрым араб жана африкалык мамлекеттерди, БУУну, Араб Лигасын, Африка Биримдигин жана ИГАД уюмун чакырып, бул иш-чараны Судандагы кризисти чечүү үчүн өткөрүлгөн глобалдык саммит катары көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок бул конференциянын чыныгы максаты менен кырдаалдын чыныгы мүнөзүн түшүнүү үчүн төмөнкү фактыларга көңүл буруу керек:

Биринчиден: Британия Судандын жана анын элинин тагдырына күйүп жаткандыктан эмес, АКШдан Суданда таасир талашуу алкагында бул конференцияны өткөрдү. Бул тиреш 2019-жылы Судандагы революциянын натыйжасында, АКШнын колдоосу менен турган “Куткаруу режими” кулатылгандан кийин ачык көрүнө баштады. Андан бери окуялар Британия менен Американын тикелей атаандаштыгын көрсөтүп келет. Өзгөчө, “пландуу макулдашууну” (الاتـفـاق الإطـاري) жокко чыгарууга багытталган аскерий кагылыштар бул өлкөнүн таасири Британияга өтүп кетпеши үчүн жүргүзүлгөн күрөштүн бир бөлүгү болуп саналат.

Экинчиден: Согуш башталгандан бери Британия АКШнын Судандагы долбоорлоруна тоскоолдук кылууга аракет кылып келет. Бул аракеттер саясий деңгээлде, Британияга таандык күчтөр аркылуу жасалып келет. Мурда “Эркиндик жана өзгөрүү күчтөрү” аркылуу, кийин “Тең координация”, акыркы мезгилде “Сумуд”  деп аталган уюмдар аркылуу жүргүзүлдү. Бирок бул аракеттер ийгиликсиз болду. АКШ Британияга жакын болгон жарандык лидерлерди дискредитациялап, коомдук пикирде алардын аброюн түшүрө алды. Ошондой эле “пландуу макулдашуу” да жоголуп, ал жөнүндө өз тарапкерлери да унчукпай калышты.

Британия бул жеңилүүдөн кийин токтоп калган жок жана Лондондогу конференция анын кезектеги саясий аракети болду. Ал бул аракетин калкка каршы “Кошумча Колдоо Күчтөрү” (RSF) жасап жаткан зулумдуктарды негиз катары көрсөтүү менен актай баштады. Айрыкча, жакында Дарфур аймагынын борбору Фашер шаарында, өзгөчө Замзам сыяктуу ички качкындар жайгашкан лагерлерде болгон окуяларды Британия шылтоо кылып, конференциянын максаты катары көрсөтүүдө.

Үчүнчүдөн: АКШ Судандагы саясий чечим тууралуу эч кандай демилгеге өз көзөмөлүсүз уруксат бербейт. Ал согушту токтотууга да максатына жетмейинче жол ачпайт. Бул максаты дээрлик аяктоо алдында турат. АКШ өз колу менен баштаган бул согуштун жемиштерин Британияга ыраа көрбөйт. Ошондуктан, АКШ өзүнүн аймактагы өнөктөштөрү болгон Египет менен Сауд Арабиясына Лондон конференциясын үзгүлтүккө учуратуу тууралуу тапшырма берди.

Чынында эле араб өлкөлөрү Судандагы ок атышууну токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү үчүн байланыш тобун түзүү боюнча бирдиктүү билдирүүгө кол коюудан баш тартышты. Египет, Сауд Арабиясы жана БАЭнин өкүлдөрүнүн жыйын бүткөнгө чейин бул билдирүү боюнча уланган кайчы талашуулары дал ушул саясий оюндардын мисалы болуп калды.

Бул көрүнүштү Британиянын Тышкы иштер министрлиги да таанууга аргасыз болду. 2025-жылдын 16-апрелинде “Монте Карло” радиосунун маалыматына ылайык, министрлик төмөнкүдөй билдирүү жасаган: “Саясий жолду улантуу боюнча келишимге жетишилбей калганына өкүнөбүз”. Ал муну менен жыйынтыктоочу билдирүүнүн жоктугун моюнга алды.

Жыйынтыктап айтканда, биз Хизб ут-Тахрир / Судан вилаяты, бул каргашалуу согуш башталган күндөн тартып, ал тургай согуштан мурда эле, Судан элин бул согуштун аркасында жаткан англия-америка тирешүүсүнүн кесепеттери тууралуу эскертип келгенбиз. Бүгүн окуялар улам-улам ачыкка чыгып, айткан сөздөрүбүздүн чындыгы тастыкталып жатат.

Биз дагы бир жолу Судандын ыкластуу уулдарыбызга кайрылабыз! Суданды колонизатор күчтөрдүн тиреш майданына айланткан жетекчилерди токтоткула. Алардын жүзүн ачкыла, жана үммөттүн өз жобосу болгон, каапыр колонизаторлордун колун кесе турган, Суданды көтөрө турган жана аны өзгөртө турган долбоорду кабыл алгыла.

Бул пайгамбарлык минхажы негизиндеги Рошид Халифалык долбоору. Ал колонизаторлорго көзкарандылыктан куткаруунун жалгыз жолу, бул дүйнөдөгү улуулукка, Аллахтын ыраазылыгына жана акыреттеги урматка алып баруучу жалгыз жол. Алла Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا للهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾

“Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла”. (Анфал сүрөсү, 24-аят).

Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы Маалымат бөлүмү

18.04.2025

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here